Японияда жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду

Японияда жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду

Японияда жалгыз адамдардын суицидке баруусунун алдын алуу үчүн жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызматы пайда болду. Бул тууралуу “Кyodo” агенттиги региондордун турмуштук аракеттерин калыбына келтирүү министри Тэцуси Сакамотого шилтем берип кабарлады. “Ir.Sputnik” агенттигининин маалыматына ылайык, 12-февралда өлкөнүн премьер-министр Ёсихидэ Суга Сакамото менен жолугушуп, ага өзүнүн кызматын жалгыздык маселеси боюнча министрдин кызмат орду менен айкалыштырууну тапшырган. Сакамотонун айтымында, премьер-министр мындай чечимди суициддердин көбөйүшүнөн жана коронавируска байланыштуу  башка көйгөйлөрдөн улам кабыл алган. 2020-жылы Японияда акыркы 11 жылда биринчи жолу суицидке баргандардын саны өскөн. Бул…

Прочитайте больше

АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШ Сириянын ири мунай майданына аэропорт куруп жатат

АКШга байланыштуу сириялык күрттөрдүн куралдуу топтору Вашингтон жетектеген коалиция Сириянын Аль-Омар мунай майданына аэропорт куруп жаткандыгын билдиришти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын маалымат булактары АКШ жетектеген коалиция Сириянын мунайга бай аймактарында жаңы аэропорт куруп жаткандыгын маалымдашты. Бул кабарды маалымат булактары АКШ колдогон күрттөрдүн күчтөрүнө тиешелүү “Хажин” аскердик кеңешине шилтеме берип билдиришти.Аль-Омар мунай майданы Сириянын ири мунай майдандарынын бири болуп саналат жана Дейр-эз-Зор провинциясынын “Аль-Жазира” чөлүндө жайгашкан.Сириянын мунай кендеринин көпчүлүгү өлкөнүн түндүк-чыгышында, Дейр-эз-Зор жана Аль-Хасака провинцияларында…

Прочитайте больше

2020-жылы согуштан улам 380 миң ооган жер которгон

2020-жылы согуштан улам 380 миң ооган жер которгон

2020-жылы Ооганстанда АКШ баштаган согуштун кесепетинен 380 миң адам жер которууга аргасыз болгон. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык маселелер боюнча бюросу (OCHA) качкындардын көпчүлүгү балдар жана коопсуздугу жок Кундуз, Кандагар, Нангархар, Кунар жана Гильменд провинцияларынын тургундары экенин билдирди.АКШ 2001-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан согуш Ооганстандын бардык 34 провинцияларында өкмөттүк күчтөр менен Талибан жана террордук топтордун ортосунда уланып келе жатат жана америкалык аткаминерлер ушул согуштун сазына батышты. Учурда АКШ өзүн саздан куткарыш үчүн өлкө элин…

Прочитайте больше

БУУ: Йеменде 400 миңдей бала жетишсиз тамактануудан улам өлүм коркунучунда турат

БУУ: Йеменде 400 миңдей бала жетишсиз тамактануудан улам өлүм коркунучунда турат

Бириккен Улуттар Уюму кечээ, жума күнү беш жашка чейинки 400 миңге жакын йемендик балдар жетишсиз тамактануудан улам өлүм коркунучунда тургандыгын эскертти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, БУУ кеминде 2,3 миллион бала жетишсиз тамактануу боюнча олуттуу тобокелдикке туш болгонун баса белгиледи.Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк Азык түлүк программасынын өкүлү Дэвид Бисли:“Бул статистика йемендиктерге керек болгон жардамдын бир бөлүгү. Жетишсиз тамактанган ар бир бала – бир үй-бүлө жашоо үчүн күрөшүп жаткандыгын билдирет”, – деди.Начар тамактануудан улам өлүм коркунучунда турган йемендик…

Прочитайте больше

ДССУ: коронавирус антителолорго карабастан жугушу мүмкүн

ДССУ: коронавирус антителолорго карабастан жугушу мүмкүн

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамда антителолор болгонуна карабастан коронавирусту кайрадан жуктуруп алуу мүмкүн экенин билдирди. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, ДССУнун окумуштуусу Сумия Сваминатан жума күнү брифингдерде: “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вируска антителолор болгонуна карабастан, COVID-19дун жаңы түрлөрү менен кайрадан ооруп калуу мүмкүн экени боюнча маалыматка ээ”, – деди.“Учурда бизге вирустун жаңы түрү кайрадан жуккандыгы жөнүндө билдирүүлөр келип түшүүдө жана Түштүк Африка Республикасынан келген маалыматтарга караганда, буга чейин коронавирустан айыккан адамдар кайрадан жуктуруп алышы мүмкүн”, – деп баса…

