“Талибандын өкүлү”: Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек

“Талибандын өкүлү”: Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек

“Талибдердин” пресс-катчысы кабардык конференцияда сөз сүйлөп, мындан ары Ооганстанда чет элдиктердин болушун кабыл албай турганын билдирди. “Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек. Биз өз жерибизде чет элдиктердин болушун кабыл албайбыз”,-деди талиптердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид.Маалыматка ылайык, Забихулла Мужахид талип өкмөтүнүн тышкы саясатына арналган пресс-конференциясы учурунда мындай деди: “Дүйнө бизди кабыл алышы керек; Биз эч кимдин үйүнө кол салган жокпуз.”Забихулла Мужахид талиптер үчүн дүйнө өлкөлөрү менен дипломатиялык карым-катнаштардын маанилүүлүгүнө токтолуп: «Биз дүйнөгө бүт өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди…

Прочитайте больше

Ашура түнү жана күнү

Ашура түнү жана күнү

Суроо: Ашура күнү жана түнүнүн маанилүүлүгү эмнеде? Жооп Мухаррам айынын онунчу күнү Ашура күнү деп аталат. Мухаррам айы Курани каримде ыйык деп билдирилген төрт айдын бири. Мухаррам айынын биринчи күнү орозо кармоо ал жылдын баарын орозо кармап өткөргөн сыяктуу сооп болот. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөндөгүдөй: “Рамазандан кийин эң фазилаттуу орозо – Мухаррам айында кармалган орозо.” [Муслим] Бул айдын эң ыйык түнү Ашура түнү болуп саналат. Аллаху таала кээ бир дубаларды Ашура күнүндө кабыл кылган. Адам пайгамбардын…

Прочитайте больше

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Пайгамбарыбыздын күйөө баласы Али ибн Абу Талиб тууралуу 16 кызыктуу факт

Бекем ыйманы, Аллах Таалага жана анын пайгамбарына болгон терең сүйүүсү үчүн көзү тирүүсүндө эле бейиш менен кубандырылган 10 сахаба тууралуу белгилүү хадис бар. Алардын бири – Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) күйөө баласы жана тууганы, акылмандыктын мыкты үлгүсү, төртүнчү адилеттүү падыша – Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун). 1- Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) жарык дүйнөгө келиши. Окумуштуулардын Алинин кайсы убакта төрөлгөнүнө карата бир нече пикирдери бар. Бир тарап, Али пайгамбарлык миссия баштала…

Прочитайте больше

«Талибан» режимди сындаганы үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө барышы мүмкүн

«Талибан» режимди сындаганы үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө барышы  мүмкүн

Орусия Ооганстан тараптан коркунуч жаралган учурда Борбор Азия өлкөлөрүнө жардам берүүгө даяр экенин Sputnik Тажикстанга Орусиянын Федерация кеңешинин Эл аралык мамилелер боюнча комитетитинин төрагасынын орун басары Владимир Жабаров билдирди. “Эгер зарылчылык жаралса жардам беребиз, бирок коргоо жана коргонуу үчүн гана”, – деди ал.Жабаров Ооганстандагы оппозициялык күчтөрдү колдоо региондо тирешүүнүн жаңы очогуна алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. “Талибан өз жоочуларын Борбор Азия республикаларына жөнөтүшү мүмкүн – бул жаман вариант. Ошондуктан Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан бул Ооганстандын ички иши…

Прочитайте больше

Ашраф Гани Ооганстандын казынасынан 169 млн. доллар уурдап кеткен

Ашраф Гани Ооганстандын казынасынан 169 млн. доллар уурдап кеткен

Ооганстандан качып кеткен президент Ашраф Гани казынадан 169 млн. долларды уурдай качкан.  Бул тууралуу Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Зохир Агбар Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдирди.Анын айтымында, Ганинин качып кетиши “мамлекетке жана улутка чыккынчылык” болуп саналат. Мындан тышкары, Агбар Ашраф Ганини камакка алуу өтүнүчү менен эл аралык сотко берүү үчүн Интерполго кайрылууга ниети бар экенин айтты.Белгилей кетсек, 18-августта Ашраф Гани БАЭнин борбору Абу-Дабиде экени кабарланган. Ал эми, мындан мурда ал Өзбекстан аркылуу Оманга учуп кеткени маалымдалган. Ашраф Гани “Фейсбук” баракчасында өлкөдө кан…

