Нэнси Пелоси: Сенат Трампты соттоого даяр

Нэнси Пелоси: Сенат Трампты соттоого даяр

АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы маалымат жыйынында АКШ Сенаты Трамп менен соттошууга даяр экендигин жарыялады. Mehr News агенттигинин Ал-Жазира телеканалына шилтеме берип, билдиргенине караганда, АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери “Нэнси Пелоси” 21-январда өткөргөн маалымат жыйынында Сенаттын кызматкерлери Трамп менен сот ишин баштоого даяр экенин жарыялады.АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери бул маанилүү иш-чаранын так датасын айтпастан сөзүн мындай улады: 6-январда Конгресстин имаратына кол салуу Трамп тарабынан провокация болгону анык. Жакында анын сот ишин баштайбыз.Нэнси Пелоси кошумчалады: “Трамптын…

Прочитайте больше

Жо Байден расмий түрдө АКШнын 46-президенти болду

Жо Байден расмий түрдө АКШнын 46-президенти болду

АКШнын 46-президентинин расмий инаугурациясы өттү. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, шаршемби күнү Конгресс сарайында өткөн салтанатта АКШнын 46-президенти Жо Байден ант берди.Жаңы шайланган президент Жо Байден Капитолий салтанатына жубайы Жил менен келди. Ал өлкөнүн Конституциясын бекем сактоого ант берди.Байдендин инаугурациясы кыска мөөнөттө жана өлкөдө коронавирус илдети жайылылып жатканына байланыштуу социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүлдү.Президент Байден өз сөзүндө элди ынтымакка чакырып, АКШнын жарандарын бириктирүүгө умтулаарын бир нече жолу баса белгиледи. “Баардык америкалыктар үчүн президент болом”, – деп…

Прочитайте больше

Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт

Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 28-январында өтө турган жаңы шайланган президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Төмөндө Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы: — Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович —…

Прочитайте больше

Багдадда кандуу жарылуу болду (видео)

Багдадда кандуу жарылуу болду (видео)

Ирактын баш калаасы Багдадда бүгүн жарылуу болуп, кеминде 21 киши каза таап, 44 адам жараат алды. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги маалымат булактарга шилтеме берип жазды. Эки жанкечтилик жардыруу Баб аль-Шарки районунда  базардын жанында болду. Коопсуздук булагы “Sputnik” агенттигине билдиргендей, жардыруу болгон аймак коопсуздук күчтөрү тарабынан курчоого алынып, чет элдик элчиликтер жайгашкан Жашыл зонанын кире бериштери жабылды.

Прочитайте больше

Ооганстанда миллиондогон жаш балдар шашылыш түрдө азык-түлүк жардамына муктаж

Ооганстанда миллиондогон жаш балдар шашылыш түрдө азык-түлүк жардамына муктаж

Он миллионго жакын ооган балдары азык-түлүк жардамына муктаж. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Save the Children эл аралык уюму 18 миллиондон ашык оогандыктар, анын ичинде 9,7 миллион бала тез арада азык-түлүк жардамына муктаж экенин билдирди.Аталган уюмдун билдирүүсүндө: “Быйыл он миллионго жакын ооган балдары тамак-аш коопсуздугу коркунучунда турат”, – деп жазылган.Save the Children уюму ооган элинин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 3 миллиард долларлык жардам сурады.Уюмдун Ооганстан боюнча жетекчиси Кристофер Ниаманди “Зордук-зомбулук менен бирге, өлкө коронавирустун жайылышынан улам келип чыккан…

Прочитайте больше

Тарыхка чоң из калтырган Мухаммед аттуу 5 улуу инсан

Тарыхка чоң из калтырган Мухаммед аттуу 5 улуу инсан

Мухаммед деген ысымды укканда алгач эле оюңузга ким келет? Албетте, көпчүлүгү сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедди ﷺ эстешет, андан кийин белгилүү боксчу, өз доорунун легендасы Мухаммед Али эске түшөт. Бирок ушул асыл ысымга ээ дагы башка инсандарды билебизби? Сиздерге Мухаммед деген ысымды алып жүргөн 5 улуу адамдын кыскача өмүр таржымалын сунуштайбыз. 1) Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми Алардын алгачкылары – алгебранын атасы катары таанымал Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми. Бул инсан 780-850- жылдары жашап өткөн. Мухаммед ибн Муса Аль-Хорезми…

