Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаал начарлоодо. Мэриянын кайрылуусу

Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаал начарлоодо. Мэриянын кайрылуусу

Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарын өз алдынча дарыланбоого жана дарыгерлерге байланышууга чакырды. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы жазды. Маалыматта 17-январга карата Кыргызстан боюнча 781 учур катталса, анын 658и борбор калаада аныкталганын жана коронавирус боюнча абал курч экени айтылат. Тез жардам борборунун маалыматы боюнча, акыркы суткада 589 адам тез жардам кызматына кайрылган. Алардын 479уна жардам көрсөтүлгөн жана 412 бейтап телефон аркылуу консультация алышкан. Ошондой эле, 111 адам ооруканага жаткырылган. Алардын 21и COVID-19 менен, 37си пневмония…

Прочитайте больше

COVID-19: Акыркы суткага карата статистика

COVID-19: Акыркы суткага карата статистика

Акыркы суткада коронавирус дагы 586 адамдан аныкталды. Бул тууралуу COVID-19 боюнча атайын штаб билдирди. 14-январга карата маалымат: Бишкек – 435 Ош шаары – 22 Чүй облусу  – 49 Ош облусу – 9 Талас облусу – 11 Нарын облусу – 1 Ысык-Көл облусу – 17 Жалал-Абад облусу – 37 Баткен облусу – 5 Жуктуруулардын жалпы учуру  188 206га жетти. Соңку суткада 111 адам айыгып ооруканалардан чыгышты жана илдеттен жалпы  180 740 киши айыкты. Акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан …

Прочитайте больше

Ооруп жаткан учурда эмдөөдөн өтүүгө болобу? Жооп

Ооруп жаткан учурда эмдөөдөн өтүүгө болобу? Жооп

Курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар убактылуу эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр болуп саналат.  Бул тууралуу 14-январда өткөрүлгөн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди. «Жугуштуу оору, анын ичинде COVID-19 менен ооруп жаткан адам менен байланышта болгон адам карантиндик мөөнөт аяктагандан кийин гана эмделет. Курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар эмдөөгө убактылуу каршы көрсөтмөлөр болуп саналат. Эмдөө, адам айыккан соң 2-4 жумадан кийин же ремиссиядан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн», – деди ал. Ошондой эле,  Кыргызстанда…

Прочитайте больше

БУУ сегиз өлкөнү добуш берүү укугунан ажыратты

БУУ сегиз өлкөнү добуш берүү укугунан ажыратты

БУУнун өкүлдөрү 8 мамлекетти уюмдун бюджетине керектүү салым кошпогондугу үчүн Башкы Ассамблеяда добуш берүү укугунан ажыратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин тиешелуу катына таянуу менен жазышты. Алар Иран, Венесуэла, Судан, Антигуа жана Барбуда, Конго, Гвинея, Папуа-Жаңы Гвинея жана Вануату өлкөлөрү. Уюмдун уставына ылайык, эгерде уюмга мүчө бир мамлекеттин карызы мурунку эки жыл үчүн төлөшү керек болгон төгүмдөрдүн суммасына барабар же андан ашса, анда өлкөнүн добуш берүү укугу токтотулат. Бирок, эгерде төлөнбөгөн…

Прочитайте больше

Орусия Украинаны НАТОго киргизбеш үчүн согуш ачабы?

Орусия Украинаны НАТОго киргизбеш үчүн согуш ачабы?

Орусия менен НАТОнун аскердик багыттагы тиреши уланып жатат. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, тиреш күчөдү. Негизги маселе Орусиянын аскерлери Украинанын чек арасына жакын жерде машыгууларын өткөрүүсүнөн кийин АКШ баштаган Европадагы өнөктөштөр кол салууга даярданып жатат деген айып коюшту. Бул Киевдин НАТОго кошулуу тууралуу аракетине Орусиянын каршылыгынын реалдуу көрүнүшү катары бааланууда. Эгер Украина аскердик алянска мүчө болсо, НАТОнун аймагы кеңейип, Орусияга кооптонуу жаратат деп, “коопсуздук боюнча кепилдик” талап кылууда. Эмесе сөз башынан болсун. Өткөн жылдын күз айларында…

