КМШ башчыларынын саммиттинде бир катар документтерге кол коюлду. Тизме

КМШ башчыларынын саммиттинде бир катар документтерге кол коюлду. Тизме

Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда, КМШнын мамлекет башчыларынын жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Кол коюлган документтер: 🔵 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө); 🔵 Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШ Аткаруу катчысы жөнүндө; 🔵 КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;…

Прочитайте больше

Президент Жапаров чек арадагы талашты тынч жол менен чечүү керектигин айтты

Президент Жапаров чек арадагы талашты тынч жол менен чечүү керектигин айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин негизги жана өзгөрүүсүз принциби – ага мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо экенин айтып, чек арадагы талаштуу маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү зарыл экенин кайталады. Бул тууралуу мамлекет башчы, бүгүн 14-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди. “Мамлекет башчысы бири-биринин аймактык бүтүндүгүн урматтоо жана азыркы чек аралардын…

Прочитайте больше

2023-жылы КМШ уюмуна Кыргызстан төрагалык кылат

2023-жылы КМШ уюмуна Кыргызстан төрагалык кылат

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ага ылайык, КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтүп, кеңешменин 2023-жылдагы жыйыны Бишкек шаарында өтмөй болду. Мындан сырткары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өнүктүрүүдө мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын ролу, КМШнын алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө документке…

Прочитайте больше

Аз жештин пайдалары

Аз жештин пайдалары

Суроо: Орозо кармап, ачка болуунун кандай пайдалары бар? ЖООП: Орозо кармоо башка, ачка болуу башка. Ачка болуунун пайдалары: 1-Ачка болгондун басирети (көрөгөчтүгү, даанышмандыгы) ачылат. Түшүнүү жөндөмү күчөйт. Хадиси шарифте: “Ачка болгон адамдын түшүнүгү артат, зээни (акылы) ачылат” жана “Тафаккур (ой жүгүртүү) ибадаттын жарымы, аз жеш болсо бүтүнү”, – деп айтылган. (И. Газали) Көп жеген адам көп уктайт. Көп уктаган адамдын болсо өмүрү текке кетет. Көп жеген адамдын акылы жана зээни начарлайт. Хадиси шарифте мындай делген: “Аллаху таала көп жеп-ичкен адамды сүйбөйт.” [И.Газали] 2-Ачкалык жүрөктө кылдаттыкты пайда…

Прочитайте больше

Мухаммед алейхиссалам

Мухаммед алейхиссалам

Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) 571-жылы Чын куран айынын жыйырмасына дал келген Рабиул аввал айынын он экисинде, Дүйшөнбү күнү таңга маал Мекке-и Мукаррама шаарында дүйнөгө келген. Дүйнөнүн бардык түпкүрүндөгү мусулмандар жыл сайын ушул түндү мавлид түнү катары белгилеп келишет. Атасы Абдуллах эрте кайтыш болгон. Энесинин аты Амина, чоң атасынын аты Абдулмутталиб болгон. Курайш уруусунун Хашим уулдарынан чыккан. Алты жашында энеси, сегиз жашында чоң атасы Абдулмутталиб кайтыш болгон. Абдулмутталиб Курайш уруусунун башчысы эле. Анын он эки уулу, алты кызы болгон. Пайгамбарыбыз…

Прочитайте больше

Россия Иран аркылуу Перс булуңундагы өлкөлөргө мунай жана газ ташый алат

Россия Иран аркылуу Перс булуңундагы өлкөлөргө мунай жана газ ташый алат

 Россия Перс булуңундагы өлкөлөргө Иран аркылуу мунай жана газ ташый алат. Бул тууралуу Ирандын мунай министринин орун басары Ахмад Асадзаде Россиянын энергетика жумалыгынын алкагында журналисттерге билдирди. “Россиянын газын жана мунайын Ирандын аймагы аркылуу Перс булуңундагы сатып алуучуларга ташуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бар”, – деди Асадзаде. Ошондой эле ал Иран Европанын Россияга каршы санкцияларын кылмыш деп эсептей турганын баса белгиледи. “Россияга каршы санкциялар адамзатка каршы кылмыш, бирок алар биримдикти кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө”, – деди…

Прочитайте больше

Путин: Азиядагы өлкөлөр дүйнөлүк экономикалык өсүштүн локомотиви болуп саналат

Путин: Азиядагы өлкөлөр дүйнөлүк экономикалык өсүштүн локомотиви болуп саналат

Путин: Азиядагы өлкөлөр дүйнөлүк экономикалык өсүштүн локомотиви болуп саналат Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр дүйнөлүк экономикалык өсүштүн локомотиви болуп саналат. Мындай пикирин Россиянын президенти Владимир Путин  бүгүн, 13-октябрда, Астана шаарындагы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде билдирди. Ал кеңешменин алкагында Шанхай кызматташтык уюму, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы, Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу интеграциялык бирикмелер динамикалуу иштеп, жакшы натыйжаларды берип жатканын жана анда Азия негизги ролду ойноп келе жатканын айтты. “30…

