Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо болот

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо болот

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламент жыйынында элге кайрылуу жасап, быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн билдирди. “Адилеттүү Казакстанды куруу жолунда негизги жана комплекстүү реформаларды ишке ашыруу үчүн элдин жаңы ишеним мандаты зарыл. Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын мөөнөтүн азайтып, кезексиз президенттик шайлоого барууга даярмын”, – деди президент. Токаев президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн жети жылга узартууну жана кайра шайлануу укугун алып салууну “сунуштай турганын” кошумчалады. “Мен сунуштап жаткан конституциялык новелла бийликтин…

Прочитайте больше

Израил Алеппо эл аралык аэропортуна ракеталык чабуул жасады

Израил Алеппо эл аралык аэропортуна ракеталык чабуул жасады

Сириянын маалымат каражаттары Сириянын түндүк-батышында жайгашкан Алеппо эл аралык аэропортуна бир нече ракеталар менен чабуул жасалганын кабарлашты. Fars агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Сириянын жергиликтүү булактары бүгүн кечинде (шаршемби) Алеппо эл аралык аэропортунда бир нече катуу жардыруулардын үнү угулганын кабарлашты. Бул кабарды ырастап, Сириянын расмий кабар агенттиги (SANA) Алеппонун асманында бир нече жарылуунун катуу үнү угулганын жана бул үндүн келип чыгышын иликтөө уланып жатканын билдирди. Сириянын жергиликтүү булактары Алеппо эл аралык аэропортуна кол салуу…

Прочитайте больше

Пакистандагы суу ташкыны миңден ашуун адамдын өмүрүн алды

Пакистандагы суу ташкыны миңден ашуун адамдын өмүрүн алды

Пакистанда жаан-чачындын мезгили көптөгөн суу ташкындары менен коштолуп, миңден ашуун адам каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгынан билдиришкенин чет элдик ЖМКлар жазышты. Башкармалыктын маалыматына караганда, 14-июндан бери уланып жаткан муссондук жамгыр жана суу ташкынынын кесепетинен 1033 адам каза болуп, 1527 адам жаракат алган. Акыркы суткада 119 адам каза болуп, 71 адам жаракат алды. Мындан тышкары, нөшөрлөп жааган жамгырдан жана  нугунан ашкан дарыя сууларынан улам 3451,5 чакырым жол бузулуп, 149 көпүрө…

Прочитайте больше

МАГАТЭ эксперттери Запорожье АЭСине жөнөп кетишти

МАГАТЭ эксперттери Запорожье АЭСине жөнөп кетишти

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттер тобу Запорожье атомдук электр станциясына жөнөп кетишти. Алар АЭСке апта соңунда жетишет. Бул тууралуу МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси “Твиттерге” жазды, твиттин астына өзүнүн жана агенттиктин дагы 13 адисинин сүрөтүн тиркеди. МАГАТЭнин сайтында Запарожье АЭСине келтирилген зыянды баалоо, коопсуздук жана күзөт системаларынын иштер-иштебесин аныктоо, персоналдын жумуш шартын баалоо – агенттиктин миссиясы экени белгиленген. Мунун натыйжасында атомдук электр станциянын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам чаралар кабыл алынат. Запорожье АЭСи орус армиясы…

Прочитайте больше

Запорожье атомдук электр станциясынын электр жарыгы үзүлдү

Запорожье атомдук электр станциясынын электр жарыгы үзүлдү

Фирманын жазуу түрүндөгү жарыясында атомдук объектиге жакын жердеги өрттөрдүн электр станциясын Украинанын электр тармагына туташтырган линияларына зыян келтиргени белгиленди. Украинанын «Энергоатом» мамлекеттик атомдук энергетикалык компаниясы Запорожье АЭСи тарыхта биринчи жолу электр тармагынан ажыратылганын билдирди. Фирманын жазуу түрүндөгү жарыясында атомдук объектиге жакын жердеги өрттөрдүн электр станциясын Украинанын электр тармагына туташтырган линияларына зыян келтиргени белгиленди. Билдирүүдө АЭС тарыхта биринчи жолу линиялардын бузулушунан улам электр тармагынан ажыратылганы айтылды. АЭС жайгашкан Энергодардагы орусиячыл бийликтер тарабынан жасалган билдирүүдө, аймактагы кагылышуулардан улам электр…

