Касым-Жомарт Токаев аскерлерге ок чыгарууга уруксат берди

Касым-Жомарт Токаев аскерлерге ок чыгарууга уруксат берди

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев армияга, укук коргоо органдарына эскертүүсүз ок чыгарууга буйрук берди. “Бизди тынчтык жолу менен келишимге барууга чакырышууда. Кандай акмакчылык. Адам өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн? Террористтер өлтүрүлүшү керек! Бул иш жакында толугу менен аткарылат!”, – деди ал. Өлкө башчысы террористтер мамлекеттик жана жеке менчик мүлктөргө зыян келтирип, жарандарга каршы курал-жарак колдонуп жатышканын, ошол себептүү укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууну буйруганын түшүндүрдү. Ошондой эле, Токаев Казакстандагы мыйзамдык тартипти камсыздоодо жардам көрсөткөнү…

Прочитайте больше

Алматыда түнү менен атышуу болгону, көчөдө жансыз денелер жатканы айтылууда

Алматыда түнү менен атышуу болгону, көчөдө жансыз денелер жатканы айтылууда

Казакстандын маалымат каражаттары Алматы шаарындагы атышуу түнү бою уланып, дагы деле атышуунун үндөрү угулуп жатканын маалымдашты. Бул тууралуу маалыматты күбөлөр билдиришкен. “Шаарда түнү бою ок атышуулар угулду. Ал эми айрым жерлерде атышуунун үндөрү дагы эле угулуп жатат. Шаардын борборунда митингчилердин тобу “МИР” телеканалынын имаратын тосуп алышты. Жабыркагандар бар”, – деп жазылат маалыматта. “Хабар 24” телеканалынын маалыматына караганда, каза болгондордун жансыз денелери көчөлөрдө ачык эле жатат. Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык…

Прочитайте больше

Кыргызстан Казакстанга 150 аскер жөнөтүүнү пландап жатат

Кыргызстан Казакстанга 150 аскер жөнөтүүнү пландап жатат

Кыргызстан Казакстандагы кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү максатында 150 аскер жөнөтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында айтты. Мындан тышкары 8 бронетехника жана 11 аскердик унаа жөнөтүү пландалып жатканын билдирди. Ташиев Жаматтык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөлөрү: Армения – 100-300, Орусия – 1400, Беларусия – 400, Тажикстан – 100-200 аскерин жөнөтүү боюнча чечим кабыл алганын да кошумчалап өттү. Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган….

Прочитайте больше

Израилдин палестиналыктарга кийлигишүүсү

Израилдин палестиналыктарга кийлигишүүсү

Батыш Шерианын түндүгүндө орун алган Балата палестиналык качкындар лагеринде болгон куралдуу кагылышууда палестиналык бир жаш каза болду. Израил аскерлеринин оккупациядагы  Батыш Шериада 22 палестиналыкты камакка алгандыгы билдирилди.  Палестиналык туткундар коомунун басма сөз координатору Эмани Саран Израил күчтөрүнүн Батыш Шерианын ар кайсы жерлерине тинтүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди. Саран тинтүү  учурунда көпчүлүгү Наблус, Тубас жана Рамалла шаарларынан келген 22 кишинин кармалганын билдирди. Оккупациядагы  Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде үйлөрдө  тез – тез тинтүүлөрдү жүргүзгөн  Израиль күчтөрү, ар кандай шылтоолор менен палестиналыктарды камоодо. Батыш Шериа жана…

Прочитайте больше

Пакистандагы жамгыр жашоого терс таасирин тийгизди

Пакистандагы жамгыр жашоого терс таасирин тийгизди

Катуу жамгыр Белужистандын Гвадар, Чаман, Ормара жана Кеч аймактарында таасирдүү болду. Пакистандын Белужистан аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам үйлөр кыйрап, жолдор бузулду. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, катуу жамгыр Белужистандын Гвадар, Чаман, Ормара жана Кеч аймактарында таасирдүү болду. Жаандан улам Каманда 200дөн ашуун үй жана билим берүү мекемелери кыйрап, жолдор бузулду. Көптөгөн аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, үйлөрдү суу каптады. Белужистан өкмөтү Гвадарда өзгөчө кырдаал жарыялады. Жаан-чачын таасирдүү болгон аймактарда издөө-куткаруу иштерине армия жана деңиз флотунун…

Прочитайте больше

Кымбатчылыктын себеби: Кытай азык-түлүктүн дүйнөлүк запасынын жарымын сатып алып койгон

Кымбатчылыктын себеби: Кытай азык-түлүктүн дүйнөлүк запасынын жарымын сатып алып койгон

Кытай жүгөрү жана башка дан азыктарынын дүйнөлүк запасынын жарымынан көбүн сатып алып, бул өз учурунда бүтүндөй планетада баалардын кескин өсүшүнө алып келди.  Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты. Кымбатчылыктын бирден-бир себеби дүйнөлүк калктын 20 пайызы жашаган Кытайдын азык-түлүк запасын топтоосу болгон. Бул тууралуу Кытайдын азык-түлүк жана стратегиялык резервдер боюнча улуттук башкармасынын бөлүм башчысы Цинь Ююнь өзү билдирген. «Биздин өлкө азык- түлүк, үн запасын тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткирди. Буудайдын запасы бир жарым жылга жете турган суроо-талапка…

