Блинкендин сапары Борбор Азия менен Россиянын алакасын солгундата алабы?

Блинкендин сапары Борбор Азия менен Россиянын алакасын солгундата алабы?

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азияга сапарын баштады. Блинкен Казакстандын борборуна алгачкы расмий сапары менен келип, республиканын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушту. Анын аймакка болгон сапарынын максаты – чөлкөмдөгү өлкөлөрдү АКШ менен кызматташууга өткөрүү жана санкциялык режимди бузбоо. Бирок америкалык саясатчы региондогу жагдайды олуттуу түрдө өзгөртө албайт, деп эсептейт эксперт. Блинкендин сапарынан эмнени күтүүгө болот? АКШнын мамкатчысы Борбор Азияга эмнеге барды? АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азияга эки күндүк…

Прочитайте больше

Балдарды интернеттеги терс маалыматтан кантип коргоо керек?

Балдарды интернеттеги терс маалыматтан кантип коргоо керек?

Азыркы учурда баңгизат, спирт ичимдиктерин жарыя салган, таш боордук менен мыйзамсыз жүрүм-турумдарды актаган, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарган медиа-продукциялардан өсүп келе жаткан муунду коргоого чакырган маалымат коопсуздугу ата-энелер үчүн актуалдуу маселе болуп калды. Интернет-технологиясынын кол жетерлик болуп өсүшү менен Интернеттеги маалыматтардын коопсуз болушуна карата талаптардын деңгээли да жогорулашы керек. Балдар менен өспүрүмдөрдү бүткүл дүйнөлүк “желеден” сактоо үчүн кээ бир маалыматтарга тыюу салып коюуга дайыма эле боло бербестигин бүгүнкү күндө ар бир адам түшүнөт.   Сиздерге сунушталган көрсөтмөлөр…

Прочитайте больше

АКШ Талибанга 7,2миллиард долларлык курал-жарак калтырган

АКШ Талибанга 7,2миллиард долларлык курал-жарак калтырган

Америка Кошмо Штаттары 2021-жылдын жай айларында Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенде, алардын курал-жарак, аскердик техника жана жабдыктары өлкөнүн жаңы бийлигинин карамагында калган. Курал-жарактын жалпы суммасы кеминде 7,2 миллиард доллар деп болжонгон. Бул тууралуу АКШнын Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча атайын инспектору Жон Сопконун баяндамасында айтылганын The Wall Street Journal жазды. Мындай отчет ооган армиясынын тез жеңилүүсүнүн жана өлкөнү талиптердин тез басып алуусунун себептерин түшүнүү максатында АКШ Конгрессинин атынан жазылган. Ооганстанда калган жабдуулардын арасында учактар, ракеталар, байланыш каражаттары жана биометрикалык аппараттар…

Прочитайте больше

АКШдан Кыргызстанга почта аркылуу марихуана жеткирилген канал аныкталды. Видео

АКШдан Кыргызстанга почта аркылуу марихуана жеткирилген канал аныкталды. Видео

 АКШдан Кыргызстанга эл аралык почта аркылуу ири көлөмдө марихуана ташыган трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди. “«Манас» бажысынын кызматкерлери КР ИИМ БМЖККК жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык почта компаниясы аркылуу АКШдан «марихуана» баңги затын жеткирген туруктуу каналды түзгөн трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту жана жок кылышты”, – деп айтылат маалыматта. Табылган «марихуана» баңги затынын жалпы салмагы 2 кг 99 граммды түзгөн. Мындан…

Прочитайте больше

Италияда кеме кырсыгынан 60тай киши набыт болду

Италияда кеме кырсыгынан 60тай киши набыт болду

Италияда мигранттарды ташып келе жаткан кеме кырсыкка учурады. Расмий маалыматка караганда, кеминде 59 киши өлдү, арасында балдар да бар. 80ден ашууну аман калды, 20 чакты адам ооруканага жаткырылды. Тирүү калгандардын айтымында, кемеде 140-150 киши болгон. Кеме бир нече күн мурун Түркиянын Измир портунан жолго чыккан. Италиянын Калабрия провинциясынын чыгыш жээгинде бороондон улам аскага урунган. Кемеде Ооганстан, Пакистан, Иран жана Сомолиден келе жаткан мигранттар болгон. Жылына миңдеген мигранттар Жакынкы Чыгыштан жана Африканын түндүгүнөн мыйзамсыз жол менен…

