Иран коргонуу деңгээли боюнча дүйнөдөгү беш ири мамлекеттин катарына кирет

Иран коргонуу деңгээли боюнча дүйнөдөгү беш ири мамлекеттин катарына кирет

Иран парламентинин спикери Мухаммад Бакер Калибаф өлкөсү коргонуу деңгээли боюнча дүйнөдөгү беш ири мамлекеттин катарына кирет деп билдирди. Бул тууралуу “Pars Today” МА кабарлады. Калибаф Шаардык жана айылдык кеңештердин 39-жыйынында Иран Ислам Республикасынын илимий жана коргонуу жаатындагы прогрессине ишара кылып, “Ислам Революциясынын жеңиши жана жаштардын талантын колдонуунун аркасында Иран коргонуу жаатындагы эң ири беш мамлекеттин катарына кирет жана кээ бир башка аскердик жана коргонуу тармактарында  дүйнөдөгү  10 өлкөнүн катарына кирет”, – деп билдирди. Ал ошондой эле Ирандын ракета жана…

Прочитайте больше

Мамдепартамент: АКШнын Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүшкө катыштыгы жок

Мамдепартамент: АКШнын Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүшкө катыштыгы жок

АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркиянын айрым жогорку даражалуу аткаминерлеринин Вашингтондун 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деген айыптоолорун четке какты. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс билдиргенин “Fars News” агенттиги кабарлады. Прайс бүгүн эртен менен беш жыл мурун Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүшкө Вашингтондун тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагып, мындай билдирүүлөр эки тараптуу мамилелерге доо кетирет деп билдирди. “Америка Кошмо Штаттары 2016-жылы Түркияда болгон  төңкөрүш аракетине катышкан эмес жана аны дароо айыптаган. Түркиянын жогорку даражалуу аткаминерлеринин акыркы дооматтары толугу…

Прочитайте больше

Израиль Сирияга абадан сокку урду

Израиль Сирияга абадан сокку урду

Сионист режими шаршемби күнү кечинде Сириянын түштүгүнө абадан сокку урду. «Tasnim News» агенттиги “SANA” агенттигине шилтеме берип, шаршемби күнү кечинде Израилдин согуштук учактары Сириянын түштүгүндөгү Эль-Кунейтра провинциясына кол салышканын билдирди.“SANA” агенттиги Сирия армиясынын абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн түштүк аймагына атылган ракеталарды жерге түшөөрдөн мурун бутага алганга жетишкенин маалымдады.Сириянн айрым маалымат булактары Дамаск эл аралык аэропортунун чет жакалары жана Голан бийиктиктеринин өлкөгө тиешелүү бөлүгү Израиль армиясынын аба соккусундагы негизги буталары болгонун кабарлашты.Сириянын аскердик маалымат булагынын билдирүүсүнө ылайык,…

Прочитайте больше

Мьянмадагы төңкөрүш/Мурунку мамлекет башчылары соттолушат

Мьянмадагы төңкөрүш/Мурунку мамлекет башчылары соттолушат

Мьянмадагы төңкөрүштөн кийин өлкөнүн өкмөт башчысына жана президентине ар кандай айыптоолор тагылды. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Мьянманын өкмөт башчысы Аун Сан Су Чжи менен президент Вин Мьинге ар кандай айыптоолор коюлду жана соттолуу алдында турушат.Кечээ, шаршемби күнү Су Чжи жетектеген “Демократия үчүн Улуттук партиянын” басма сөз катчысы Мьянма соту өкмөт башчыга экспорттук жана импорттук мыйзамдарды бузган деп айып койгонун билдирди.Ошондой эле, өлкө президенти Вин Мьинге каршы дагы иш козголгон. Ал табигый кырсыктарды башкаруу мыйзамын бузду деп айыпталууда.Дүйшөмбү күнү, Мьянманын…

Прочитайте больше

Япония өзөктүк келишим боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн жардам берүүгө даяр

Япония өзөктүк келишим боюнча көйгөйлөрдү чечүү үчүн жардам берүүгө даяр

Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги өлкөсү өзөктүк келишим толук аткарылышы үчүн көйгөйлөрдү чечүүгө “жигердүү дипломатиялык аракеттерди” көрүүгө ниеттенип жаткандыгын жарыялады. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, шейшемби күнү Токиодо өткөн пресс-конференцияда Иран өзөктүк программасы боюнча биргелешкен иш-аракеттердин комплекстүү планы жана Япониянын келишим боюнча позициясы тууралуу билдирди.Тосимицу Мотэги Жо Байдендин өкмөтү өзөктүк келишимдин бардык жоболорун калыбына келтирип, келишимге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды алып саларына үмүт артып жатканын билдирди.Ошондой эле, “Биздин өлкө АКШ менен союздаштыгынын жана Иран менен салттуу жакшы…

Прочитайте больше

“Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет канчага чейин сакталат?

“Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет канчага чейин сакталат?

Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург “Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет канча убакытка чейин сакталарын айтып берди. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Гинцбург “Спутник V” вакцинасын алгандан кийин иммунитет кеминде эки жыл же андан көп убакыт сакталышы мүмкүн деген үмүт бар экенин билдирди. “Lancet” илимий журналы коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасынын натыйжалуулугу 91,6% ды түзгөнүн тастыктады. Гинцбургдун айтымында, вакцина бардык курактык топтордо бирдей натыйжалуулукту көрсөттү. Ал “Спутник V” вакцинасынын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасында олуттуу…

Прочитайте больше

Иран Ислам Республикасынын сот системасы-дүйнөдөгү эң көзкарандысыз система

Иран Ислам Республикасынын сот системасы-дүйнөдөгү эң көзкарандысыз система

Иран Ислам Республикасынын Сот бийлигинин башчысы көз карандысыздыкты Ислам Республикасынын эң чоң байлыгы деп атады. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Сот бийлигинин башчысы Аятолла Сейед Ибрахим Раиси Сот бийлигинин Жогорку Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.Ал, Азирети пайгамбарыбыздын (с.а.в) кызы Фатиманын (р.а) туулган күнүнө туш болгон “Фажр” декадасын да куттуктап жатып мындай деди: “Иран Ислам Республикасынын системасы бүгүнкү күндө бул дүйнөдөгү эң көз карандысыз система. Аллах Таала бул улуу элге жана Ислам Үммөтүнө ушул күндөрдүн берекесин насип кылсын.”Аятолла Сайед Ибрахим Раиси…

Прочитайте больше

Чет элдиктер биринчи жолу БАЭ жарандыгын ала алышат

Чет элдиктер биринчи жолу БАЭ жарандыгын ала алышат

Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги жарандык жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизди. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Бириккен Араб Эмираттарынын бийликтери мыйзамга тарыхый түзөтүүлөрдү кабыл алышты, ага ылайык, чет мамлекеттердин жарандары биринчи жолу өлкөнүн жарандыгын ала алышат.Бул тууралуу Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министри Шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум билдирди“Өлкөнүн Президентинин тапшырмасына ылайык, биз бүгүн мыйзамга түзөтүүлөрдү кабыл алып, инвесторлорго, таланттуу адистерге, илимпоздорго, доктурларга, инженерлерге жана чыгармачыл адамдарга Бириккен Араб Эмирлигинин жарандыгын жана паспортун алууга мүмкүнчүлүк бердик”, – деп билдирет WAM агенттиги…

Прочитайте больше

Брюсселде бычак менен кол салуу болду

Брюсселде бычак менен кол салуу болду

Брюсселдеги бычактуу кол салуудан бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу Mehr News агенттиги Sputnikке шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, 1-февралда кечке жуук Брюсселдеги метродо бычак кармаган бир адам жүргүнчүлөргө кол салып, жарадар кылган.Кийинчерээк, полиция кызматы бул окуя теракт болбогонун жана кол салуучу жеке маселеси менен дос кызын бычактаганын билдирген.Ал эми мурдараак, кол салуудан кеминде 5 адам жабыркаганы маалымдалып, метро жабылганы кабарланган.Эске салсак, окуя Брюсселдеги Gare de l’Ouest  метросунда болуп, белгисиз бир адам аялды тамакка бычак менен урган…

Прочитайте больше

Казакстанда айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдоого уруксат берилди

Казакстанда айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдоого уруксат берилди

Казакстанда автоунаа айдоочулары айдоочулук күбөлүгү жок жүрө алышат. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, жол кыймылынын маселелери боюнча мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөргө республиканын Президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.Белгилеп кетсек, мыйзамдык өзгөртүүлөрдө автоунаа ээлерин айдоочулук күбөлүктү жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгүн өзүндө алып жүрүүгө милдеттендирген ченемдер алынып салынган.Эми жаңы мыйзамга ылайык, унаалардын айдоочулары жеке күбөлүгү (паспорт) менен гана жүрө алышат. Ал эми унаа ээси жөнүндө башка бардык маалыматтарды полиция керектүү маалымат базасы бар планшет аркылуу көрө алат. Мыйзам боюнча ошондой эле айдоочулардан айдоочулук…