Прочитайте больше

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 28 миллионго чукулдады

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 28 миллионго чукулдады

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 27 млн. 898 миңге жетип, каза болгондордун саны 483,200 адамды түздү. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө коронавирустан курман болгондордун санын жарыялаган World Miters веб-сайты Америка Кошмо Штаттарында  KOVID-19 вирусунун көрсөткүчү дагы деле жогору экенин жазган.World Miters сайтынын маалыматы боюнча, вирусту жуктуруп алгандардын акыркы саны 27 897 214, ал эми жабыркагандардын саны 483 200гө чейин көбөйгөн. Бул веб-сайтты билдиргендей, Америка Кошмо Штаттары коронавирус оорусу жана анын курмандыктарынын саны боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн сап…

Прочитайте больше

Иракта Түркиянын жаңы аскердик операциясы башталды

Иракта Түркиянын жаңы аскердик операциясы башталды

Түркия кечээ, шаршемби күнү Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан Жумушчу партиясынын (ПКК) базаларына каршы жаңы аскердик операция башталганын жарыялады. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.Түркиянын Коргоо министрлиги өз билдирүүсүндө Ирактын Кара районунда “Бүркүттүн тырмагы 2” деп аталган жаңы операция башталганын жана Анкара террордук уюм деп эсептеген Күрдистан Жумушчу партиясынын күчтөрү чоң жоготууларга учураганын билдирди.Түркиянын Коргоо министрлиги операция “Түркиянын террордук чабуулдарга жооп катары өзүн-өзү коргоо укугуна жана чек араларынын коопсуздугун камсыз кылууга” негизделгенин билдирди.Белгилей кетсек, Түркия буга чейин Багдад өкмөтүнүн…

Прочитайте больше

Ооганстанда 2 миллиард долларлык аэропорт курулуп жатат

Ооганстанда 2 миллиард долларлык аэропорт курулуп жатат

Ооганстандын авиация башкармалыгы Кабулдун түштүк тарабында 2 миллиард долларга бааланган өлкөдөгү эң ири аэропорттун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу “IRNA” МА кабарлады. Ооганстандын улуттук телекөрсөтүүсү жаны аэропорт Логар провинциясындагы “Мухаммад Ага” шаарында 2035-жылга чейин ооган өкмөтүнүн эсебинен куруларын жарыялады. Өлкөнүн авиация башкармалыгынын жетекчиси жаңы аэропорт эл аралык аэропорттун бардык керектүү шарттары менен курула тургандыгын жана анын курамына жылына кеминде 10 миллион жүргүнчүнү өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар эл аралык жүргүнчү терминалы кирерин билдирди. Учурда Ооганстандагы эң маанилүү…

Прочитайте больше

ДССУ коронавирустун жаңы түрлөрү жайылып жатканын билдирди

ДССУ коронавирустун жаңы түрлөрү жайылып жатканын билдирди

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы түрлөрү чыгышы күтүлүп жаткандыгын, анткени вирустар дайыма өзгөрүп турарын билдирген. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бүгүн, шаршемби күнү коронавирустун Түштүк Африкада (501Y.V2), Бразилияда жана Японияда (P.1) табылган түрлөрүнүн географиялык жактан жайылышы кеңейгенин жарыялады.Биринчи жолу Улуу Британияда аныкталган коронавирустун жаны түрү (VOC-202012/01) өткөн жумада дагы алты мамлекетте табылып, жайылган өлкөлөдүн саны 86га жетти. Вирустун “501Y.V2” түрү 8-февралга чейин 44 өлкөдө табылган болсо, өткөн апта ичинде дагы 3…

Прочитайте больше

Мароккодогу жашыруун фабрикада кеминде 28 адам каза болду

Мароккодогу жашыруун фабрикада кеминде 28 адам каза болду

Мароккодо нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкыны бир топ адамдардын өмүрүн алып кетти. Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Марокконун түндүгүндөгү Танжер шаарындагы мыйзамсыз текстиль фабрикасын сел каптап, кеминде 28 жумушчу каза болду.Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өлкөнүн коопсуздук органдарына шилтеме берип, суу каптаган фабрика турак үйдүн жер төлөсүндө жайгашканын жазышты. Белгилей кетсек, Мароккодо тынымсыз нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып кеткен. Жер төлөөдө жайгашкан фабрикадан он жумушчу куткарылып, ооруканаларга жеткирилген, алардын өмүрүнө коркунуч жок. Каргаша болгон учурда заводдо канча…