Прочитайте больше

Түркияда кайрадан жер силкинип, 70тей адам ооруканага жеткирилди

Түркияда кайрадан жер силкинип, 70тей адам ооруканага жеткирилди

Түркиянын чыгышында күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталганын, Европалык Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) маалымдады. Жер титирөө биздин убакт боюнча 15:00дор чамасында катталган. Жер титирөөнүн очогу эки километр тереңдикте, эпиборбору 449 миң калкы бар Шанлыурфа шаарынан 123 чакырым түндүк-батышта жана 441 миң калкы бар Малатия провинциясынан 16 чакырым түштүк-чыгышта орун алган. Алгач жер титирөөнүн күчү 5,6 балл деп айтылып, кийин 5,8 балл болгону маалымдалды.Табигый кырсыктарды жоюу бөлүмүнүн башчысы Юнус Сезер жер титирөөнүн кесепетинен бир киши…

Прочитайте больше

АКШ Путиндин өзөктүк курал боюнча айткандарына жооп берди

АКШ Путиндин өзөктүк курал боюнча айткандарына жооп берди

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Россиянын өзөктүк курал боюнча даярдыгында эч кандай өзгөрүү жок деп эсептейт жана бул маселе боюнча Москва менен үзгүлтүксүз түз байланышта экенин билдирди.  “Чындыгында, азыркы этапта биз россиялык өзөктүк куралдарынын даярдыгынын өзгөргөнүн байкаган жокпуз жана өз күчтөрүбүздүн даярдыгына кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүнү зарыл деп эсептебейбиз”, – деди Салливан CNN телеканалына берген маегинде. Муну менен ал Украинанын айланасындагы чыңалуунун күчөшү жаңы баскычка чыгып, Москва кийинки деңгээлдеги куралдарды колдонууга өтөбү деген суроого жооп…

Прочитайте больше

Кыргыз калпагы Иранда кызыгуу жаратты. Кыргызстандык имам Иран президентинин колунан сыйлык алды

Кыргыз калпагы Иранда кызыгуу жаратты. Кыргызстандык имам Иран президентинин колунан сыйлык алды

Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышында экинчи орунду багындырган кыргызстандык Мухаммадяр кары Курбанбеков Иран президенти Ибрахим Раисинин колунан сыйлык алды. Тегеран шаарында өткөн жарышка 80 өлкөдөн карылар катышып, алгачкы тур онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн. Курбанбеков Мухаммадияр кары мырзалар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча экинчи орунду багындырды. Биринчи жана үчүнчү орундарды Иран жана Ливан алды. Муфтияттын маалымат кызматы вице-чемпиондун кыскача маегин чыгарды.  Ассаламу алейкум, Мухаммадяр кары! Жеңишиңиз кут болсун! — Ыракмат. Алла баарыбыздан ыраазы болсун….

Прочитайте больше

Кыргызстандык кары Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды

Кыргызстандык кары Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырды

Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.  Маалыматка караганда, жарышка 80 өлкөдөн карылар катышты. Конкурстун алгачкы туру онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн.  Финал 18-февралдан 22-фералга чейин Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүп, жыйынтыктоо аземине Ирандын президенти Ибрахим Раиси катышты. Атайын критерийлер боюнча өткөн конкурстун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду: Мырзалар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча: 1-орун – Мухаммад Жавад, Иран Ислам Республикасы; 2-орун – Курбанбеков Мухаммадияр кары, Кыргызстан; 3-орун Исмаил Хамдан, Ливан. Кыраат…

Прочитайте больше

Байден жашыруун сапары менен Украинага эмнеге барды?

Байден жашыруун сапары менен Украинага эмнеге барды?

 Акыркы 15 жылдан бери биринчи жолу америкалык президент Украинага келди.  Күтүүсүз сапары менен келген Жо Байден 20-февралда Киевде Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Байдендин сапары жөнүндө алдын ала айтылган эмес. Анын сапары күтүүсүз болду, анткени Ак үйдүн жарыялаган графигине ылайык, Байден Польшага шейшемби күнү эртең менен келиши керек болчу жана Украинанын аймагына визити таптакыр пландалган эмес. Бирок Киев Байдендин сапарын “жашыруун” жана “күтүлбөгөн жерден” катары көрсөтсө да, Ак үй “жаңжал кырдаалын болтурбоо үчүн” сапардын алдында бир-эки саат мурун Москваны…