Прочитайте больше

Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу өттү

Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу өттү

 Бүгүн, 13-октябрь, Астанада президент Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду.  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчысы Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду. Ал…

Прочитайте больше

Ирандын президенти: Терроризмдин жайылышы жана НАТОнун кеңейиши Азиядагы коопсуздукту бузуп жатат

Ирандын президенти: Терроризмдин жайылышы жана НАТОнун кеңейиши Азиядагы коопсуздукту бузуп жатат

 Азиянын ар кайсы өлкөлөрүндө терроризмдин жайылышы, ошондой эле НАТОнун кеңейиши аймактагы коопсуздукка доо кетирүүдө. Бул тууралуу Ирандын президенти Ибрахим Раиси Астанада өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде билдирди. Анын айтымында, АКШ ондогон жылдар бою Пакистандын, Сириянын жашоочуларын оккупациялап, алар агрессия көрсөтүп, адамдардын укуктарын, элдердин өз тагдырын өзү аныктоо укугун бузуп келет. “Терроризмге демөөрчү болгон өлкөлөр терроризмге каршы күрөштүн артына жашынбашы керек. Мындай мамлекеттер жаңы түзүлүп…

Прочитайте больше

Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө болуп шайланды

Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө болуп шайланды

Адам укуктары кеңешине 47 мамлекет мүчө, алар түздөн түз жана Башкы ассамблеяда жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Бул жолу беш чөлкөмдүк топ 17 талапкер көрсөткөн. Азия жана Тынч океаны чөлкөмүнөн төрт орун үчүн алты мамлекет Кыргызстан, Ооганстан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив, Корея Республикасы ат салышты. Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йоркто Башкы ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын талапкерлигин колдоого үндөгөн. Адам укуктарын, эркиндигин коргоону жана демократиялык өнүгүүнү илгерилетүү үчүн глобалык алкакта иш жүргүзгөн кеңештин мүчөлөрү үч…

Прочитайте больше

Нигерияда кайык кырсыкка учурап, 76адам каза болду

Нигерияда кайык кырсыкка учурап, 76адам каза болду

 Нигериянын Анамбра штатынын Огбару аймагында кайык кырсыкка учурап, 76 адам каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн президенттик кеңсеси билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, ишемби күнү эртең менен болгон кырсыкка суу ташкыны себеп болгон. Оодарылып кеткен моторлуу кайыкта жалпы 85 жүргүнчү болгон. Тез жардам кызматы тогуз адам куткарылганын, 76 адамдын каза болгонун тастыктады. Нигериянын президенти Мухаммад Бухари окуяга байланыштуу көңүл айтты. Буга чейин Vanguard жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар агенттигине шилтеме берүү менен Анамбра штатында кайык оодарылып,…

Прочитайте больше

Алиев: Азербайжан Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Алиев: Азербайжан Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

 Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи жыйынын тар курамда өткөрүштү. Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык «стратегиялык өнөктөштүк» деңгээлине жеткенин канааттануу менен белгиледи. Ал эки өлкөнүн парламенттеринин, өкмөттөрүнүн жана тармактык ведомстволорунун активдүү өз ара аракеттенүүсүнө алып келген динамикалуу түрдө чыңдалып жана кеңейип жаткан байланыштарды канааттануу менен белгиледи. Жапаров бул…

Прочитайте больше

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссиянын жолугушуусу башталды

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссиянын жолугушуусу башталды

Кыргызстандын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясы Тажикстанда сүйлөшүүлөргө катышып жатканы кабарланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөр 10-октябрга белгиленген. “Комиссия ал жакта төрт күн болот. Мен да чакырылгам, бирок мен бул жакка келдим”, – деди Ташиев. 27-сентябрда да Баткен облустук администрациясынын алдында эл топтолуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө маалымат берүүнү талап…

Прочитайте больше

Кыргызстан – Азербайжан кызматташтыгы

Кыргызстан – Азербайжан кызматташтыгы

Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт. Азербайжандын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бул шартты бекемдеген документке кол коюулушу күтүлүүдө. Жалпысынан өлкөлөр экономикалык байланыштарды бекемдөөдө, акыркы жылдары мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүү эки эсе өскөн. Ошол эле учурда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер байыркы орток тарыхка ээ. Кыргыздар менен азербайжандын тамыры, маданияты, тили, дини, тарыхы жана салттары окшош.

Прочитайте больше

Ош Ирандын Мешхед шаары менен кызматташтыкты өнүктүрөт

Ош Ирандын Мешхед шаары менен кызматташтыкты өнүктүрөт

 Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Ирандын Хорасан-Резави провинциясынын губернаторунун экономикалык маселелер боюнча орун басары Аболфазл Чаманди жетектеген делегация менен жолугушту.  Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Жолугушууда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, курулуш, айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, медицина тармагында эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты. Жыйынтыгында Ош жана Ирандын экинчи ири жана калкы көп шаары, Хорасан-Резави провинциясынын административдик борбору болгон Мешхед шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Прочитайте больше
1 2 3 4 5