Прочитайте больше

Н. Назарбаев Кытайда экендиги айтылууда

Н. Назарбаев Кытайда экендиги айтылууда

Бүгүнкү күндө Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев жана анын жакын туугандарынын кайда экендиги көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Самат Абиш Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары кызматынан кетпегени кабарланды. Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси (каза болуп калган агасы Сатыбалдынын уулу) Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары кызматын сактап калды. Бул тууралуу мекеме 14-январда жарыялаган билдирүүдө айтылат. Буга чейин жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып, Самат Абиш Алматыда кармалганын кабарлашкан. Бирок атайын кызмат бул маалыматты дароо четке какты. “Суроолор…

Прочитайте больше

Касымдын апасы менен акыркы коштошуусу тууралуу жүрөк сыздаткан баян

Касымдын апасы менен акыркы коштошуусу тууралуу жүрөк сыздаткан баян

 Шейит Сулейманинин бир тууганы: 🔹Энебиз катуу ооруп жаткандыктан, Касым ажы Сирияга өтө маанилүү миссия үчүн барууга аргасыз болгон жана бул миссияда шейит Сулейманинин болушу керектиги баса белгиленген. Хаж Касымдын апасы менен коштошуу учуру айрыкча көрүнүш болду; Касым ажы апасынын алдына чөгөлөп, апасынын тизесине башын коюп: «Апаке батаңды бер» дейт. Кийин дагы шейит Сулеймани апасына кайтып келип, анын жанына уктап, аны кучактап, башын колуна коюп, эркелетти. Касым ажы үч жолу тирүү, апасына кайтып келди, баары Касым…

Прочитайте больше

COVID-19: Бишкек кызыл зонада. Чектөө чараларын киргизүү зарыл

COVID-19: Бишкек кызыл зонада. Чектөө чараларын киргизүү зарыл

12-январга карата коронавирус боюнча тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргызстан “сары зонада”, ал эми Бишкек шаары “кызыл зонада” турат.  Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб билдирди. Буга чейин, Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганын жана өлкөдө жаңы “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Ошондуктан, Кыргызстанда COVID-19га каршы экинчи жана үчүнчү вакциналарды алуунун аралыгы кыскартылды. Эми кыргызстандыктар коронавирус инфекциясына каршы бустердик (вакцинанын 3-дозасы) дозаны…

Прочитайте больше

COVID-19: Акыркы суткада 742 учур катталды

COVID-19: Акыркы суткада 742 учур катталды

13-январга карата бир суткада 742 адамдан коронавирус аныкталып, 3 адам каза тапты.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Эң көп Бишкек шаарында 632 учур катталган. Ал эми Ош шаарында 8, Чүй облусунда 42, Ош облусунда 5, Талас облусунда 8, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 22, Жалал-Абад облусунда 15 жана Баткен облусунда 8 адамдан илдет табылган. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 187 миң 620га, каза тапкандардын жалпы саны 2826га жетти. Кечээ, 12-январга карата…

Прочитайте больше

Окумуштуулар: Дүйнөлүк океандын температурасынын жогорулашы рекорддук чекке жетти

Окумуштуулар: Дүйнөлүк океандын температурасынын жогорулашы рекорддук чекке жетти

Окумуштуулар дүйнөлүк океандын антропогендик жылуулукту сиңирүүсү рекордук чекке жеткенин билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Климат таануучулардын эл аралык тобу глобалдык жылуулуктан улам 2021-жылы океандагы температурасынын рекорддук жогорулашын катташкан. Маалымат Advances in Atmosheric Science журналына жарыяланган макалада жазылган. Окумуштуулар 2021-жылы океандардын жылуулук сиңирүүсүнүн өзгөрүшүнө анализ жүргүзүшүп, деңиз суусунун температурасы байкоолордун бүткүл тарыхында рекорддук көрсөткүчкө жеткенине күбө болушкан. Эң көп жылыган Түштүк жана Атлантика океандары болгон. Буга антропогендик парник газдарынын концентрациясынын жана жылуулук берүүнүн климаттык…

