Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болот

Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болот

Москва Тегерандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) толук мүчө болуу өтүнүчүн колдойт. Бул тууралуу Орусиянын Ирандагы элчиси Леван Жагарян РИА Новостиге берген маегинде билдирди. «Бир катар эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча жакын жана бири-бирине дал келген позицияларыбыз бар. Ушул жылдын сентябрь айында Дүйшөмбү шаарында өтүүчү ШКУнун саммитине байланыштуу Ирандын бул Уюмга толук кандуу мүчөлүк алуу өтүнүчүн Орусия колдоорун ырастагым келет », – деп айтты дипломат.Эске салсак, Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) туруктуу өкмөттөр аралык эл аралык уюм болуп саналат,…

Прочитайте больше

Орусияда эмгек мигранттардын жетишсиздигинен улам, эмгек акылары 25%га жогорулады

Орусияда эмгек мигранттардын жетишсиздигинен улам, эмгек акылары 25%га жогорулады

Орусияда жумушчуларга болгон суроо-талап 2021-жылдын биринчи жарымында өстү. Белгилей кетсек, пандемиянын башталышы менен пайда болгон эмгек мигранттарынын жетишсиздиги дагы эле сакталууда. Бул тууралуу РБКнын суранычы боюнча HeadHunter атайын статистика даярдаган.Пандемиянын биринчи толкуну миграциянын төмөндөшүнө алып келди – Борбор Азия өлкөлөрүнүн жумушчулары массалык түрдө үйлөрүнө кайтып келе баштаган. Абалга байланыштуу Орусияда мигрант жумушчуларга болгон муктаждык кыйла өскөн.Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдары 2021-жылдын апрелинде гана жанданган, бирок май айында өлкөдө “пандемиянын үчүнчү толкуну”…

Прочитайте больше

Путин: Ооганстандагы абал Орусияга жана Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат

Путин: Ооганстандагы абал Орусияга жана Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат

Орусиянын президенти Владимир Путин «Единая Россия» партиясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Ооганстандагы абалга баа берди. Орус лидеринин айтымында, учурда оогандык качкындарды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштыруу коркунучтуу. Анткени, миңдеген качкындар арасында ар кандай террордук топтор болушу мүмкүн. Ал эми Орусияга коңушу өлкөлөрдөн визасыз кирип чыгууга мүмкүн болгон соң, Орусияга да бир катар террорчулар кирип кетиши толук ыктымал.“Биз үрөйдү учурган окуяларга 1990-2000 жылдары күбө болгонбуз. Ооганстандагы бүгүнкү көрүнүштөр ал убакта Түндүк Кавказда да болгон жана ага эч ким кайтып…

Прочитайте больше

Президенттин кереги жок: Ооганстанды бир нече адам башкарышы мүмкүн

Президенттин кереги жок: Ооганстанды бир нече адам башкарышы мүмкүн

“Талибан” кыймылына президенттин кереги жок, ошондуктан кыймыл Ооганстанды башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүнү көздөп жатат. “Талибан” Ооганстанды башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүгө ниеттенүүдө, анын ичинде өлкөнүн мурдагы өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү бар. Бул тууралуу “Foreign Policy” журналы кыймылдын лидерлерине таянуу менен жазды. Маалыматта белгиленгендей, талибтер Ооганстанда президент же башка жалгыз лидердин кызматын калыбына келтирүүнү каалашпайт. Ошол эле учурда, Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн кеңешиндеги эң таасирдүү үч адам: талибтердин саясий канатынын лидери Абдул Гани Барадар,…

Прочитайте больше

Иранда коронавирустан каза болгондор рекорддук санга жетти

Иранда коронавирустан каза болгондор рекорддук санга жетти

Иран Ислам Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө акыркы суткада коронавирустан 684 бейтап каза болгонун билдирди. Белгилей кетсек, бул сан пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч болуп кады.Берилген маалыматтарга караштуу, өлкөдө акыркы бир сутканын ичинде КOVID-19 менен ооруган 36 419 жаңы пациент аныкталган.Калкы 80 миллиондук Ирандын төрттөн бир бөлүгү вакцина алды.Ал эми пандемиядан бери COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 4 677 114гө жетти.Тилекке каршы, акыркы 24 саатта бул оорудан 684 бейтап курман болуп, каза болгондордун жалпы саны 102…