Прочитайте больше

Мьянмада аскердик төңкөрүш жасалып, өлкө лидери Аун Сан Су Чжи кармалды

Мьянмада аскердик төңкөрүш жасалып, өлкө лидери Аун Сан Су Чжи кармалды

Жалпыга маалымдоо каражаттары Мьянмада аскердик төңкөрүш жасалып, өлкө лидери Аун Сан Су Чжи кармалганын маалымдашууда. “Ir.Sputnik” МА маалымдагандай, Мьянма армиясы өлкөдө согуш абалын жарыялап, бийликти Мьянманын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Мин Аун Хлаингге бир жылга өткөрүлүп берилгенин жарыялады. “Демократия үчүн улуттук лига” партиясынын басма сөз катчысы Мио Ньюнт бүгүн эртен менен өлкө лидери Аун Сан Су Чжи жана башкаруучу партиясынын бир катар жогорку кызмат адамдары менен кошо Мьянма армиясынын аскерлери тарабынан камакка алынганын билдирди. “Элибизден ойлонбостон реакция кылбоону  жана мыйзам чегинде иш…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров: Азыр ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете

Президент Садыр Жапаров: Азыр ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете

«Азыр биздин эс алууга укугубуз жок, анткени азыркы ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете.  Биз күнү-түнү элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө ант бергенбиз, өзгөртүүлөрдү күткөн элдин үмүтүн актайбыз», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  31-январда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылында «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү жана маданий-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышуунун жүрүшүндө.  Аталган комплексти Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы каржылоодо. Бул тууралуу КРнын Президентинин расмийц сайтында маалымат берилди. Комплекске 500 орундуу  мектеп,…

Прочитайте больше

Байден Ооганстанга атайын топ жиберет

Байден Ооганстанга атайын топ жиберет

Ашраф Гани АКШнын президенти Ооганстанга атайын топ жиберерин жарыялады. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Ооганстандын президенти 29-январда АКШнын жаңы президентинин Кабулга атайын топ жиберүү чечимин жарыялады. “Ооганстандын президенти Жо Байден жакын арада ооган тынчтык процессин талкуулоо үчүн Кабулга атайын топ жиберет”,- деп Sputnik агенттиги Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин сөзүн келтирди. Белгилей кестек, акыркы эки күндө Талибан менен АКШнын ортосунда кандайдыр бир чыңалуу байкалды. Бир жагынан, Пентагон (АКШнын Коргоо министрлиги) Талибанды Доха тынчтык келишимин бузду деп айыптаса, экинчи жагынан, бул талапты четке…

Прочитайте больше

Мелатонин гормону коронавирустан коргойбу?

Мелатонин гормону коронавирустан коргойбу?

Окумуштуулар коронавирустан коргонуунун табигый жолун табышты. Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.Бразилиянын Сан-Паулу университетинин окумуштуулары өпкөдө пайда болгон мелатонин гормону коронавируска тоскоол болуп, вирустун клеткаларга киришине жол бербейт деген бүтүмгө келишти.Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мелатонин вирустун кирүү чекиттери-альвеолярдык клеткалар, мурун жана өпкө эпителийинде протеин координациялоочу гендердин пайда болушунун алдын алат. Ошентип, гормон бул ткандарды жабыркатып, иммундук жоопту басат. Натыйжада вирус дем алуу жолдорунда бир нече күн туруп, андан кийин башка алып жүрүүчүнү табууга кетет.Бул ачылыш изилдөөчүлөргө эмне үчүн коронавирус…

Прочитайте больше

Кытай 2020-жылы 220 миллиарддан ашуун беткап экспорттогон

Кытай 2020-жылы 220 миллиарддан ашуун беткап экспорттогон

Кытай 2020-жылы 200дөн ашуун өлкөгө жана аймакка 220 миллиарддан ашык коргоочу беткап экспорттогон. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Соода министринин орун басары Цянь Кэмин билдигенин “INTERFAX” сайты жазды. Анын айтымында, ошондой эле 2,3 миллиард коргоочу костюм жана тесттер үчүн 1 миллиард реактивдик комплект экспорттолгон. Ал Кытай эпидемияга каршы каражаттарды ири жеткирүүчү өлкө катары өзүнүн артыкчылыгын жигердүү өнүктүрүп жаткандыгын белгиледи. 2020-жылы Кытай экономикасы 2,3%га өскөн.

Прочитайте больше
1 42 43 44 45 46 47