Прочитайте больше

Саясат таануучу: Нур-Султан шаары кайрадан Астана болуп өзгөртүлүшү мүмкүн

Саясат таануучу: Нур-Султан шаары кайрадан Астана болуп өзгөртүлүшү мүмкүн

Казакстандагы башаламандыктардан кийин өлкө бийлиги республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин мурасын текшерүүнү сөзсүз баштайт. Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан кайрадан Астана деп өзгөртүлүшү мүмкүн. Мындай көз карашты Саясий эксперттик топтун жетекчиси Константин Калачев билдирди.  “Менин оюмча, бул тез арада болот. Нур-Султан кайрадан Астана болот”, — деди саясат таануучу Lenta.ru сайтына берген маегинде. Саясат таануучу учурда расмий маалыматтарда борбор шаар Нур-Султан деп аталбастан, жөн эле “Казакстандын борбору” деп аталып жатканын эске салды. Экс-президент Назарбаев бүгүнкү күнгө чейин…

Прочитайте больше

БУУ: Йеменде 16 миллионго жакын адам колдоого муктаж

БУУ: Йеменде 16 миллионго жакын адам колдоого муктаж

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Йемен элине жардам берүү үчүн 4 миллиард долларга жакын каражатка муктаж. БУУга 2022-жылы миллиондогон йемендиктерди колдоо үчүн болжол менен 3,9 миллиард доллар керек болот, деди БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу жана Өзгөчө кырдаалдар боюнча координаторунун орун басары Рамеш Раджасингем уюмдун Коопсуздук Кенешине.    Раджасингемдин айтымында, Йеменде 16 миллионго жакын адам колдоого муктаж. “Мен бардык донорлорду Йемен элине колдоо көрсөтүүгө жана мүмкүн болсо быйылкы жардамды көбөйтүүгө чакырам”, –…

Прочитайте больше

Вице-мэр: Бишкекте мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидабалга жараша чечилет

Вице-мэр: Бишкекте мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидабалга жараша чечилет

Бишкекте мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша чечилет. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдиргенин “Sputnik” агенттиги жазды. Анын айтымына караганда, учурда коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын отуруму күтүлүп жатат. “Отурумда Саламаттык сактоо министрлиги өз сунуштарын киргизсе керек. Азыр биз массалык иш-чараларды уюштурбай, жыйындарды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Мектептердеги эпидемиологиялык кырдаалга көз салып жатабыз. Бүгүн-эртең байкаштырабыз, ооругандар көп болсо чара көрөбүз”, –  деген Мозгачева. Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталды. Дүйнө жүзүн кооптондурган…

Прочитайте больше

Кабуснама

Кабуснама

Кабуснама 1082-жылы Кухистан султаны Искендер бин Кабустун өз уулу Гилан Шахка карата кылган насааттары болуп саналат. Тарых боюнча көптөгөн падыша, султан жана мамлекет адамы тарабынан бир канча тилге которулуп, тарыхый жана ахлак чыгармаларына булак болуп эсептелет. КАБУСНАМА Эй уул, мен эми карыдым. Алсыз жана азыгым жок абалда жолдун акырына келдим. Өлүм катын колума беришти. Ал кат – сакалымдын агаруусу. Азыр сага өмүрлүк тажрыйбаларым менен тапкан бир канча насаатым жаныңа калтырар белегим болсун. Бул насааттарыма моюн…

Прочитайте больше

Казакстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилди

Казакстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилди

Казакстанда Алихан Смаилов башында турган өкмөттүн жаңы курамы бекитилди. Ал мурдагы премьер-министрдин биринчи орун басары болгон. 5-январда Казакстандын президентинин жарлыгы менен премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин көпчүлүк мүчөлөрү өз орундарын сактап калышкан же кызматтынан көтөрүлүшкөн. Жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 11-январь күнү кечке маал кол койду. Премьер-министрдин мурдагы орун басары Роман Скляр өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Вице-премьер Ералы Тугжанов мурдагы кызматында калды. Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов да өз кызматында калтырылды…

Прочитайте больше
1 3 4 5 6 7