Эрдогандын Украинага барары тастыкталды

Эрдогандын Украинага барары тастыкталды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын 18-августта Украинага барары күтүлүүдө. Бул тууралуу  Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик маалымдаганын чет элди басмылмалар жазышты. Бул маалыматты түрк лидеринин басма сөз кызматы да тастыктаган. «Президент Режеп Тайип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чакыруусу менен 18-августта Львовго бир күндүк иш сапары менен барат», – деп жазылат маалыматта. Эрдоган Львовдо Зеленский жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат. Түрк президентинин администрациясынын маалыматына ылайык, эки өлкөнүн башчылары жолугушууда эки тараптуу мамилелердин…

Прочитайте больше

Эксперт: Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди калыбына келтирүүгө убакыт келди

Эксперт: Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди калыбына келтирүүгө убакыт келди

Россиянын илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Жакынкы жана Орто Чыгышты изилдөө боюнча борборунун илимий кызматкери Владимир Сажин Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди  калыбына келтирүүгө убакыт келгенин билдирди. Бул тууралуу ал “Russia Today” эл аралык медиа тобу тарабынан уюштурулган “Иран менен макулдашылган өзөктүк келишимди калыбына келтирүүнүн перспективалары” деген темадагы тегерек столдун алкагында билдирди. “Менин оюмча, азыр келишимди калыбына келе турган учуру келди жана ага  көптөгөн себептер бар”, – деди ал. Эксперт Россияга каршы масштабдуу санкциялардын киргизилиши европалыктардын да,…

Прочитайте больше

Шойгу: Россия Украинада өзөктүк курал колдонбойт

Шойгу: Россия Украинада өзөктүк курал колдонбойт

РФтин коргоо министри Сергей Шойгу Россиянын Украинада тактикалык өзөктүк же химиялык курал колдонуу планы жок деп билдирди. Бул тууралуу Коммерсант басылмасы жазды. Ал массалык маалымат каражаттарында чыккан тескери маалыматтарды жалган деп атады. “Аскердик көз караш менен караганда, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн Украинада өзөктүк куралды колдонуунун зарылчылыгы жок. Россиялык өзөктүк куралдардын башкы милдети — өзөктүк чабуулдарды ооздуктоо. Өзөктүк куралдарды колдонуу өзгөчө жагдайлар менен чектелген, ал боюнча документтер ачык маалымат айдыңына жарыяланган”, – деди Шойгу эл…

Прочитайте больше

АКШнын Конгрессинин жаңы делегациясы Тайванга барышты

АКШнын Конгрессинин жаңы делегациясы Тайванга барышты

АКШнын Тайвандагы де-факто элчилиги мүнөзүндөгү Америка институтунун билдирүүсүндө, Демократиялык партиянын Массачусетс штатынан сенатор Эд Марки жетектеген 5 кишилик делегация Азия турнесинин алкагында аралга барганы маалымдалды. Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Кытай менен тирешүүнү жараткан Тайванга сапарынан 12 күн өткөндөн кийин Америка Конгрессинин жаңы делегациясы аралга келди. АКШнын Тайвандагы де-факто элчилиги мүнөзүндөгү Америка институтунун билдирүүсүндө, Демократиялык партиянын Массачусетс штатынан сенатор Эд Марки жетектеген 5 кишилик делегация Азия турнесинин алкагында аралга барганы маалымдалды….

Прочитайте больше

Шанхайдын жообу. Россия жана Кытай ЕБ менен НАТОго кандай каршы чараларды көрөт?

Шанхайдын жообу. Россия жана Кытай ЕБ менен НАТОго кандай каршы чараларды көрөт?

Июлдун соңунда Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин ТИМ жетекчилеринин жыйыны болду. Жыйырма жылда бул уюм бир гана өзүнүн жашап кете аларын далилдебестен, евразия мейкиндигинде белгилүү оюнчуга айланды. ШКУ мамлекеттери – бул төрт ядролук держава, дүйнөнүн экинчи жана алтынчы экономикасы, Евразиянын 60% аянты жана жер жүзүнүн дээрлик жарым калкы. Сентябрда уюмдун катарын Иран толуктайт, анын артында бүтүндөй араб жана азиялдык мамлекеттер кезекте турушат. ШКУ өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн эмнеси менен кызыктуу, анын таасири канчалык жогору…

