Италиядагы үйлөр бир еврого сатылууда

Италиядагы үйлөр бир еврого сатылууда

Италиянын Сицилия аралындагы Троина шаарында үйлөр бир еврого сатылууда. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “CNN” телеканалына шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик шаарга жаңы жашоочуларды тартуу үчүн атайын акция жарыялаган: шаардагы үйлөрдү 1 еврого сатыкка коюп, сатып алуучуларга үйдү ондоого акча берет.  Имараттарды жакшы абалда сатып алууга макул болгондор 8 миң еврого чейин грант алышат. Сицилиянын мэри шаардагы ондогон үйлөрдү 1 еврого сатууну чечкен. Үйдү сатып алуунун бирден-бир шарты – сатып алуучулар үйдү сатып алган күндөн тартып…

Прочитайте больше

Исламга каршы “Динде реформа” кыймылы жана анын өкүлдөрү

Исламга каршы “Динде реформа” кыймылы жана анын өкүлдөрү

Табиин жана кийинки доорлордо Хазрети Пайгамбардын мурасчылары болгон Мужтахид аалымдар Ислам дининин өзгөчө Акаид жана Фыкыхка байланыштуу рукун жана негиздерин аныктап, түшүндүрүшкөн. Бирок, түрдүү себептер менен бул негиздерди кабыл кылбаган же буларга терс түшкөн фырка жана уюшмалар пайда болгон. Хадиси шарифтерде баяндалгандай булардын Исламды жаңылыш түшүнгөн, бузган жана накыл кылган кишилер менен топтор экендиги белгилүү. Ахли сүннөт аалымдары хадистерге таянып «бидат жана далалат» топтор деп сыпаттаган бул «акыйда жана амал жагынан адашкан топтор» заманыбызда түркүн аттар менен мусулмандардын ыйман жана ибадаттарын…

Прочитайте больше

Ирандын коронавируска каршы вакциналары натыйжалуу

Ирандын коронавируска каршы вакциналары натыйжалуу

Ирандын Биотехнологиялар Ассоциациясынын башчысы Сирус Зейнали ирандык окумуштуулар иштеп чыккан коронавируска каршы вакциналар натыйжалуу жана таасирдүү экенин “IRNA” агенттигине берген маегинде билдирди. Зейнали ирандык окумуштуулардын вакцина жаатындагы жетишкендиктерине ишара кылып, Иранда өндүрүлгөн COVID-19га каршы вакцина Кытайда иштелип чыккан вакциналарга окшош экенин жана алардын жаныбарларга жасалган сыноосу натыйжалуу болгону ырасталып, адамдарга сыноо улантылып жатканын билдирди. Ал дагы бир катар ата мекендик вакциналар иштелип чыгып жатканын жана алардын айрымдары жакын арада өлкөнүн Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы менен Медициналык изилдөө…

Прочитайте больше

Байдендин инаугурация аземинин коопсуздугун 7000ден ашуун аскер камсыз кылат

Байдендин инаугурация аземинин коопсуздугун 7000ден ашуун аскер камсыз кылат

АКШнын жаңы президентинин инаугурация аземине 25 миң аскердин катышуусу күтүлүүдө. Pars Today агенттиги билдиргендей, АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин инаугурациясын камсыздоо үчүн Американын 7000ден ашуун аскери баш калаага жөнөтүлдү. Бул тууралуу АКШнын Улуттук Гвардиясы өз билдирүүсүндө: “Бул күчтөр 12-январдан 15-январга чейин Байдендин ант берүү аземин камсыз кылуу үчүн 134 аскер учагы менен АКШнын борборуна өткөрүлүп берилди”, – деп жарыялаган.Белгилей кетсек, мындан тышкары салтанатка 25 миң полиция жана армия кызматкерлеринин катышуусу күтүлүүдө.Учурда аскерлерди өткөрүп берүү жана жайгаштырууну…

Прочитайте больше

Анкара менен Баку биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Анкара менен Баку биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Анкара менен Баку Түркиянын Армения менен чектеш Карс провинциясында 1-февралдан 12-февралга чейин биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүшөт. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын расмий өкүлдөрү 1-12-февраль күндөрү Азербайжан армиясынын катышуусунда өлкөдө өтө турган “эң ири кышкы аскердик машыгууларга” даярдык көрүлүп жаткандыгын жарыялашты.“Daily Sabah” гезити дагы Түрк армиясы өлкөнүн куралдуу күчтөрү Карс провинциясында кышкы аскердик машыгууга даярданып жатканын билдиргенин жазды.Түркиянын Армения менен чектеш Карс провинциясындагы “Кыш-2021” машыгуусуна Азербайжан Республикасынын аскер күчтөрү катышат.Түрк армиясынын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө ылайык, 1-февралдан…