Прочитайте больше

Өзбекстандын эмгек мигранттарынан 2020-жылы 6 млрд. доллар киреше түштү

Өзбекстандын эмгек мигранттарынан 2020-жылы 6 млрд. доллар киреше түштү

Орусиядагы өзбек эмгек мигранттарынын кирешеси 2020-жылы тажиктердикинен айырмаланып, кыйла көбөйдү. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Өзбекстандын эмгек мигранттарынын кирешеси 2020-жылы 6 млрд. доллардан ашкан.Өзбекстандын Борбордук банкы Орусиядагы эмгек мигранттарынын акча которууларынан өлкөнүн кирешеси көбөйгөндүгү жөнүндө отчетунда жарыялаган. “Коронавирус пандемиясына карабастан, 2020-жылы өзбек эмгек мигранттары өлкөгө 6,30 млрд. доллар которушкан”, – деп билдирди банк. Белгилей кетсек, Өзбекстандын Борбордук банкы быйыл эмгек мигранттарынын акча которуусу дагы көбөйөт деп божомолдоодо.Ал эми ошол эле учурда тажиктердин Орусиядан акча которуулары 2020-жылы кескин…

Прочитайте больше

Трамп бийликтен кетип жатып, Кытайга акыркы кастык буйругун чыгарды

Трамп бийликтен кетип жатып, Кытайга акыркы кастык буйругун чыгарды

Дональд Трамптын президенттик кызматы бүгүн, 20-январда аяктайт. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Ак үйдө иштеген акыркы сааттарда Дональд Трамп Кытайга душмандыгынан баш тартпай, Кытайда жасалган дрондорго АКШ өкмөтүнүн аба флотунан чыгып кетүүгө буйрук берди.Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп 18-январда америкалык агенттиктерге АКШнын өкмөттүк флотунан Кытайда өндүрүлгөн дрондорду чыгарып кетүүгө артыкчылык берип, коопсуздукка байланыштуу маселелерге көңүл бурууга буйруган жарлыкка кол койду. Ал эми Трамптын администрациясынын Ак үйдөгү иши бүгүн, 20-январда аяктайт.Эске салсак,  Американын Соода министрлиги өткөн айда…

Прочитайте больше

Байден мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыю салган чектөөлөрдү алат

Байден мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыю салган чектөөлөрдү алат

АКШнын шайланган президенти Жо Байдендин өкмөтү өзүнүн ишинин биринчи күнүнөн баштап бир катар мусулман өлкөлөрүнүн, анын ичинде Ирандын жарандарына АКШга кирүүгө тыю салган чектөөлөрдү алып салууну пландаштырууда.  Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Байдендин администрациясы Трамптын администрациясы тарабынан Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемендин жарандарына АКШга кирүүгө тыю салган чектөөлөр алынарын жарыялады. Байден буга чейин президенттигинин биринчи күнүндө мусулман өлкөлөрүнүн жарандарын АКШга кирүүсүн чектеген жарлыкты жокко чыгарууга убада берген. Байден шайлоо өнөктүгү учурунда…

Прочитайте больше

Америка Кошмо Штаттарында коронавирустун курмандыктарынын саны 400 миңден ашты

Америка Кошмо Штаттарында коронавирустун курмандыктарынын саны 400 миңден ашты

Дональд Трамптын АКШдагы төрт жылдык президенттик мөөнөтүнүн аяктоосу менен бирге бул өлкөдө KOVID 19 оорусунан жабыркагандардын саны 400 миңден ашты. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШда бүгүн бийлик өткөрүү башталып, Дональд Трамп Ак үйдөн кетип жатат.Ошону менен бирге АКШнын көптөгөн штаттарында коронавирус жайылып, ооруканаларга жаткандардын саны көбөйүүдө. “Жон Хопкинс” университетинин маалыматтары боюнча, өлкөдө коронавирус курмандыктарынын саны 400 миңден ашкан.Белгилей кетсек, мындай көрсөткүч президенттин бул ооруну жөнөкөйлөтүп, эпидемияга каршы күрөшүүнүн илимий негиздерине шек келтиргенинин кесепетинен улам болгон.Ал эми, бүгүн…

Прочитайте больше

АКШ Конгрессинин мүчөсү: Трамп менен Помпеонун санкциялары миңдеген ирандыктардын өмүрүн алды