Прочитайте больше

АКШ Ооганстанга 20 жылдын ичинде 2 трлн. доллар сарптаган

АКШ Ооганстанга 20 жылдын ичинде 2 трлн. доллар сарптаган

АКШнын Ооганстанда 20 жыл болушунун натыйжасында 240 миң киши каза болуп, 2 трлн. доллардан ашык каражат сарпталды. Ооганстандагы кырдаалды көзөмөлгө алуу максатында АКШ өлкөдө 20 жыл бою өз аскерин жайгаштырган.Браун университетинин Коомдук байланыштар жана эл аралык иштер институту 2001-жылдын күзүндө башталган АКШнын Ооганстандагы согушунун баасы 2,26 трлн. долларды түзгөнүн жарыялаган. Белгилей кетсек, бул чыгымдар Американын Коргоо департаменти жана Мамлекеттик департамент тарабынан каржыланган.Ошондой эле, бул согуштун натыйжасында 241,000 адам түздөн-түз өлтүрүлгөн. Акыркы 20 жылдагы согушта жалпысынан 2,448…

Прочитайте больше

«Талибан» Панжшерге чабуул жасоого даярданууда

«Талибан» Панжшерге чабуул жасоого даярданууда

«Талибан» жоочулары каршылык көрсөтүү күчтөрү жайгашкан Панжшерге чабуул коюу буйругун күтүп жатышат. Радикалдуу «Талибан» кыймылынын согушкерлери өздөрүнүн көзөмөлүндө эмес Ооганстандын жалгыз провинциясы – Панжшерге кол салууга даярданып жатканын РИА Новостиге булак билдирди.Бул аймакка жүздөгөн талибтер жана курал-жарактар жайгаштырылды.Белгиленгендей, учурда согушкерлер каршылык көрсөтүү күчтөрү жайгашкан Панжшерге кол салуу боюнча буйрукту күтүп жатышат.Бир күн мурун талибтер 20 жыл мурда террорчулар тарабынан өлтүрүлгөн талибтерге каршы “Түндүк альянсынын” лидери  Ахмад Шах Масуддун уулу, жергиликтүү каршылыктын лидери Ахмад Масудга багынып берүү үчүн…

Прочитайте больше

Таттуу суусундуктар өмүрдү кыскартат

Таттуу суусундуктар өмүрдү кыскартат

Курамында кумшекери көп суусундуктарды көп колдонгондордун эрте көз жумуу тобокелчилиги жогору. Бул тууралуу Калифорния университетинин окумуштуулары билдиригенин чет элдик басылмалар жазышты. Сан-Диегодогу Калифорния университетинин окумуштуулары таттуу суусундуктарды тынбай ичүү менен эрте өлүмдүн ортосундагы байланышты аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында, таттуу суусундукту көп колдонгон аялдар ар түрдүү ооруларга чалдыгып, эрте көз жумушу ыктымал деген тыянак чыгарылган. Маалыматка караганда, илимпоздор 20 жылдын аралыгында 53 жаштагы 100 миңге жакын аялдын тамактануу рационун карап чыгышып, катышуучулардын кайсы алкоголсуз…

Прочитайте больше

“Талибан” “жалпы мунапыс” тууралуу жарыясынан кийин, Бадгис полиция башчысын өлүм жазасына тартты

“Талибан” “жалпы мунапыс” тууралуу жарыясынан кийин, Бадгис полиция башчысын өлүм жазасына тартты

Талибдер Оогантандын Бадгис провинциясынын полиция башчысын өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты. Мындан бир нече күн мурун Ооганстанды басып алган “Талибан” кыймылы “жалпы мунапыс” жарыялаган. Бул билдирүүдөн көп өтпөй, “Талибандын” согушкерлери Ооганстандын Гератка жакын Бадгис провинциясынын полиция башчысы Хаджи Мулла Ачакзайды өлүм жазасына тартты. Бейшемби күнү Твиттерде тараган видеодо Ачакзайдын көзү байланып, талибдердин курчоосунда тизе бүгүп турганын жана аны бир нече жолу атып салганын көрүүгө болот. Бул маалыматты Ачакзайды тааныган Ооганстандын коопсуздук боюнча…

Прочитайте больше

“Талибан”: Кытай Ооганстанды калыбына келтирүүдө чоң роль ойной алат

“Талибан”: Кытай Ооганстанды калыбына келтирүүдө чоң роль ойной алат

“Талибандын” өкүлү Сохейл Шахин: «Пекин Ооганстанда тынчтыкты жана ички ынтымакты өнүктүрүүдө конструктивдүү роль ойноду жана биз каалагандай Ооганстанды калыбына келтирүүгө салым кошо алат”,- деп билдирди. Белгилей кетсек, ал Кытайдын CGTN каналына берген интервьюсунда: “Кытай – гигант экономикасы жана чоң өндүрүштүк кубаттуулугу бар ири өлкө. Менимче, алар Ооганстанды реконструкциялоодо, модернизациялоодо жана реабилитациялоодо абдан чоң роль ойной алышат”, – деп кошумчалады.Эске салсак, өткөн айда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И түндүк порт шаары Тяньцзинде талибдердин делегациясы менен жолугушкан.Жолугушууда Ван…

