Окумуштуулар: «Омикрон» пластик буюмдарда жана адамдын терисинде мурунку штаммдарга караганда узак жашайт

Окумуштуулар: «Омикрон» пластик буюмдарда жана адамдын терисинде мурунку штаммдарга караганда узак жашайт

Киотодогу Медициналык университеттин окумуштуулары коронавирустун “омикрон” штаммы кээ бир буюмдардын беттеринде узак жашагандыктан тез жайылып жатат деп эсептешет. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы Biorxiv порталына жарыяланды. Адистердин айтымында, SARS-CoV-2нин жаңы мутациясы вирустун мурунку версияларына караганда пластик буюмдарда жана адамдын терисинде бир топ узак жашай алат. Мындан тышкары, “омикрон” көпкө чейин жугуштуу бойдон калышы мүмкүн. Баштапкы вирус пластиктин бетинде орточо эсеп менен 56 саат жашаса, “дельта” штаммы 114 саат бою турган. Ал эми “омикрон” мындай буюмдардын бетинде  болжол…

Прочитайте больше

Кытайдын окумуштуулары омикронго окшош жаңы коронавирусту аныкташты

Кытайдын окумуштуулары омикронго окшош жаңы коронавирусту аныкташты

Кытайдын окумуштуулары NeoCoV деген аталыштагы жаңы коронавирусту аныкташты. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, ал дүйнөнү бүт каптаган SARS-CoV-2 аталышындагы коронавирус менен жалпы өзгөчөлүктөргө ээ. Жаны штамм Түштүк Африка Республикасындагы жарганаттардан табылган. Ухань шаарындагы университетте эмгектенген окумуштуулар NeoCoV мутация болуп кетүү жөндөмүнө ээ экенин жана анын жыйынтыгында жаныбарлардын эле эмес, адамдын да клеткаларына кирип кетиши ыктымалдыгын эскертишти. Маалыматка караганда, NeoCoV менен SARS-CoV-2 аталышындагы коронавирустун клеткаларга өтүп кетүү механизмдери окшош. Бирок, окумуштуулар вирусту дагы тыкыр байкоого алуу…

Прочитайте больше

Орусия: АКШ Сириядагы террористтерге колдоо көрсөтүүнү улантууда

Орусия: АКШ Сириядагы террористтерге колдоо көрсөтүүнү улантууда

Орусиянын БУУдагы миссиясы Вашингтон Сириянын түндүгүндөгү Идлибдеги Хаят Тахрир аш-Шам террордук уюмуна колдоо көрсөтүүнү жана мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну улантып жатканын ырастады.Сириянын Араб кабар агенттигинин (SANA) билдиргенине караганда, миссиянын билдирүүсүндө: «Идлибде Хаят Тахрир аш-Шам террористтери тарабынан тирүү калкан катары күч менен кармалып турган сириялыктарга кам көрүү шылтоосу менен Америка дипломатиясы анын салык төлөөчүлөрү чындыгында террористтерди колдойт. Ошол эле учурда АКШ Идлиб бандиттерин ребрендинг кылуу жана аларды Дамасктагы өкмөткө альтернатива катары көрсөтүү үчүн эч кандай аракетин аяган жок»….

Прочитайте больше

Сана: БАЭ Йеменден чыкпаса, ага катуу сокку урат

Сана: БАЭ Йеменден чыкпаса, ага катуу сокку урат

Йемендин улуттук куткаруу өкмөтүнүн премьер-министринин кеңешчиси БАЭ Йеменге каршы агрессордук коалициядан чыкпаса, андан да чоң соккуларга дуушар болорун баса белгиледи. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Йемендин Улуттук куткаруу өкмөтүнүн премьер-министринин Санадагы кеңешчиси Хамид Абдул Кадыр Антар, БАЭ Йеменге каршы агрессордук коалициядан чыкпаса, Йемендиктердин чабуулдары көбүрөөк болоорун эскертти. “Йемендин ар кандай агрессияга жооп кайтарууга мыйзамдуу укугу бар жана бул стратегиялык бөгөт коюу системасынын бир бөлүгү”, – деп айтылат Абдул Кадырдын билдирүүсүндө. Ал кошумчалагандай: «Иран куралын колдонгон…

Прочитайте больше

Израил аскерлери 80 жаштагы палестиналык адамдын колу-бутун жана оозун байлап, өлүү үчүн муздак үйгө таштап кетишти!