Прочитайте больше

Дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 95 миллиондон ашты

Дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 95 миллиондон ашты

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны бүгүн эртен менен 95 миллиондон ашты. Бул туурасында “Worldometer” порталынын акыркы отчетунда берилгенин “Tasnim News” агенттиги жазды.  Бүгүн эртен мененкиге карата дүйнөдө вируска чалдыккандардын саны 95 миллион 448 мин 91 киши болду. Анын ичинен 2 миллион 39 мин 706 бейтап көз жумду. Жалпы ооругандардын ичинен 68 миллион 196 миң 88 бейтап ооруну жеңе алышты. COVID-19 жуктургандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдыда келе жатат. Бул жерде жалпы 24 миллион 482 мин…

Прочитайте больше

АКШда Pfizer жана Modern вакциналарын алгандан кийин 55 адам каза болду

АКШда Pfizer жана Modern вакциналарын алгандан кийин 55 адам каза болду

Америка Кошмо Штаттарындагы федералдык маалымат базасы Pfizer-Biontech жана Moderna вакциналарын алгандан кийин 55 адам каза болгонун маалымдады. Tasnim News агенттигинин эл аралык тобу билдиргендей,  “Epic Times” жаңылыктар сайты келтирген маалыматына караганда, АКШда 55 адам “Pfizer” жана “Modern” аталган ушул өлкөнүн вакциналарын алгандан кийин өз өмүрлөрүнөн айрылышкан.Белгилей кетсек, вакциналык отчет берүү тутуму (VAERS) деп аталган система  федералдык маалымат базасы болуп саналат.VAERS тутумунда вакцинанын терс таасирлери жөнүндө билдирүү, анын ичинде саламаттыкты сактоо кызматкерлери, бейтаптар же алардын үй-бүлөлөрү жөнүндө…

Прочитайте больше

Кээ бир дубалардын маанилери

Кээ бир дубалардын маанилери

Таңда жана кечте 100 жолу окулса бардык күнөөлөр кечириле турчу таспих: (Субханаллахи ва би-хамдихи, субханаллахил азим) Мааниси: Кемал сыфаттар менен сыпаттанган жана кемчилик сыпаттардан бери болгон Аллахты хамд менен таспих кылам. Намазда таспихтерди тарткандан кийин дуага колдорду көтөрүп жатканда окулганда күнөөлөр кечириле турган дуа: (Ла илахе иллаллаху вахдаху ла шерике лех лахулмулку ва лахулхамду ва хува ала кулли шейин кадир) Мааниси: Аллахтан башка илах жок. Ибадатка ылайык жалгыз Аллах, Ал бир, ортогу жок, аалам Анын…

Прочитайте больше

Өзбек эксперти: Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылуу мамилелери аяктап баратат

Өзбек эксперти: Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылуу мамилелери аяктап баратат

«Маno» изилдөө демилгелери борборунун жетекчиси: Төрт жыл мурун башталган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жылуу мамилелери аяктоодо. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, «Маno» изилдөө демилгелери борборунун жетекчиси Бахтиёр Эргашев төрт жыл мурун башталган Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилелериндеги жылуу мезгил аяктап жатат деп билдирди.“Өзбекстан бийиктиги болжол менен 400 метрди түзгөн дүйнөдөгү эң ири ГЭСтердин бири Рогун электр станциясынын курулушуна каршы. Эгер ал курулса, ылдыйкы агымдагы өлкөлөр көптөгөн көйгөйлөргө туш болушат. ГЭСтин курулушуна байланыштуу Өзбекстандын нааразычылыгына карабастан, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Рогун…

Прочитайте больше

Индонезияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 42ге жетти

Индонезияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 42ге жетти

Кечээ, жума күнү Индонезиянын Сулавеси аралында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан улам кеминде 42 адам каза болду. Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги кабарлады. “Sputnik” агенттиги маалымдагандай, Сулавеси аралынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бир гана Мамуджу шаарында 26 адам каза болгонун жана курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Маалыматка караганда, каза болгондордун көпчүлүгү дагы эле урандылардын астында. Жер титирөөдөн ошондой эле жүздөгөн адамдар жаракат алышты. Буга чейин Европалык жер ортолук сейсмологиялык борбору 15-январга караган түнү Индонезиянын…