Прочитайте больше

Мехди Кухестани: Кыргызстандын тоолору өтө бийик жана теңдеши жок татаал

Мехди Кухестани: Кыргызстандын тоолору өтө бийик жана теңдеши жок татаал

Жакында Иран Ислам Республикасынан Кыргызстанга келишкен альпинисттер өз өлкөсүнүн элчилигинде болушуп, “Eurasia Today” агенттигинин журналисттерине өздөрүнүн көргөн таасирлери “Жеңиш” чокусунда болгон кырсык тууралуу маек беришти. Иран Ислам Республикасынын Бишкектеги Элчилиги “Жеңиш” чокусуна чыгууга аракет кылган Мехри Жафари айым жана Реза Адине аттуу эки ирандык альпинисттин кырсыкка учураган окуясынан тартып, жабыркаган альпинисттерге жардам берүү маселесин караган. Бул жаатта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Альпинизм Федерациясы, “Аксай Трэвел” туристтик фирмасы менен бир нече жолу байланышта болгон.Ошондой…

Прочитайте больше

30 миңден ашуун казакстандык жигиттер жубайсыз калышы мүмкүн

30 миңден ашуун казакстандык жигиттер жубайсыз калышы мүмкүн

Казакстанда эркектерге караганда аялдар көп деп ойлоого көнгөнбүз. Бирок, чындыгында абал биз күткөндөн алда канча башкача болуп чыкты.Илимпоздордун айтымында, дүйнөдө 5 млн. эркекке жубай жетишпей калышы мүмкүн.Албетте, жалпысынан алганда дүйнөдө аялдардын саны басымдуулук кылат деп айта алабыз. Бирок аялдардын басымдуу жамаатын орто жаштан ашып калган аялдар түзөт. Казакстандын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар агенттигинин Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2020-жылы аялдардын саны 9 597 645ти түзгөн. Эркектердин саны жарым миллионго аз, болгону 9 034 134 эркекти түзгөн. Бирок,…

Прочитайте больше

Олимпиадага барган спортчулар 23-августта сыйланат

Олимпиадага барган спортчулар 23-августта сыйланат

Президент Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан спортчуларды качан сыйлай тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты. Маалыматка ылайык, спортчуларды сыйлоо аземи 23-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Буга чейин, президент Садыр Жапаров Олимпиададан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек убадалаган. Белгилей кетсек, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов күмүш, Айсулуу Тыныбекова күмүш жана Мээрим Жуманазарова коло медал алышкан.

Прочитайте больше

Көлөмү 1,4 чакырым. Жерди көздөй ири астероид учуп келе жатат

Көлөмү 1,4 чакырым. Жерди көздөй ири астероид учуп келе жатат

21-августта Жер планетасына кооптуу делген 2016 AJ193 астероиди жакындайт. Бул тууралуу Москва планетарийи билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Адистеринин айтымында, астероид Жер планетасынын жанынан учуп өтөт. Аталган планетарийдин берген маалыматына караганда, NASA уюмунун эксперттери 2016 AJ193 астероиди 21-августта Жерге болжол менен 3,4 миллион чакырым жакындай турганын билдиришкен. Анын көлөмү болжол менен 1,4 чакырым деп эсептелүүдө. Астероиддер – жерге жакындаган асман телолорунун бүтүндөй бир классы. Алардын жакынкы келечекте Жер планетасына 7,5 миллион чакырым же андан да…

Прочитайте больше

Ооганстан кимдин колунда: Талибандын лидерлери

Ооганстан кимдин колунда: Талибандын лидерлери

Ооганстандагы бийликтин Талибан  кыймылына өтүшү бүткүл дүйнө коомчулугу үчүн күтүүсүз болду, эми Талибанды бүгүн ким жетектеп жатат деген негизги суроо жаралат. Көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган Талибандын негизги лидерлери тууралуу Sputnik Азербайжан жазды. Мулла Ахундзаде – кыймылдын жогорку лидери Беш жыл мурун талиптер өздөрүнүн жогорку лидери катары мусулман дин аалымы Мулла Хайбатулла Ахундзадени тандашкан. Ал Ооганстан-Пакистан чек арасына жакын жерде АКШнын куралдуу күчтөрүнүн операциясы учурунда дрондон жасалган чабуулдун натыйжасында өлтүрүлгөн Ахтар Мансурдун ордуна келген. Хейбатулла Ахундзаде 1961…

Прочитайте больше

“Талибандын” алгачкы кадамы аялдарды бийликке чакыруу, чиновниктерге мунапыс, маңзатка тыюу болду

“Талибандын” алгачкы кадамы аялдарды бийликке чакыруу, чиновниктерге мунапыс, маңзатка тыюу болду

