Адамдын ыйманы көбүнесе карыздын (аманаттын бир түрү) кайтарылышы менен аныкталат.

Адамдын ыйманы көбүнесе карыздын (аманаттын бир түрү) кайтарылышы менен аныкталат.

Ислам – адам жана коом мамилелеринин дини (аль ислам – динуль муъамаля). Тилекке каршы, учурда карызды кайтаруу жана сактоого берилген бирөөнүн мүлкүнө (аманатка) жасалган мамилеге байланыштуу жагымсыз жагдайларга көп дуушар болуудабыз. Диндеги бир туугандарыбыздын кылык-жоругу боюнча суроолор, арыз-даттануулар, нааразылыктар көп келет. Айрыкча, беш убак намаз окуган, ыйык Рамазанда орозо туткан, диний келбети бар (сүннөт боюнча сакал койгон, топу кийген, тесме көтөргөн), финансылык мүмкүнчүлүккө ээ болуп туруп, карызды төлөбөй жүргөндөр, аманатты кайтарбагандар кездешет. Ислам – бул…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү боюнча суу ичүүнү үйрөнөбүз

Сууну туура эмес ичүү ден соолугубузга зыян келтирерин баарыбыз эле биле бербесек керек. Бул макалабыз пайгамбарыбыздын ﷺ суу ичүү сүннөттөрү тууралуу болмокчу. Жашообузга бул эрежелерди киргизсек, өз саламаттыгыбызга кам көрөбүз жана Аллахтын сүйүүсүнө жетебиз. 1) Сууну шашпай, үч ууртам менен ичүү керек Ибн Аббас (р.а) Аллахтын элчисинин ﷺ мындай дегенин кабарлайт: “Төө сымал (идишке жармашып алып, шимирип) бир ичкенде эле баарын ичип албагыла. Эки-үч ууртап ичкиле жана (ар бир ууртамды ичерде) “Аллахтын ысымы менен” [Бисмиллахи]…

Прочитайте больше

Жоолук

Жоолук

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын Тасаттур – сөздүк маниси «оронуу», «жамынуу»; «өзү менен башкалардын ортосуна перде коюу», «бир нерсенин ичинде же аркасында жашынуу» деген маанилерге келет. Ал эми терминдик мааниси талаптары жана өлчөмдөрү диний жактан белгиленген жамынуу милдеттүүлүгү деп түшүнсөк болот.[1] Оронуунун синоними катары хижаб (хиджаб), жоолук, оромрол, паранжы сыяктуу сөздөр аралаш колдонулса, антоними – жылаңачтык. Тагыраагы, исламда табарружга – көңүл бурдуруу жана өзүн көрсөтүүгө тыюу салынган. Биз макалабызда оронуу деп жалпылап колдонууну эп…

Прочитайте больше

Бак отургузуунун маанилүүлүгү

Бак отургузуунун маанилүүлүгү

Суроо: Динибизде бак отургузуунун маанилүүлүгү эмнеде? Жооп Мөмөлүү, мөмөсүз бактардын жана токойлордун адамдарга болгон пайдалары чексиз. Адамдарга бул сыяктуу бир кызмат кылуунун динибизде маанилүүлүгү чоң. Бул тууралуу билдирилген хадиси шарифтердин айрымдары төмөндөгүдөй: “Отургузулган бактан алына турган мөмөнүн саны канча болсо ошончо сооп аны отургузган адамга берилет.” [И. Ахмед] “Бир адам бир мөмө бак отургузса, ал бакты жемиш бергенге чейин коргоп караса бул бактан төгүлгөн ар бир мөмө Аллахтын алдында ал адам үчүн бир садага болот.” [И. Ахмед] “Бир…

Прочитайте больше

Бардык дарттын дабасы бар

Бардык дарттын дабасы бар

Суроо: Кээде башыбыз катып кетет. Башыбызга кыйынчылык түшүп же бир нерседен коркуп же карызыбызды төлөй албай кыйналабыз. Булардан кутулуу үчүн кандайдыр бир дуба барбы? ЖООП Ар бир дарттын дабасы бар. Аллаху таала чарасыз дарт жараткан эмес. Жашоо, мал-мүлк ээси болуу сыяктуу дүнүйөлүк нематтардын бардыгы үчүн себептерди жараткан. Себептерине жармашкан адам ушул нематтардан албетте куру калбайт. Акырет нематтарына жетүү да ушундай. Мисалы, жалкоолуктун дарысы намаз окуу. Адам башына түшкөн жагымсыз жагдайларда гафил болбостон (уктабастан) чарасына кароо…