Прочитайте больше

Кыргызстанга үч айдын ичинде 7 миңден ашуун пакистандыктар келишкен

Кыргызстанга үч айдын ичинде 7 миңден ашуун пакистандыктар келишкен

Быйыл, 1-июндан баштап 18-августка чейин Кыргызстанга Пакистандын 7447 жараны келип, 4000 миңдейи кайра учуп кетишкен. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирген.Учурда Пакистан, Индиянын миңдеген студенттери өлкөдө билим алышат.Белгилей кетсек, акыркы мезгилдерде Бишкекте “сүннөт кийим” кийген Түштүк Азия чөлкөмүнүн жарандары көбөйгөндүгү боюнча коомдук тармактарда талкуу болууда. Бул көрүнүш талибдердин Ооганстанды колго алуу жараянынан кийин көпчүлүктү чоочутту. Буга байланыштуу Кыргызстандагы Пакистан студенттеринин федерациясы атайын кайрылуу жасап, элди туура кабыл алууга чакырган.“Талибдердин” Кабул бийлигин ээлөөсүнөн улам, коомубузда…

Прочитайте больше

COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча жуктургандар 210 млн., курмандыктар 4 миллиондон ашты

COVID-19: Дүйнө жүзү боюнча жуктургандар 210 млн., курмандыктар 4 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруу учурларынын саны 210 миллиондон ашты. Бул тууралуу Американын Жонс Хопкинс университети маалымдады. Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 менен ооругандардын расмий катталган саны 210 022 222ге жетти. Ал эми илдеттен курман болгондордун саны 4 403 579 адам. Аталган мекеме 5-августта жуктуруулардын саны 200 миллиондон ашканын жарыялаган. Андан бери эки аптанын ичинде 10 млн. учурга көбөйгөн. Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус  жуктургандардын саны 173 428ге жетти. Акыркы бир суткада илдеттен дагы 5 адам каза болуп, жалпы…

Прочитайте больше

АКШнын миллиарддаган долларлык куралдары «Талибандын» колуна өттү

АКШнын миллиарддаган долларлык куралдары «Талибандын» колуна өттү

АКШнын миллиарддаган долларлык куралдары «Талибандын» колуна өттү: учурда Вашингтон согушкерлердин колуна канча аскердик техника өткөнүн так эсептеп жатат. АКШ бийлиги Вашингтон тарабынан Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө берилген америкалык канча аскердик техника жана курал-жарак талибтердин колуна өткөнүн эсептеп көрүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу CBS телеканалы АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливанга шилтеме берүү менен билдирди. Анын айтымында, «Талибан» миллиарддаган долларлык аскердик техникаларга ээлик кылып калды. «АКШнын Коргоо министрлиги Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө жөнөтүлгөн жана талибтердин…

Прочитайте больше

Ооганстанда 1 трлн. долларга жакын пайдалуу кендер бар

Ооганстанда 1 трлн. долларга жакын пайдалуу кендер бар

Ооганстан жакыр эмес, анын тоолорунда 1 трлн. долларга жакын баалуу кендер катылган.  Эксперттердин божомолунда, талибдер электромобилдерди чыгарууда колдонулуучу көп жолу колдонулуучу батареяларды өндүрүү үчүн литий кендерин иштете башташы күмөн, бирок Кытай Кабулда бийлик алмашуудан биринчи пайда алуучусу болушу мүмкүн.Мындай билдирүүнү CNN телекомпаниясы АКШ бийлигинин маалыматына жана эксперттердин пикирине таянуу менен жасады. Эске салсак, бул божомолду 2010-жылы АКШнын Коргоо министрлиги билдирген.Билдирүүгө ылайык, Ооганстандагы пайдалуу кендер 1 трлн. долларга жакын деп бааланат. Алар биринчи кезекте темир, жез…

Прочитайте больше

Орусия ТИМи: Орусия Борбор Азияда орус тилдүү калкты басмырлоо учурларын каттайт

Орусия ТИМи: Орусия Борбор Азияда орус тилдүү калкты басмырлоо учурларын каттайт

Орусия Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө орус тилдүү калкты басмырлоо учурларын көзөмөлгө алууну чечти.  Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин жазды.«Биз интернеттеги акыркы материалдар, Казакстандагы, Кыргызстандагы окуялар тууралуу кабардарбыз. Алар орус коомунда кеңири резонанс жаратты. Тилекке каршы, муну биз биринчи жолу көрүп жаткан жокпуз. Тышкы иштер министрлиги, биздин Нур-Султандагы жана Бишкектеги элчиликтерибиз бул чектен чыгууну тез арада жөнгө салышты. Мен коомдук реакцияны эле эмес, практикалык кадамдарды да айтып жатам»,…

Прочитайте больше
1 2 3 4 7