Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашат

Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашат

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда  Москвада жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты талкуулашат.  Бул тууралуу РИА Новостиге Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Тажикстандын президенти ошондой эле Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышып, андан соң Душанбеге жөнөп кетет. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жергиликтүү тургундарынын ортосундагы жаңжал 28-апрелде башталып, 29-апрелде куралдуу кагылышууга чейин жеткен. Чек арадагы кагылышууда кыргыз тараптан 36 киши каза болуп, 190го жакын адам жаракат алды.

Прочитайте больше

Дарыгер аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолун атады

Дарыгер аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолун атады

Бак-дарактардын жана узак гүлдөгөн өсүмдүктөрдүн чанчаларына сезгичтик астмага алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу аллерголог Елена Щупляк “РИА новостиге” билдирип, аллергия менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдорун айтты. Аллергологдун айтымында, апрель-май айларында гүлдөгөн бак-дарактардын чаңына аллергиясы барларга адатта дары-дармек, спрейлер жардам берет. Мындан сырткары, аллергиясы барлар, үйгө барары менен жуунуп, кийимин алмаштырышы шарт. Ошондой эле чаңдар кургак болуп, буюмдардын бетинде сакталбашы үчүн аба нымдоочу жабдууларды орнотуу, күн сайын нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүп туруу зарыл. Аллерголог узак убакытка чейин гүлдөгөн өсүмдүктөргө…

Прочитайте больше

Баткен жаша! АКШдагы кыргыз диаспорасы БУУнун алдына нааразычылык акциясына чыгышты

Баткен жаша! АКШдагы кыргыз диаспорасы БУУнун алдына нааразычылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 4-майда Америкадагы кыргыз диаспорасы Бириккен Улуттар Уюмунун Нью Йорк шаарындагы башкы кеңсесинин алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу чыр-чатакта тажик тараптын жай тургундарга ок атышын айыпташты. Акцияга чыккан мекендештер колдоруна чек арада өмүрү кыйылган 13 жашар  Мадинанын жана 4 жаштагы наристе Абидиндин сүрөтүн, кыргыз желегин, “Тажикстан Кыргызстанга кол салганды токтот” жана “Тажикстан оккупацияны токтот” деген ураандар жазылган плакаттарды кармап чыгышып, “Баткен биз силер менен!”, “Баткен жаша!”, “Жерибизди эч кимге бербейбиз!” деген ураандарды чакырышты. Диаспоранын…

Прочитайте больше

Токаев Тажикстанга эмнеге барат?

Токаев Тажикстанга эмнеге барат?

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 19-20-майда Душанбеге барат. Бул тууралуу Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан билдирди. “19-20-май күндөрү Касым-Жомарт Токаев президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстан Республикасына расмий иш сапары менен барат. Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары  чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда саясий диалогду, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары бекемдөөгө, казак-тажик тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө артыкчылык берилет”, – деп жазды Уали. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр учурунда аймактык кооперацияны…

Прочитайте больше

БУУнун башкы катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча эмне деди?

БУУнун башкы катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча эмне деди?

БУУнун башчысы Антониу Гутерреш Кыргызстан менен Тажикстанды өлкөлөр ортосундагы элдешүүнүн шарттарын сактоого чакырды. “Башкы катчы эки өлкөнүн лидеринин байланышын жана 1-майда жетишилген ок атууну токтотуу боюнча келишимди кубаттайт. Ал эки тарапты тең жетишилген келишимди сактоо үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырат”, — деп билдирди Башкы катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик. Ал “баш катчы ошондой эле БУУ зарыл болгон учурда жардам берүүгө даяр экенин билдиргенин белгиледи. Буга чейин Гутерреш Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга…

Прочитайте больше

Индияда коронавируска чалдыккандардын саны 20 миллионго жакындады

Индияда коронавируска чалдыккандардын саны 20 миллионго жакындады

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча Индияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 19 925 517 адамга жетти. Бул өлкөдө 12-күн катары менен күнүнө 300 миңден ашуун коронавирустун жаңы учурлары аныкталса, бир күн мурун өлкө дүйнөлүк рекорд коюп, күнүнө 400 миңден ашуун жаңы учурларды каттады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча акыркы 24 саатта 368 147 жаңы учур катталып, өлкө боюнча ооруган адамдардын жалпы саны 19,9 миллиондон ашты, ал эми бир суткада каза болгондордун жалпы саны 3417ге көбөйүп,…

Прочитайте больше

Эрдоган С. Жапаровду, Рахмон К.Токаевди чакырды

Эрдоган С. Жапаровду, Рахмон К.Токаевди чакырды

Кыргызстандын президенти Түркияга, Казакстандын президенти Тажикстанга барат. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев май айынын экинчи жарымында Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу эки өлкөнүн басылмалары жазышууда. Маалыматка ылайык, иш сапар Эмомали Рахмондун чакыруусу менен белгиленген. Жолугушууда Борбор Азия аймагындагы кырдаал боюнча пикир алмашуу орун алат. Буга чейин Түркиянын башчысы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий иш сапар менен Түркияга май айында келип кетүүгө чакырганы айтылган.