Прочитайте больше

Улуу Британияда 70 млн. долларлык жашылча-жемиш талаада калды

Улуу Британияда 70 млн. долларлык жашылча-жемиш талаада калды

Улуу Британиянын фермерлери 70 миллион долларлык жашылча-жемиштерди талаага таштоого мажбур болушту. Фермерлер түшүм жыйноого кошумча күч тарта алышпагандыктан, миллиондогон фунт стерлинг көлөмүндөгү жетилген жашылчалар, мөмө-жемиштер жыйналбай талаада кала берди. Бул тууралуу EastFruit платформасы жазып чыкты. Фермерлердин улуттук биримдигинин ((NFU) сурамжылоосуна ылайык, айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр быйылкы жарым жыл ичинде 22 миллион фунт стерлинг (27 миллион доллар) мөмө-жемиш жана жашылчаны талаага ташташканын Fruit-inform жазып чыккан. Сурамжылоо багбанчылыктын үч секторун камтыган, демек коромжуга учураган түшүмдүн жалпы көлөмү…

Прочитайте больше

Гутерриш: Дүйнөдө өзөктүк кагылышуу коркунучу жогору

Гутерриш: Дүйнөдө өзөктүк кагылышуу коркунучу жогору

Өзөктүк чыр-чатак коркунучу акыркы ондогон жылдардагы эң олуттуу деңгээлде турат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. «Өзөктүк коркунуч акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку чекке жетти. Өзөктүк куралы бар мамлекеттер биринчилерден болуп аны колдонбоого милдеттенме алуулары керек», – деди Гутерриш. Ал Коопсуздук Кеңешинин жыйынында, өзөктүк куралы бар мамлекеттер аны өзөктүк куралы жок мамлекеттерге каршы колдонбой турганына жана ал менен коркутпай турганына ишендирип, ачык-айкын болушу керектигин айтты. Буга чейин,…

Прочитайте больше

Ооганстандын чыгышында суу ташкынынан кеминде 22 адам каза болду

Ооганстандын чыгышында суу ташкынынан кеминде 22 адам каза болду

Ооганстандын чыгышында катуу жааган жаандан улам суу ташкыны болуп, бери дегенде 22 адам каза таап, дагы 80 киши жаракат алды. Суу үйлөрдү, мал – жандыкты агызып, айыл чарба жерлерин жууп кеткенин расмий өкүлдөр жана жергиликтүү тургундар 21-августта билдирди. Ооганстандын борбору Кабулдун түштүгүндөгү Логар провинциясынын Хуши району эң көп жабыркады. “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн өкүлдөрү суу ташкыны Майдан Вардак, Газни, Нангархар жана Лагман провинцияларында да катталганын, каза болгондордун саны 22 кишиге жеткенин билдирди. Бирок…

Прочитайте больше

Кытайда кургакчылык: Дүйнөдөгү үчүнчү чоң дарыя Янцзы соолуп баратат

Кытайда кургакчылык: Дүйнөдөгү үчүнчү чоң дарыя Янцзы соолуп баратат

Бул жылы Кытайдагы кургакчылык өлкөдөгү кээ бир дарыялардын, анын ичинде Янцзы дарыясынын айрым бөлүктөрүнүн соолушуна алып келди. Бул тууралуу The Guardian жазды. Маалыматка ылайык, Янцзы дарыясынын кургашы гидроэлектр станцияларына таасирин тийгизип, жүк ташууну токтотуп, ири компанияларды ишин токтотууга мажбур кылды. 19-августта Кытайда кургакчылык боюнча жалпы эскертүү берилип, өлкөнүн калк жыш жайгашкан түштүк-батышында узакка созулган жана катуу аптап сентябрь айында да уланары айтылган. Кытайдын эбегейсиз чоң ГЭСине суунун агымынын токтошу энергиянын 80%дан ашыгы гидроэнергетикадан алган Сычуань…

Прочитайте больше

Алжирде токойдогу өрттөн 38 адам каза тапты. Арасында балдар да бар

Алжирде токойдогу өрттөн 38 адам каза тапты. Арасында балдар да бар

Алжирде токой өртү кеминде 38 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, түтүндөн жүздөгөн жергиликтүү тургундар күйүк алып же дем алуусу начарлап, ондогон адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Токой өртүнөн эң көп Тунис менен чектеш Эль-Тарф провинциясы зыян тарткан. Аймакта бүтүндөй зайтун бактары өрттөнүп, үй жана жапайы жаныбарлар кырылып калган. Кургакчылык жана 48 градуска чейин көтөрүлгөн жогорку температура өрт өчүрүүчүлөрдүн ишин бир топ кыйындаткан. Жаратылыш кырсыгына күбө болгондордун бири бир автобустун ичинде…