“Талибан” бийликти колго алгандан кийинки алгачкы саясий чечимдерин жарыялады. Алар аялдарды Ооганстандагы болочок өкмөттү башкарууда катышууга чакырышаарын жана өкмөттө иштегендерди кысымсыз кайра жумушка алышаарын билдиришти. Бул тууралуу “Талибан” администрациясынын мүчөсү Энамулла Самангани телеканал аркылуу чыгып сүйлөдү.“Биз шарыятка ылайык гана иш жүргүзүп, андан аша чапкан мыйзамдары киргизбейбиз. Мисалы, аялдар мурдагыдай үйдө камалып отурушпайт, окуганга уруксат берилет жана толук чүмкөнүү шарт эмес”,- деди ал.Белгилей кетсек, 1996-2001-жылдары талибандар Ооганстанды башкарып турушканда аялдарга карата талаптар алда канча катаал болуп, шарыяттан оолак…

Прочитайте больше

Түркия “Талибанга” карата позициясын билдирди

Түркия “Талибанга” карата позициясын билдирди

Анкара Ооганстанда бийликти басып алган радикалдуу “Талибан” кыймылынын билдирүүлөрүн оң кабыл алат. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди. Анын айтымында, түрк бийлиги Ооганстандын экономикалык өнүгүүсүн жана ал жерде тынчтык жана бейпилдикти орнотууну колдоону уланта берет.“Азыркы учурда, биз талибандардын билдирүүлөрүн позитивдүү кабыл аларыбызды айткыбыз келет. Биз бардык тараптар, анын ичинде талибандар менен диалогду улантуудабыз”, – деди дипломат.Белгилей кетсек, буга чейин Чавушоглу Анкара Түркиянын Ооганстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү боюнча бардык зарыл чараларды көргөнүн жана Түркиянын Кабулдагы элчилиги өз…

Прочитайте больше

ИШИМдин картасында Борбор Азия жок. «Талибан» күчтөнсө эмне болот?

ИШИМдин картасында Борбор Азия жок. «Талибан» күчтөнсө эмне болот?

16-августта “Талибан” Кабулду курчап, өлкөнүн Президенти Ашраф Гани өлкөдөн качып чыгып кетти. Бул арада Оогантанда чет элдик жарандар менен жарыша жай тургундар да өз өлкөсүн таштап качуу аракетин көрүшүп, Кабул аэропортунда башаламандык орноп, учакка батпай калып, бортко жабышкандардын видеосу интернет желесинде желдей тарады.Ал учурда Талибан кыймылынын лидерлери Президенттин сарайын ээлеп, бийликти колго алганын жарыялады. Ошондой эле, 20 жылдан берки согуш токтогонун, өлкөнүн жашоочулары менен чет элдик дипломаттардын коопсуздугуна кепилдик берилерин билдирди.Бирок, эл аралык коомчулукта эксперттер Ооганстанда бийлигин…

Прочитайте больше

Байден АКШнын Ооганстанда кетирген негизги катачылыгын айтты

Байден АКШнын Ооганстанда кетирген негизги катачылыгын айтты

Ооганстандагы кырдаал Ак үйдүн башчысын капалантууда, бирок ал республикадан аскерлерди  чыгаруу чечимине өкүнбөйт. АКШнын Ооганстанда согушка даяр армияны түзүүгө багытталган чаралары ийгиликсиз болду. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы Жо Байден телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуусунда билдирди. Байдендин айтымында, Америка ооган армиясын машыктырууга триллиондогон доллар жумшап,  курал-жарак берген. Бирок, Кошмо Штаттары армияга жеңишке болгон эрктүүлүктү бере алган жок. Армия кыйрады, бийлик багынып, качып кетишти. Ак үйдүн башчысы америкалык аскерлерди Ооганстанга киргизүүнүн максаты АКШдагы террордук чабуулдарды алдын алуу…

Прочитайте больше

Ооганстандын 22 учагы менен 24 тик учагы Өзбекстандын чек арасын бузду

Ооганстандын 22 учагы менен 24 тик учагы Өзбекстандын чек арасын бузду

14-15-августта Өзбекстандын аба мейкиндигин бузган Ооганстандын 22 аскердик учагы менен 24 аскердик тик учагы Термездеги эл аралык аэропортко мажбурлап кондурулган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, учактардын ичинде Ооганстандын 585 куралчан аскер кызматкери болгон. Маалыматта белгиленгендей, 15-августта Ооганстандын үч “EMBRAYER-314” учагы Каршидеги  “Ханабад” аэропортуна конууга уруксат сураган. Алар Термез аэропортуна конууга буйрук алышкан. Учактарды коштоо үчүн асманга эки МИГ-29 учагы көтөрүлгөн. Учактарды коштоо учурунда Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда Ооганстандын…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 7