Прочитайте больше

Эстония жана Финляндия деңиз коргоо күчтөрүн бириктирүүнү сүйлөштү

Эстония жана Финляндия деңиз коргоо күчтөрүн бириктирүүнү сүйлөштү

Финляндия НАТОго кошулган соң деңиз жээиктерин коргоону Эстония менен биргеликте жүргүзөт. Мындай чара Балтика деңизине Орусиянын аскердик кемелеринин кире албай калышын шарттайт. Бул тууралуу Эстониянын коргоо министри Ханно Певкур Iltalehti гезитине маегинде билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн ракетага каршы коргонуу системасы Фин кысыгын орус аскерлеринен коргоону камсыз кылмакчы. Мындай жол менен Балтика деңизи НАТОнун ичиндеги деңизге айланышы мүмкүн. Быйыл февралда Орусия Украинага кол салган соң Финляндия жана Швеция мурдагы нейтралдык макамынан баш тартып, НАТОго кошулуу…

Прочитайте больше

ФБР Трамптын резиденциясын тинтүү учурунда жашыруун документтерди тапты

ФБР Трамптын резиденциясын тинтүү учурунда жашыруун документтерди тапты

АКШнын ФБР агенттери өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамптын Флорида штатындагы Мар-а-Лаго шаарындагы резиденциясын тинтүү маалында 11 комплект жашыруун, анын ичинде “өтө жашыруун” деген грифти бар документтерди табышты. Бул тууралуу The Wall Street Journal маалымдады. ФБР жалпысынан Трамптын үйүн тинтүү учурунда ар кандай материалдар, папкалар, сүрөттөр жана жазуулар салынган 20 кутучаны алып кеткен.  Маалыматка караганда, алардын арасында Трамптын расмий кеңешчиси Рожер Стоунга ырайым берүү боюнча жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон жөнүндө да документтер бар болгон. Мындан…

Прочитайте больше

ЕБге орус жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу киргизилди

ЕБге орус жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу киргизилди

Евробиримдикке Орусиянын жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу расмий киргизилди. Бул тууралуу Германиянын өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Хебестрейт брифингде билдиргенин орусиялык ТАСС агенттиги жазды. “Бул долбоор Евробиримдикке кирген айрым өлкөлөр тарабынан сунушталган жана ал күн тартибинде турат. Эми Германиянын өкмөтү бул боюнча министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ортосунда жана ЕБ ичинде талкууларды өткөрүшү керек. Ал аягына чыга элек. Ошондуктан мен анын жыйынтыгы тууралуу алдын ала эч нерсе айта албайм”, – деди. Европа Биримдиги 26-февралдан баштап Орусия менен…

Прочитайте больше

Трамп сотто суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

Трамп сотто суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамп көрсөтмө бериш үчүн 10-августта Нью-Йорктогу сотко барды. Ага каржылык алдамчылык үчүн айып тагылган. Соттун маалыматына караганда, Трамптын компаниялары көп суммадагы насыяларды алуу үчүн активдерин – мейманканаларын, гольф клубдарын жана башка кыймылсыз мүлктөрүн кымбат баалаган. Ошол эле кезде салык төлөөдөн качыш үчүн кирешени аз көрсөткөн. Дональд Трамп сотто өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бербөөгө мүмкүндүк берген Конституциядагы укугунан пайдаланып суроолордун көбүнө жооп берүүдөн баш тартты. Трамп ага саясий…

Прочитайте больше

Тайвандык министр: «Кытай басып алууга даярданып жатат»

Тайвандык министр: «Кытай басып алууга даярданып жатат»

Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву маалымат жыйын өткөрдү. Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин сапарынын артынан Кытайдын аралдын айланасында өткөргөн аскердик машыгууларын «баскынчылык планына даярдануу» деп ырастады. Министр Ву маалымат жыйынында, мурда жарыяланган 4 күндүк мөөнөткө карабастан уланып жаткан кеңири масштабдуу машыгуулар Индо-Тынч океан аймагындагы эң кыймылдуу аба жана кеме каттамдарынын бириндеги иш-аракеттерди үзгүлтүккө учуратканын, аймактык тынчтыкка жана коопсуздукка зыян келтиргенин белгилеп, Кытайды «жоопкерчиликсиздик» менен айыптады.  Пекин Пелосинин…

Прочитайте больше

В. Зеленский Украинаны Батышка сатып жибереби?