Прочитайте больше

Конгресс Трампка импичмент жарыялады. Эми бул маселе Сенатта каралат

Конгресс Трампка импичмент жарыялады. Эми бул маселе Сенатта каралат

Президент Трампка импичмент жарыялоо боюнча токтомго Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси кол койду. Президент Дональд Трамп эки жолу импичмент жарыяланган АКШ лидери катары тарыхта калды. Эми Конгресстин чечимин Сенат бекитип бериши керек. Бирок бул маселе Жо Байдендин инаугурациясынан кийин каралат. Шаршемби күнү Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар президент Трампка импичмент жарыялоо маселеси тез арада каралат деген убадасын аткарды. Бир нече саатка созулган талкуудан кийин Өкүлдөр палатасы Трамп демонстранттарды тукурганы үчүн башаламандык болду деген чечим чыгарды. Өкүлдөр…

Прочитайте больше

АКШнын борборунда Улуттук Гвардиянын 21 миң аскери жайгаштырылат

АКШнын борборунда Улуттук Гвардиянын 21 миң аскери жайгаштырылат

АКШнын Улуттук Гвардиясынын командири жаңы президенттин инаугурациясында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Вашингтонго Улуттук Гвардиянын 21 миңдей аскери жайгаштырыларын билдирди. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Улуттук гвардиясынын командири генерал  Дэниел Хокансон бейшемби күнү АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен жолугушуу учурунда федералдык мекемелердин коопсуздугун сактоо үчүн Вашингтондо буга чейин Улуттук Гвардиянын 7000дей аскери жайгаштырылганын билдирди.Анын айтымына караганда, 20-январда АКШнын саясий борборунда өтүшү керек болгон жаңы президент Жо Байдендин инаугурациясына чейин Вашингтондо жайгаштырылган Улуттук гвардиянын аскерлеринин саны 21…

Прочитайте больше

Индонезиядагы жер титирөөдөн 26 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты; Цунами коркунучу бар (фото)

Индонезиядагы жер титирөөдөн 26 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты; Цунами коркунучу бар (фото)

Индонезиянын расмий өкүлдөрү жума күнү Сулавеси провинциясында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөөдөн кеминде 26 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышканын билдиришти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүн, жума күнү Индонезиянын Сулавеси провинциясында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын кесепетинен 26 адам каза болду жана жүздөгөн адамдар жаракат алышты.Кечээ, бейшемби күнүн ушул эле аймакта күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталган.“Reuters” агенттиги Индонезиянын Кризистик кырдаалды башкаруу уюму күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөөнүн…

Прочитайте больше

Салам берүү

Салам берүү

Суроо: Салам берип жатканда эл арасында: «Салавалейким» – деп жатабыз. Бир-эки адам болсо: «Салавалейкимдер» дей салабыз. Ушул сөз туурабы? Мааниси кандай? ЖООП: Салам бергенде “Ассаламу алейкум” деп айтылат. Саламды алганда “Ва алейкум ассалам” деп айтылат. “Салавалейким” деген сөздүн эч кандай мааниси жок бош сөз. Артына көптүк түрдүн мүчөсүн улоо да туура болбойт. Көп адамга да, бир адамга да “Ассаламу алейкум” деп салам берилет. Салам берүү сүннөт, ал эми саламды алик алуу парз. Салам берээрде саламдын сүннөт экендигин ойлонуу керек жана ал адамга…

Прочитайте больше

Сүйлөө адеби

Сүйлөө адеби

Сүйлөө адептеринин биринчиси – көп сүйлөбөө. «Көп сөз жалгансыз болбойт, көп мал арамсыз болбойт» деген сөз бар. Көп сүйлөө – зээндин кемчилигинин жана акылдын аздыгынын белгиси. Адамдын урматын, кадырын кетирет. Хазрети Айша энебиз мындай деген: «Эч бир сөзү бош болбогон Расулуллах алейхиссалам аз жана орундуу, так-даана сүйлөчү. Бир мажилисте сөз сүйлөсө мубарек оозунан чыккан сөздөрүн саноого болор эле.» Бирөө сага карап сүйлөсө ал сөзүн бүтүрө электе жооп берүүнү баштаба. Акылдуу киши суроону көңүл коюп угат, суроо коюлуп…

Прочитайте больше
1 3 4 5 6