Прочитайте больше

«Ихлас» курулуш компаниясы чек арадагы кагылышууда турак-жайы күйгөндөргө 20 үйкуруп берет

«Ихлас» курулуш компаниясы чек арадагы кагылышууда турак-жайы күйгөндөргө 20 үйкуруп берет

“Каганат Инвест” (Ихлас компаниясы) холдинги чек арада жабыркагандарга 20 үй куруп берет. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.Компаниядан маалымдашкандай, 1-май күнү холдингдин негиздөөчүсү Осмонов Нурбек Жапарович жакындарынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кайгысын тең бөлүшөрүн билдирип, ушундай чечим кабыл алган. 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн. Акыркы…

Прочитайте больше

ИИМ: «Головнойдо» минометтун огунан 25тен ашык киши өлгөн

ИИМ: «Головнойдо» минометтун огунан 25тен ашык киши өлгөн

Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы “Головной” тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык киши каза болгонун билдирди. ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, кагылышуу боюнча 11 кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Анын ичинде Лейлек районунда ок жеген он эки жаштагы Мадинанын өлүмү, Ак-Сай айыл аймагындагы “Головной” тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык (саны такталууда) жергиликтүү тургундардын массалык түрдө өлтүрүлүшү, жолдо жүрүп бараткан унааларды аткылоо жана эл арасында көз…

Прочитайте больше

Иранда коронавирусту аныктап, жок кылуучу спрей жасалды

Иранда коронавирусту аныктап, жок кылуучу спрей жасалды

Ирандык окумуштуулар коронавирусту жок кылган спрей жасашты. ИРНА агенттиги билдиргендей, бул дары-дармектин бет ачары Тегеранда өттү. Белгилей кетсек, спрейди маскага же кийимге чачкандан кийин коронавирус аныкталып, атайын жол менен вирус жок кылынат. Жакын арада дармек Ислам Республикасынын аймагында массалык түрдө өндүрүлүп, жайыла баштайт деп күтүлүүдө. Акыркы маалыматтарга ылайык, Иранда пандемия башталгандан бери 2,4 миллиондон ашуун коронавирустук инфекция учуру аныкталып, 71 миңден ашуун адам каза болду.  Ошол эле учурда өлкөдө дээрлик 800 миң адам коронавирустук вакцинанын…

Прочитайте больше

Европа Биримдиги Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр

Европа Биримдиги Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр

Европа Биримдиги учурдагы аймактык жана эки тараптуу программаларынын алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө  сүйлөшүү жүргүзгөн учурда белгилүү болду. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, министр Казакбаев кыргыз-тажик чек арасында ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуу жетишилгенин жана Кыргызстан кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга ниетте экендигин билдирди….

Прочитайте больше

Тажик тарап Төрт-Көчө участогун кайра жаап салды. Чек арада алардын аскердик техникалары байкалууда

Тажик тарап Төрт-Көчө участогун кайра жаап салды. Чек арада алардын аскердик техникалары байкалууда

Тажикстандын куралдуу күчтөрү Баткен районунун Төрт-Көчө участогун кайра жаап алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-майда, саат 11:30дар чамасында тажик тарап жолго шагыл төктү. Алар өз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жеринде аскердик техникалары турганы да катталды. Чек ара кызматынын маалыматында учурда абал салыштырмалуу чыңалуу таризде турат. Ошол эле учурда коомдук сайттарда, Лейлектин Арка деп аталган жеринде ок атылганы тууралуу да маалыматтар жарыяланды. Ал эми Тажик тарап расмий маалымат тарата…

Прочитайте больше

Акыркы 24 саат ичинде 3501 индиялыктын короновирустан өлүмү катталды (статистика)

Акыркы 24 саат ичинде 3501 индиялыктын короновирустан өлүмү катталды (статистика)

Акыркы дүйнөлүк статистикага ылайык, Индияда кечээ кечинде 386 миңден ашуун адам коронавирусун жуктуруп, 3501 адам өмүрүнөн айрылды. “Дүйнөлүк” маалымат базасынын акыркы глобалдык статистикасына ылайык, бүгүн эртең мененкиге чейин (30-апрель) дүйнөдө 151 миллион 159 миң 892 адам коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды.Алардын ичинен 3 млн. 179 миң 925 бейтап көз жумган. Ошондой эле дүйнөдөгү жалпы бейтаптардын ичинен 128 млн. 571 миң 187 адам айыгып, бул ооруну жеңе алышты. Ал эми дүйнөдө эң көп ооруган Америка Кошмо Штаттарында…

Прочитайте больше

Путин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылууга даяр

Путин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылууга даяр

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылууга даяр. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. “Биздин ЖККУ сыяктуу жана башка түрдүү форматтардагы жалпылыгыбызды эске алуу менен албетте, президент Путин мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда келип чыккан олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчулук ролду ойноого ар дайым даяр. Ал бул жөнүндө дайыма айтып келет”, – деди Песков Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалында Орусиянын мамлекет башчысынын ортомчулук кылуусу мүмкүнбү деген суроого…

Прочитайте больше

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык,  2021-жылдын 1-2-май күндөрү өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. 2021-жылдын 29-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар  жана  жаракат алгандар болду. Куралдуу кагылышуу ошондой эле тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди. Курман болгондорго терең кайгыруу менен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл…

Прочитайте больше
1 6 7 8