АКШ Конгрессинин мүчөсү: Трамп менен Помпеонун санкциялары миңдеген ирандыктардын өмүрүн алды

АКШ конгрессмени Ильхан Омар Дональд Трамптын администрациясынын саясатын катуу сынга алып, анын өкмөтүнүн санкциялары миңдеген ирандыктардын өмүрүн алды деп билдирди. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. “Бул адам (АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео) желмогуз. Анын ырайымсыздыгынан жапа чеккен миллиондогон адамдарды унутпашыбыз керек”, – деп жазды Омар бүгүн эртең менен өзүнүн Твиттердеги баракчасына. “Помпео Иран элине каршы кыйратуучу санкцияларды киргизүү үчүн лобби кылган. Пандемия учурунда аларды керектүү дары-дармектерден ажыратып, миңдеген адамдардын өмүрүн алды”, – деп кошумчалды ал. АКШнын Иранга…

Прочитайте больше

Түркияда дагы 254 адам камакка алынды

Түркияда дагы 254 адам камакка алынды

Түркияда ИШИМ террордук уюмуна жана Гүлен кыймылына мүчө деген айып менен жалпы 254 адам камакка алынды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. “Anadolu” агенттиги маалымдагандай,  Түркиянын коопсуздук күчтөрү кечээ, 18-январда Стамбулдун ар кайсы аймактарында жүргүзүлгөн операцияда ИШИМ террордук тобуна мүчө деген айып менен 16 адамды камакка алды. Кармалгандарга ИШИМ террордук уюмунун Ирак жана Сириядагы чабуулдарына катышкан, ошондой эле бул террордук топко материалдык-техникалык жана каржылык колдоо көрсөткөн деген айыптар тагылууда. Ошол эле учурда, Түркияда 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетине…

Прочитайте больше

Сахара чөлүндө кар жаады (фото)

Сахара чөлүндө кар жаады (фото)

Сахара чөлүндө абанын температурасы кескин төмөндөп, кар жаады. Аба-ырайынын өзгөчө кубулушун фотограф Карим Бучетата тарып алып, Инстаграммдагы баракчасына жарыялады. “The Sun” басылмасы белгилегендей, ысык мезгилде чөлдө температура + 50C чейин көтөрүлүшү мүмкүн, бирок ушул айда температура нөлдөнтөмөн түштү. Сахара чөлүнө биринчи жолу кар 1979-жылы 18-февралда жааган. Экинчи жолу Сахарага кар 2016-жылдын аягында – 2017-жылдын башында жааган. Анда кар Алжирдин Айн-Сефра шаарына түшкөн. Үчүнчү жолу 2018-жылдын 7-январында жааган.

Прочитайте больше

Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң доза сыналат

Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң доза сыналат

Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң дозасын алат. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан “Ковакс” программасына катышууда. Программанын алкагында Кыргызстан 8 түрлүү вакцинаны алат. Pfizer вакцинанын документтери өлкөгө келип түштү, бирок вакцинаны сактоо үчүн -70 градус керектелет. “Бизде андай муздаткычтар жок. Кыргызстандын ири шаарларына аталган муздаткычтарды алууга 2 млн доллар керектелет. Мындан улам биз башка вакцинаны алуу үчүн “Ковакс” программасына кайрылдык”, – дейт ал. Бейшеналиев…

Прочитайте больше

15 жылдан бери биринчи жолу палестиналыктар президентти жана парламентти шайлашат

15 жылдан бери биринчи жолу палестиналыктар президентти жана парламентти шайлашат

Палестинада 2021-жылы жалпы шайлоо акыркы 15 жылда биринчи жолу өтөт. Islam Today: WAFA агенттиги билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Махмуд Аббас кол койду.Жарлыкка ылайык, мыйзам чыгаруу жыйынына шайлоо 2021-жылы 22-майда, ал эми президенттик шайлоо 2021-жылы 31-июлда өтөт.Белгилей кетсек, Палестинанын Мыйзам чыгаруу жыйынына шайлоонун жыйынтыгы боюнча 120 орундуу парламент түзүлөт. Добуш берүү Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде дагы болот. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мүчөлөрү 2021-жылдын 31-августунда аяктай турган Палестина Улуттук Кеңешинин мүчөсү болушат.Эске салсак, Палестинанын Мыйзам чыгаруу жыйынынын…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 6