Прочитайте больше

Түркияда кайрадан жер титиреди

Түркияда кайрадан жер титиреди

20-февралда Түркияда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегиз чамасында магнитудасы 6,4 жана 5,8 балл болгон эки жер силкинүү катталды. Зилзаланын очогу Сирия менен чектеш Хатай провинциясында орун алды. Жер тиртирөө Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израилде да сезилди. Түркиянын ички иштер министри Сүлеймен Сойлу 20-февралдагы жер титирөөдөн кеминде үч киши өлүп, 213 адам жаракат алганын кабарлады. Кыйраган имараттар да бар. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу башкармалыгы (AFAD) адегенде зилзала катталган аймактагы жарандарга жээктерде цунами болорун эскертип, кийин…

Прочитайте больше

Африка биримдигинин саммитинин ачылышында Израилдин делегациясы эшикке чыгарылды. Видео

Африка биримдигинин саммитинин ачылышында Израилдин делегациясы эшикке чыгарылды. Видео

 Израилдин делегациясы Эфиопияда өткөн Африка биримдигинин саммитинин ачылыш аземинен чыгарылды. Бул тууралуу  «Times of Israel» гезити еврей мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды. Маалыматка караганда, саммиттин ачылыш аземинде коопсуздук кызматкерлери делегациянын өкүлдөрүнө келип, алардын чыгып кетишин суранган. Бир нече мүнөттөн кийин дипломаттар иш-чарадан чыгып кетишкен. “Израилдин аккредиттелген байкоочу статусуна карабастан элчи Шэрон Бар-Линин Африка биримдиги залынан чыгарылган окуяга олуттуу мамиле кылат. Биз Африка өлкөлөрүн Африка биримдигинин өзүнө жана бүт континентке зыян келтирген бул аракеттерге каршы турууга чакырабыз”,…

Прочитайте больше

АКШ Украина НАТОго мүчө боло албасын моюнга алды

АКШ Украина НАТОго мүчө боло албасын моюнга алды

 Украина НАТОго мүчө боло албайт, бирок ал Европа менен АКШнын өнөктөштүгүнө ишене алат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин Тышкы саясат кеңешинин мүчөсү, Bloomberg агенттигинин баяндамачысы Хол Брэндс жазды. «Украинанын «А» планы өлкөнүн НАТОго мүчө болушуна мүмкүндүк бериши мүмкүн… Тилекке каршы, мунун ишке ашуусу күмөн жаратат», – деди Брэндс. Ал аймактык талаштары бар өлкөлөр альянска кире албай турганын эске салды. Брэндсдин айтымында, Украинанын «Б» планы бар: Батыш менен формалдуу түрдө альянстарга катышпастан байланышты сактап, өзүнүн күчтүү армиясын куруу….

Прочитайте больше

Экс-президенттер кимдин кечиримине муктаж?

Экс-президенттер кимдин кечиримине муктаж?

 Президент менен УКМК төрагасынын Дубайдагы окуясы экс-президенттерди бириктирсе да, жөнөкөй калкты кайра бөлөт. Анткени, Аксы жана 7-апрель кандуу окуяларында жакындарын жоготкондорду ынандыруу мүмкүн эмес. Түпкүлүгүндө, идея туура. Алакандай кыргыз Ала-Тоодо ары сүр, бери сүр болгону тынчтыктын ыргагын бузат. Өнүгүүнү кечеңдетет. Андыктан чыңалган коомду женилдетип, ар кимди өз жолуна салуу керек. Бирок, саясий окуялардан көз жумган же өмүр бою дарыланып жүргөндөрдү кайда алпарабыз? Алар саясий тарыхтын айныгыс чындыгы, көз жашы жана ачуу тагдыры. Балким, алардын ыраазычылыгын…

Прочитайте больше

Дүйнөлүк океандын көтөрүлүшүнөн улам бүтүндөй өлкөлөр суу астында калышы мүмкүн

Дүйнөлүк океандын көтөрүлүшүнөн улам бүтүндөй өлкөлөр суу астында калышы мүмкүн

 Эгерде глобалдык температура 2 градуска көтөрүлсө, анда бүтүндөй мамлекеттер Жердин бетинен жок болот. Бул тууралуу БУУнун кезектеги жыйынында уюмдун башчысы Антониу Гутерриш билдирди. Анын айтымында, бул көйгөй арал мамлекеттерине да, мамлекеттердин жээк аймактарына да тиешелүү. XX кылымда Дүйнөлүк океандын деңгээли мурунку кылымдарга караганда бир топ ылдам көтөрүлүүдө. Ал эми глобалдык температура 2 градуска көтөрүлсө анда бул көрсөткүч эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын изилдөөсүнө ылайык, кийинки 300 жылда суунун деңгээли эки эсе, ал тургай…

Прочитайте больше
1 44 45 46 47 48 185