Прочитайте больше

Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат

Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат

Ислам дини бардык элдин укугун коргоп, ынтымак – ырашкерликте, достук – боордоштук жашоого үгүттөйт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)  мындай деген: «Баарыңар Адам Атанын урпагысыңар. Адам болсо топурактан жаралган. Эч ким ата – бабаларынын кыйындыгына мактанбасын. Кимде – ким бул айтылгандын тескерисин жасаса, Аллахтын алдында кадыр – баркы өтө төмөн болот». Момун мусулмандардын бардыгы эч бир улут, урууга карабастан бир тууган болгондон кийин, ар бир мусулман менен өзүңдүн боордош бир тууганыңдай мамиле кылуубуз керек. Ынтымакта, тынчтыкта…

Прочитайте больше

Алланын бар экенинин далилдери

Алланын бар экенинин далилдери

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын Өткөн кылымдагы 70 жылдык атеисттик саясат жана учурдагы кээ бир дүйнөлүк күчтөр тарабынан ырааттуу жүргүзүлүп жаткан исламофобия тенденциясы кыргыз коомунун кудай жөнүндөгү дүйнө таанымын олку-солку кылып, айрым адамдар тарабынан «кудай барбы?» деген суроо уламдан-улам коюлууда. Ырасында бул собол миң жылдардан бери келе жаткан эзелки суроо. Дал ушул суроонун үстүндө улуу даанышмандар, ойчулдар, философтор кызыл чеке болуп талашып келген. Кыргыз эли кан төгүүсүз кабыл алган жана миң жылдар бою…

Прочитайте больше

Белек берүүнүн сүннөт боюнча 18 эрежеси

Белек берүүнүн сүннөт боюнча 18 эрежеси

Белек берүү пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтү болуп эсептелет. Аллахтын элчиси ﷺ бири-бирине болгон сүйүүнү күчөтүү жана Жараткандын ыраазычылыгына жетүү үчүн белек берүүнү буюрган. Ибн Умардын айтканы боюнча, Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:“Алла үчүн силерден сураганга бергиле, силерди чакыргандарга баргыла, силерге белек бергенге белек бергиле. Бергенге эч нерсе таппасаңар, ал адам үчүн дуба кылгыла”.Дагы бир хадисте мындай деп келет:“Белек алышып-беришкиле. Себеби белек көңүлдөгү кекти жоготот”. Исламда белек берүүнүн, алуунун этикети жана эрежелери бар: 1. Белек берүүнүн чыныгы максаты…

Прочитайте больше

Түгөй тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл? Эң маанилүү 4 кеңеш

Түгөй тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл? Эң маанилүү 4 кеңеш

Пайгамбарыбыз ﷺ төгөрөгү төп келишкен, мээримдүү, түшүнүктүү, ырайымдуу жана сабырдуу күйөө болгон. Ар бир мусулман кызы Аллахтын элчисиндей ﷺ сыпаттары бар, же ошондой болууга умтулган күчтүү адамга турмушка чыкканга тырышат.Жар тандоо – ар бир адамдын жашоосундагы олуттуу кадам. Дүйнө жана акыреттеги бактылуулук ошол тандаган адамыңдан көз каранды. Ошондуктан, чечим чыгарууда жакшылап ойлонуп, терең талдоо зарыл. Ислам аалымдары, эл акылмандар түгөй тандап жатканда буларга көңүл буруу маанилүү экендигин айтышат: Адамгерчилик Көп убакта адамдар жактырууну сүйүү менен…

Прочитайте больше

Кадыр ажы жооп берет: Улуттук суусундуктар болгон кымыз, бозо, шорону ичсе болобу?

Кадыр ажы жооп берет: Улуттук суусундуктар болгон кымыз, бозо, шорону ичсе болобу?

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө. Кезектеги суроо Ислам улуттук суусундуктарга кандай карары туурасында келди. Халал (адал) – шарият уруксат берген, харам (арам) – тыюу салынган, макрух (макүрөө) – жакшы эмес, жагымсыз азыктар. Суроо бул суусундуктардын курамындагы алкоголго байланыштуу берилген. Мисалы, жаңы кымыз шек-күмөнсүз адал, ичүүгө уруксат берилет. Анткени анын курамында алкоголдун үлүшү өтө аз. Ал эми бир нече күн же андан…

Прочитайте больше

Кадыр ажы жооп берет: Маркумду жерге берип жатканда мал союуга болобу?