Прочитайте больше

Кытай бийлиги бойдон алдырууга тыюу салды

Кытай бийлиги бойдон алдырууга тыюу салды

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы өлкөдө төрөттүн саны тездик менен төмөндөп жаткандыктан, аялдарга бойдон алдырууга жарым-жартылай тыюу салганын жарыялады. Активисттер менен укук коргоочулар мындай чектөө миллиондогон аялдарга зыян келтирерин айтышууда. Акыркы он жылдыкта калктын тез өсүшүн кармап калуу үчүн күрөшүп келген Кытайда акыркы жылдарда төрөттүн көрсөткүчү болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге жетти. Өлкө калкы улгайып баратат жана өкмөт бул тенденцияны жокко чыгаруу үчүн кескин чараларды көрө баштады. Кытайдын Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин сунушуна ылайык, эми өлкөдө…

Прочитайте больше

Синдзо Абэнин мамлекеттик деңгээлдеги тажыясына 6000дей адам катышат

Синдзо Абэнин мамлекеттик деңгээлдеги тажыясына 6000дей адам катышат

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда кол салуудан улам каза болгон Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин мамлекеттик денгээлдеги тажыясына 6 миңдей адам, анын ичинде чет элдик делегациялардын жүздөгөн мүчөлөрү катышат. Бул тууралуу Nikkei Asia басылмасы жазды. Тажыяга Франциянын президенти Эммануэль Макрон, АКШнын вице-президенти Камала Харрис, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Док Су, Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель жана Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах келери күтүлүүдө. Токиого келе турган чет элдик саясатчылардын так тизмеси сентябрдын…

Прочитайте больше

Иранда болгон сел апаатында 96 адам каза болду

Иранда болгон сел апаатында 96 адам каза болду

Аббас Масжид Арани гуманитардык кризиске айланган аппаатта эң чоң жоготуунун Тегеран провинциясында болгондугун, 42 адамдын каза болгондугун маалымдады. Иранда июль айынын акырында башталып, август айына чейин Тегеран  провинциясы башта болгон өлкөнүн чоң бөлүгүн таасири астына алган катуу жамгыр жаашы жол ачкан селдерден 96 адам каза болду.  Ирандын Студенттик кабар агенттигинин  маалыматына ылайык, Ирандын Соттук медицина мекемесинин башчысы Аббас Масжид Арани өлкө боюнча болгон сел апаатында 96 кишинин каза болгонун билдирди. Арани гуманитардык кризиске айланган аппаатта эң…

Прочитайте больше

Зимбабведе кызамыктан 157 бала каза болду

Зимбабведе кызамыктан 157 бала каза болду

Зимбабвенин Маникаленд провинциясында апрель айында кызамык эпидемиясы жарыяланып, өлкөнүн бардык жерине жайылган. Зимбабведе кызамык эпидемиясынан эмделбеген 157 бала каза болду. Зимбабвенин Маникаленд провинциясында апрель айында кызамык эпидемиясы жарыяланып, өлкөнүн бардык жерине жайылган. Зимбабве Ковид-19  учурлары күчөп турганда дагы балдарды кызамыкка каршы эмдөөнү улантты, бирок вакциналарга каршы үгүттөгөн диний топтор эмдөөгө тоскоол болушкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Ковид-19 чектөөлөрүнүн жеңилдетилишинен кийин чиркөө жыйындарынын кайра башталышы менен кызамыктын мурда жабыркаган аймактарга жайылышына  жол ачкандыгы билдирилди.  Өкөмт 6 ай менен 15…

Прочитайте больше

Россия ТИМи: Ооганстан АКШ күчтөрү киргенден кийин баңги лабораториясына айланган

Россия ТИМи: Ооганстан АКШ күчтөрү киргенден кийин баңги лабораториясына айланган

АКШ жана анын союздаштары Ооганстанга басып кирген күндөн бери өлкөдө баңги өндүрүшү көбөйүп, дүйнөдөгү эң ири баңги лабораториясына айланган. АКШ жана эл аралык коалициянын 20 жылдык аскерий катышуусунда Ооганстанда баңгизат өндүрүшү 40 эсеге көбөйүп, өлкө эң чоң “метамфетамин лабораториясына” айланган. Бул туурасында Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жаңы чакырыктар жана коркунучтар департаментинин директору Владимир Тарабрин РИА Новостиге билдирди. “АКШнын жана анын НАТО боюнча союздаштарынын бул өлкөдө жыйырма жылдык болушунун натыйжасында Ооганстан баңги мамлекетине айланды: опиаттарды мыйзамсыз өндүрүүнүн көлөмү…

Прочитайте больше
1 3 4 5 6 7 47