В. Зеленский Украинаны Батышка сатып жибереби?

Кытайдын маалымат каражаттары Владимир Зеленскийдин Украинаны Батышка сатып жиберүү планы тууралуу билдиришти. «Гуаньча» маалымат каражаты Зеленскийдин Украинаны Батышка жеке өзү байлык топтоо үчүн сатып жиберүү планы тууралуу жазды. Украинанын алдында турган массалык менчиктештирүү өлкөнү Батышка сатып жиберип, ал эми түшкөн пайданы мамлекет башчысы Владимир Зеленский жана анын командасы бөлүп алуу менен аяктайт. Мындай пикирди кытайлык  «Гуаньча» порталы жарыялады. Материалдын автору Зеленскийдин Украинаны Батышка жеке өзүнүн байлык топтоосу үчүн сатып жиберерин жана ушул максатта өлкөнүн талкалоосуна жол ачкандыгын…

Прочитайте больше

Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча протоколдорго кол койду

Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча протоколдорго кол койду

АКШнын президенти Жо Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго кабыл алынышын ратификацияган документтерге кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Байден 9-августта документтерге кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши үчүн дагы бир маанилүү кадам ташталганын айтты. Ал бул эки түндүк европалык мамлекеттин НАТОго кириши альянста, Европа жана Кошмо Штаттарда эле эмес, бүткүл дүйнөдө коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чындоо үчүн бурулуш болорун, аталган өлкөлөр “күчтүү, ишенимдүү жана эн жөндөмдүү жаңы өнөктөш” боло аларын билдирди….

Прочитайте больше

Путин быйыл БУУнун Башкы Ассамблеясына катышпайт

Путин быйыл БУУнун Башкы Ассамблеясына катышпайт

Россиянын президенти Владимир Путин быйыл сентябрда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына барбайт жана онлайн форматта да катышпайт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Маалыматка караганда, сессияда орус делегациясын өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектейт. Белгилей кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү жумасында уюмдун штаб-квартирасы жайгашкан Нью-Йоркто президенттер, премьер-министрлер жана министрлердин катышуусунда өтөт. Быйыл 20-сентябрдан 26-сентябрга чейин болот. Башкы Ассамблеянын акыркы, 76-сессиясы 2021-жылдын 14-сентябрында өткөн.

Прочитайте больше

Россия Байкоңурдан Ирандын спутнигин орбитага учурду. Видео

Россия Байкоңурдан Ирандын спутнигин орбитага учурду. Видео

Бүгүн, 9-август “Байкоңур” космодромунан россиялык “Союз-2.1б” ракетасы Ирандын “Хайям” деп аталган спутнигин орбитага ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу  орус ЖМКлары жазды. Ракетанын учурулушун “Роскосмос” мекемесинин сайты түз алып көрсөткөн. Роскосмостун башчысы Юрий Борисов ракетанын учурулушу орус-иран эки тараптуу кызматташтыгындагы маанилүү учур болгонун айтты. Тегеран спутник илимий изилдөөлөргө, анын ичинде айыл чарба максаттары үчүн экологиялык радиацияга мониторинг жүргүзүүгө багытталганын билдирди. Ирандын спутниги менен бирге 16 чакан аппарат ( CubeSX-HSE-2, “Монитор-1”, UTMN, CYCLOPS, Siren, “КАИ-1”, “Кузбасс-300”, Skoltech-B1, Skoltech-B2,…

Прочитайте больше

Украинада орусиялык 903 актив конфискацияланат

Украинада орусиялык 903 актив конфискацияланат

Украинанын Министрлер кабинети мамлекетке өткөрө турган орусиялык активдердин жана мүлктөрдүн тизмесин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр Денис Шмыгаль маалымдады. “Бүгүн президенттин орус өкмөтүнө таандык 903 мүлктү конфискациялоо жарлыгын өкмөт бекитти. Алардын 79у корпоративдик укуктагы актив, 824ү мүлк”, – деди Шмыгаль. Премьер-министр алар Орусияга караштуу мүлк, санкцияга кабылган орусиялыктардын активдери жана компаниялары, орус банктарынын активдери экенин белгиледи. Өкмөт башчы мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөр сатылып, акчасы Украинаны коргоо жана калыбына келтирүүгө жумашаларын кошумчалады. 23-майда Украинанын президенти Владимир…

Прочитайте больше
1 4 5 6 7 8 36