Прочитайте больше

Танзаниядагы белгисиз оору 15 адамдын өмүрүн алды

Танзаниядагы белгисиз оору 15 адамдын өмүрүн алды

Танзанияда белгисиз инфекциядан улам 15 адам каза болуп, 50дөн ашууну ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The Mirror” басылмасына шилтеме берип  жазды. Маалыматка караганда, кан кустурган табышмактуу оору азыркы тапка чейин 15 кишинин өмүрүн алды. Белгисиз инфекцияга кабылган адамдардын башы ооруп, кусуп, кан кусууда. Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү эркектер, алар буга чейин боор оорулары менен жабыркаган. Танзаниянын ички иштер министри кырдаалдын масштабын баалоо үчүн эпидемиялык жайга бир нече эксперттер жиберилгенин жарыялады. Буга окшош оору 2018-жылы Танзаниянын батышында катталып,…

Прочитайте больше

БУУ: 2020-жылы Түндүк Корея ракеталык жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти

БУУ: 2020-жылы Түндүк Корея ракеталык жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти

БУУнун жашыруун отчетунда Түндүк Корея эл аралык санкцияларга карабастан, акыркы бир жыл ичинде баллистикалык жана өзөктүк ракета программалары боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги көрсөтүлгөн. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги билдиргенин «Fars News» агенттиги маалымдады.Бириккен Улуттар Уюму жашырууغ отчетунда Түндүк Кореяны кибер чабуулдар аркылуу 300 миллион доллар уурдады деп айыптап, “Пхеньян 2020-жылы бөлүнүүчү материалдарды өндүрүп, өзөктүк базаларын сактаган жана баллистикалык ракета инфраструктурасын модернизациялаган”, – деп жарыялаган.Бириккен Улуттар Уюмунун санкциялар боюнча мониторингинин жылдык отчету АКШнын президенти Жо Байден кызматка киришкенден бир нече жума…

Прочитайте больше

Индияда мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болууда

Индияда мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болууда

Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатында мөңгү түшүп, 10 киши каза таап, 150сү дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары маалымдашканын “IRNA” МА кабарлады. “India Today” телеканалы билдиргендей, Гималайдан түшкөн мөңгү Уттаракханд штатынын Чамули аймагындагы плотинаны бузуп, суу ташкынына алып келди. Кырсыктан улам жергиликтүү 10 тургун каза болуп, плотинада иштеген 150 жумушчу дайынсыз болууда. Уттаракханд штатынын башкы министри Ом Пракаш бул кырсык тез арада болуп, адамдарды эскертүүгө убакыт жетишпей калганын билдирди. Ал бул окуяда 100-150 адам курман болгон болушу мүмкүн…

Прочитайте больше

Кытайда коронавирус менен ооругандардын саны нөлгө түштү

Кытайда коронавирус менен ооругандардын саны нөлгө түштү

Кытайда жергиликтүү тургундардын коронавирусун жуктуруп алгандардын саны акыркы эки айда биринчи жолу нөлгө түштү.  Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай өкмөтүнүн статистикасы көрсөткөндөй, бул өлкөдө жергиликтүү тургундардын коронавирусун жуктуруп алгандардын саны акыркы эки айда биринчи жолу нөлгө түшкөн.Мындай көрсөткүч Кытайдын эпидемиянын алдын алуу боюнча мыкты жетекчилигин көрсөтүп турат. Билдирүүгө ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде Кытайда коронавирусун жуктуруп алгандардын саны 14тү түздү, бирок алардын бардыгы сырттан келгендер болушкан. Кытай коронавируска биринчи кезекте туш болгон өлкөлөрдүн бири болсо да, аны…

Прочитайте больше

Сириядан Казакстандын 12 жараны кайтарылды

Сириядан Казакстандын 12 жараны кайтарылды

Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте жана АКШнын жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Сириядан казак жарандарынын тобун мекенине кайтаруу операциясын жүргүздү. Бул тууралу “TopPress” маалымат-порталы жазды. Мекенине кайтарылгандардын ичинде 4 эркек, 1 аял жана 7 бала, анын ичинде 2 жетим бала бар. Улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык, террордук аракеттерге катышкан адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жетим балдар жакын туугандарынын кароосуна өткөрүлүп берилет жана мамлекет аларга бардык жардамдарды көрсөтөт. Аял…

Прочитайте больше
1 41 42 43 44 45 47