Прочитайте больше

Түркмөн чек арачылары менен «Талибан» жоочуларынын ортосунда атышуу болду

Түркмөн чек арачылары менен «Талибан» жоочуларынын ортосунда атышуу болду

3-январда түркмөн-ооган чек арасында Түркмөнстандын чек арачылары менен “Талибан” кыймылынын жоочуларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болду. Ракеталарды колдонуу менен атышуу болгонун дүйшөмбү күнү Ооганстандын Жаузжан провинциясындагы Хамяп районунун тургундары билдиришти. Кийинчерээк бул маалыматты ооган ЖМКлары ырасташты. TOLOnews басылмасы талибдердин жергиликтүү бийлигине шилтеме кылып, атышууга түркмөн чек арачыларынын “Талибандын” жоочуларын көздөй ок чыгаруусу себеп болгонун кабарлады. Маалыматка караганда, алар аймакка түркмөн чек арачылары атып өлтүргөн деп болжолдонуп жаткан жергиликтүү тургундун өлүмүн иликтөө үчүн барышкан. ТАСС агенттиги Ооганстандагы…

Прочитайте больше

Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери кирди

Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери кирди

Орусиянын маалымат каражаттары Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери киргенин маалымдашты. Маалыматта Орусиянын аскер кызматкерлери Казакстандын аймагына киргени, алар атышуу болуп жаткан Алматы шаарына барышы мүмкүн экени айтылат. Учурда Алматынын борборунда атышуу уланууда. Буга чейин, Жамааттык коопсуздук келишими уюму өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтөрү маалымдалган. Бул тууралуу уюмду жетектеген Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Фейсбукта билдирген. Эскерте кетсек, кечээ, шаршемби күнү кечинде Токаев ЖККУ өлкөлөрүнөн аскердик колдоо сураган эле. Белгилей кетсек, ЖККУга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана…

Прочитайте больше

Береке жана берекесиздик

Береке жана берекесиздик

Суроо: Береке жана берекетсиздик деген эмне? ЖООП Береке – бул аз оокаттын көп пайдага жароосу. Аз оокат берекелүү болгондо көп адамдын ырахат болуусуна, жакшы иштердин кылынуусуна жарайт. Ээсинин дүнүйөдө жана акыретте жамандыкка кирүүсүнө себеп болчу берекелүү болбогон көп оокат болот. Ошондуктан, мал-оокаттын көп болуусун эмес берекелүү болуусун тилеш керек! Ырыскы эч өзгөрбөйт, азайбайт жана көбөйбөйт. Эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт. Эч ким өз ырыскысын жеп бүтүрмөйүн өлбөйт. Ким эгер Аллаху таала буйрук кылгандыгы үчүн…

Прочитайте больше

Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү боюнча Иран менен Ирактын биргелешкен билдирүүсүн

Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү боюнча Иран менен Ирактын биргелешкен билдирүүсүн

Тегеранда Иран Ислам Республикасы менен Ирак Республикасы шейит кеткен командирлери Касем Сулеймани, Абу Махди ал-Мохандес жана анын кесиптештерине каршы кылмыш иши жана террордук актыларды иликтөө боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу Ирандын сот бийлигинин эл аралык иштер боюнча министринин орун басары Казем Гарибабади билдирди. Ал Иран менен Ирактын биргелешкен комитетинин экинчи жыйынында: «Тергөө боюнча комитеттин биринчи жыйыны 2021-жылдын 24-25-ноябрында Багдадда өткөн, экинчи жыйыны 21-22-декабрда Тегеранда өттү», – деди. Ал эки тарап билдирүүсүндө, Багдад эл аралык аэропортунда генерал Касем Сулеймани менен Абу Махди аль-Мохандеске каршы жасалган кылмыштуу…

Прочитайте больше

Юша алейхиссалам

Юша алейхиссалам

Исраил уулдарына жиберилген пайгамбарлардан. Муса алейхиссаламдан кийин жиберилип, Муса алейхиссаламдын жээни же өкүлү эле. Аты Юша болуп, христиандар Йешу дешет. Юсуф алейхиссаламдын урпагы болгон Нундун уулу. Энеси Муса алейхиссаламдын кыз бир тууганы. Юша алейхиссалам Муса алейхиссаламга билдирилген диндин негиздерин адамдарга насааттады. Мысырда туулган Юша алейхиссалам Муса алейхиссаламдын өзгөчө шакирти, калыс кызматчысы жана эң жакын досторунан эле. Муса алейхиссалам Фараондун зулумдугунан улам Аллаху тааланын буйругу менен өзүнө ишенген жана баш ийгендер менен бирге Мысырдан Тих чөлүнө…

Прочитайте больше

Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди. «2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү күчөтүлдү. Биз Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты – элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү жүргүзө…

Прочитайте больше

“Молдо” лакабын алып жүргөн кыргыз акындары

“Молдо” лакабын алып жүргөн кыргыз акындары

Мурда кыргыздар “молдоке” деп сабаттуу жана агартуу тармагында чоң салымы бар инсандарга урмат менен кайрылышчу. Бирок совет доорунда молдолорду эски бай-манаптык коомдун жактоочулары деп, кыйла куугунтукка алышкан. Ошого карабастан, карапайым калк арасында алар жогорку даражага ээ болуп, дайым сыйланып келишкен. Кыргыздын молдо акындары мусулмандардын эркиндиги үчүн күрөшкөн, маданиятын көтөрүүгө умтулган, сабаттуулукка жол ачкан өз доорунун алдыңкы адамдары, улуттук интеллигенциянын алгачкы өкүлдөрү деп сыймыктануу менен айта алабыз. Бүгүнкү макалабызда “молдо” лакабын алып жүргөн акын-ойчул, агартуучулардын айрымдарына…

Прочитайте больше
1 5 6 7