Кадыр ажы жооп берет: Маркумду жерге берип жатканда мал союуга болобу?

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө. Кезектеги суроо: Маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга уруксат берилеби? Кадыр ажы Маликов: Ислам дини маркумдун руху үчүн садака берүү максатында мал союуга тыюу салбайт. Бирок дин ысырап кылууну жактырбайт. Өлүктү акыркы жайга узатууда мал союу көчмөн элдерде (кыргыз, түркмөн, казак, алтай, башкыр) Исламга чейин эле болгон. Ислам бул салтты оңдоп, бутпарастыкка, ысырапкорчулукка жана сөзсүз союу…

Прочитайте больше

Кадыр ажы жооп берет: Сыйкырлоо, кара дубаны жасаган да, жасаткан да – чоң күнөөкөр

Кадыр ажы жооп берет: Сыйкырлоо, кара дубаны жасаган да, жасаткан да – чоң күнөөкөр

Дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликов социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу окурмандардын өтө көп берилген суроолоруна активдүү жооп берүүдө. Кезектеги суроо сыйкыр жана кара дуба тууралуу, бул иштердин канчалык күнөө экендиги жөнүндө келди. Кадыр ажы Маликов: Руханий боштук, айланабызды курчаган туруксуздук, коркунучтар түрдүү психикалык ооруларга жана массалык депрессияга алып келүүдө. Буга байланыштуу калк арасындагы психикалык оорулардын өсүү тенденциясы адам үрөйүн учурат. Көрө албастык, жек көрүү жана түркөйлүк диндеги адекваттуу адамдарды да кээде каапырлык жана Аллага…

Прочитайте больше

Таттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси

Таттуу тилдин жана күлүмсүрөөнүн мааниси

Суроо: Күлүмсүрөөнүн жана таттуу тилдин мааниси тууралуу маалымат бересизби? ЖООП Даанышман заттар айтышкан: Мусулман адамдын жүзү жылмайган болот, мунафык адамдын кабагы түйүлгөн болот. Күлүмсүрөө бекер, алган адамды бактылуу кылат, берген адамды капа кылбайт. Тынчтыктын, ырахаттыктын ачкычы – күлүмсүрөө. Күлүмсүрөй албаган адам алсыз адам. Күлүмсүрөөнүн отунда ээрибеген темир жок. Күлүмсүрөөнү билүү эки дүнүйөдө бакытка себеп болот. Исламият – сүйүү, күлүмсүрөө, таттуу сөз, чынчылдык жана жакшылык дини. Досторго чындыкты айтып, душмандарга күлүмсүрөө жана таттуу тил менен мамиле кылуу…

Прочитайте больше

Көркөм мүнөз

Көркөм мүнөз

Суроо: Жакшы мусулман болуу үчүн жакшы ахлактуу болуу керек экендигин билдирдиңиз. Жакшы ахлакты кантип тапса болот? ЖООПОоба, Жакшы мусулман болуу үчүн жакшы ахлакка ээ болуу керек, жаман ахлактан узак туруу керек. Ушундай болгондо гана дүнүйө жана акырет саадатына жетүүгө болот. Жакшы ахлакка ээ болуу үчүн илим жана адеп маалыматтарын үйрөнүү жана да жакшы адамдар менен достук куруу керек. Жаман ахлак болсо мунун терси. Б.а. жахил болуп калуунун себеби, жаман адеп жана жаман адамдар менен достук куруу….

Прочитайте больше

Акылдуулуктун өлчөмү

Акылдуулуктун өлчөмү

Акылдуу деп өз пайдасын, зыянын билген адамды  айтат. Дүйнөлүк табыштарын ойлогондой акыреттик  табыштарын да ойлогон адам – акылдуу. Эң көп дегенде  100 жылдык өмүрдү ойлоп, түбөлүк болгон акырет өмүрүн  ойлобогон адамды акылдуу эмес акмак адам деп айтат.  Акылдуу болуу өтө баалуу. Хадиси шарифте: «Аллаху  тааланын даргейинде эң урматтуу болгонуңар – акыл  жагынан жогору болгондоруңар» (И.Газали)  «Акылдуу болбогон адамдын дини да жок.» (Тирмизи)  «Акылдуу адам ыйман келтирет.» (Байхаки)  Демек, ыйман келтирген, акырет өмүрүн ойлогон адам  акылдуу….

Прочитайте больше
1 4 5 6 7 8 14