Тажикстандын агрессиясы тууралуу Европа Биримдигине маалымат берилди

Тажикстандын агрессиясы тууралуу Европа Биримдигине маалымат берилди

 Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор мырза менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган укук коргоо мекемесинин маалымат кызматы билдирди. Анда  А. Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор мырзадан Баткен облусунун тынч элине каршы тажик аскерлеринин адамкерчиликсиз, куралдуу агрессиясын чечкиндүү айыптоо менен Тажикстанды чек ара айылдарынын жай тургундарына каршы куралдуу жана башка чагымчыл аракеттерди токтотууга мажбурлоо чараларын көрүүсүн өтүндү. Жайкын элге каршы жасалган бардык кылмыштар үчүн жоопкерчилик болоорун Тажикистанга…

Прочитайте больше

“Түндүк агым” куурларынан газдын агып чыгышы токтоду

“Түндүк агым” куурларынан газдын агып чыгышы токтоду

Балтика деңизиндеги “Түндүк агым-1” жана “Түндүк агым-2” куурларынан газдын агып чыгышы токтогонун Даниянын Энергетика агенттиги билдирди. “Nord Stream 2 AG компаниясы Даниянын Энергетика агенттигине учурда куурдун ичинде туруктуу басым пайда болгонун кабарлады,” – деп жазылат билдирүүдө. Орусиянын “Газпром” компаниясынын маалыматына ылайык, жарылган куурлардын ичинде 800 миллион куб метр газ болгон. Мындай көлөмдү Дания үч айда керектейт. БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасы бул тарыхтагы метан газынын эң ири көлөмдө сыртка чыккан учуру экенин билдирди. Канаданын GHGSat уюмунун…

Прочитайте больше

Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын таркашына байланыштуу билдирүү таратты. Элчилик бул маалыматтарды төгүндөп, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды. “Элчилик социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет”, – деп жазылган маалыматта.

Прочитайте больше

Индонезия: стадиондогу тополоңдо мерт болгондордун саны 174кө жетти

Индонезия: стадиондогу тополоңдо мерт болгондордун саны 174кө жетти

Индонезияда Ява аралындагы футболдук беттеш учурунда чыккан башаламандыкта бери дегенде 174 киши каза болгонун жергиликтүү полиция билдирди. Дагы 11 кишинин жарааты оор экени айтылды. Түрдүү жараат алгандардын айрымдары ооруканада. Буга чейин 180 киши жараат алганы кабарланган. Индонезиянын Arema жана Persebaya Surabaya футбол командаларынын беттеши 1-октябрда Маланг шаарындагы Канжурухан стадионунда өткөн. Arema 2:3 эсебинде утулганына нааразы болгон күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыккан жана тыгында көбү тебеленип калган. Полициянын тополоңду токтотуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгону…

Прочитайте больше

Ыйманы алсыз адамдын 7 белгиси

Ыйманы алсыз адамдын 7 белгиси

Күчтүү ыйман инсанды эки дүйнө бактылуулукка жетелейт. Ыйманды күн сайын бекемдеп, анын үстүнөн иштөө зарыл. Ал үчүн Аллах Таалага жакындап, пайгамбарыбыздын ﷺ сүнөттөрүн карманабыз. Алсыз ыйман адамды Аллахтан алыстатып, акыры түбөлүк өкүнүчкө алып келет. Бул макалада алсыз ыймандын негизги белгилерине токтолобуз. Күнөо иштерди өкүнбөстөн кыла берет Ыйманы алсыз адам күнөө кылса да, аны мойнуна албайт. Аллахтан кечирим сурабайт. Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде келет: “Пенде бир күнөө иш жасаган кезде жүрөгүндө бир кара так пайда болот. Эгер…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыздын ﷺ кайгыруусу жөнүндө

Пайгамбарыбыздын ﷺ кайгыруусу жөнүндө

Пайгамбарыбыз ﷺ башынан эң оор сыноолорду өткөргөн. Сүйүктүү жубайы, балдарынын энеси Хадижадан, дайым колдоо көрсөткөн абасы Абу Талибден айрылган. Ошондой эле Аллахтын элчиси ﷺ жалган дүйнөдө уулдары: Касым, Абдуллах, Ибрахимди жоготкон. Кыздары: Зайнаб, Рукия, Умм Гүлсүмдү жерге берген.Пайгамбарыбыз ﷺ уул Ибрахимден айрылганда, анын жансыз денесин көрүп, көз жашын төгөт. “Оо, пайгамбар. Сен ыйлап жатасыңбы?”, – деп сурашат. Аллахтын элчиси ﷺ минтип жооп берет: “Көздөр жашка, жүрөк муңга толду. Бирок биз Аллах ыраазы болгон нерседен бөлөк…

Прочитайте больше

Путин аскерге чакыруу жарлыгына кол койду

Путин аскерге чакыруу жарлыгына кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин күз айында аскерге чакыруу жарлыгына кол койду. Буга байланыштуу документ укуктук маалымат интернет-порталына жарыяланды. Ага ылайык, аскерге 120 миң жоокер чакырылат. Башкы штабдан билдиришкендей, жаңы чакырылган жоокерлер Укрианадага согушка жиберилбейт, алар демобилизациядан кийин үйүнө жөнөтүлөт. 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. “Новая газета. Европа” басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго…

Прочитайте больше

Донбасс, Херсон жана Запорожье облустары Россиянын курамына кирди

Донбасс, Херсон жана Запорожье облустары Россиянын курамына кирди

 Кечээ, 30-сентябрда Кремлде Донецк, Луганск Элдик Республикаларын жана Херсон, Запорожье облустарын Россиянын курамына кошуу боюнча тарыхый келишимге кол коюлду. Документке Россиянын президенти Владимир Путин, жана бошотулган аймактардын жетекчилери Денис Пушилин, Леонид Пасечник, Владимир Сальдо, Евгений Балицкий кол койду.  Эске салсак, ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын Москва ушул жылдын февраль айында тааныган. Ал эми Запорожье жана Херсон облустарынын көз карандысыздыгын таануу тууралуу жарлыкка Путин кечээ, 30-сентябрда кол койгон. Донбасс, Запорожье жана Херсон облусттарындагы референдум Россияга кошулуу…

Прочитайте больше
1 3 4 5