Израил аскерлери 80 жаштагы палестиналык адамдын колу-бутун жана оозун байлап, өлүү үчүн муздак үйгө таштап кетишти!

Сионисттердин “Yedioth Ahronoth” гезити иликтөөсүндө палестиналык карыянын шейит болушуна байланыштуу сионисттик режим армиясынын акыркы кылмышынын жаңы деталдарын жарыялады, анын эң маанилүү бөлүктөрү төмөндөгүлөр: Израил аскерлери 80 жаштагы палестиналык адамдын колу-бутун жана анын оозун таңып жатышат. Армиянын жоокерлери карыяны кыштын суугунда алыскы үйгө таштап кетишкен. Мындай жүрүм-турумуна ал аскерлердин физикалык текшерүүсүнө каршы чыкканы себеп болгон. 80 жаштагы палестиналык Омар Абдел Мажид Асад өткөн шаршемби күнү сионисттер тарабынан шейит болду

Прочитайте больше

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын өлкөлөр аралык комиссия иликтейт

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын өлкөлөр аралык комиссия иликтейт

Борбор Азия энергетикалык айлампасындагы аварияны өлкөлөр аралык комиссия иликтейт. Бул тууралуу 25-январдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан – ред.) комиссия түзүлүп, иш жүрөт. Брифинг учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергосистемадагы кырсык Кыргызстандын аймагында болбогонун айтты. “Үч-төрт жыл мурдагы кырсыктан кийин биздин энергетиктер даяр экенин көрсөттү. Эки саат ичинде 50 пайызга чейин электр энергиясы менен камсыз болду. Кайсы бир айылдарда жарык жок болсо, сабыр кылып туруңуздар. Энергетиктер кошуп…

Прочитайте больше

Польша Беларусь менен чек арасына тосмо кура баштады

Польша Беларусь менен чек арасына тосмо кура баштады

Польша-Беларусь чек арасында бийиктиги беш метрден ашкан тосмо курула баштады. Бул тууралуу Польшанын чек ара кызматы Twitter баракчасынан билдирди. «Польша-Беларусь чек арасында тосмо куруу иштери башталды. Бул чек ара кызматынын тарыхындагы эң ири курулуш», – деп айтылат билдирүүдө. Долбоордун жалпы суммасы болжол менен 400 миллион доллар. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Жалпы узундугу 186 чакырым, бийиктиги 5,5 метр болгон жаңы тосмо июнь айында даяр болушу керек. Куруу иштери бир эле убакта төрт участокто жүргүзүлөт. Келечекте тосмону…

Прочитайте больше

CAN: Борбор Азияда “Росатомдун” АЭС куруусу саясий мүнөзгө гана ээ

CAN: Борбор Азияда “Росатомдун” АЭС куруусу саясий мүнөзгө гана ээ

Climate Action Network аттуу климаттын өзгөрүүсүнө багытталган уюмдун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча координатору Ольга Бойко Кыргызстанда Орусиянын “Росатом” ишканасынын атомдук электр станциясын курууга багытталган долбоорун сындады. Бул тууралуу “Азаттык” билдирди. “Биздин уюм аймакта жана дүйнөдө атомдук энергетиканы колдонууну колдобойт. Борбор Азияда “Росатом” корпорациясынын АЭС курууга умтулуусу саясий гана максатты көздөйт. Бул аймакта кургакчылык өкүм сүрүп, дарыялар соолуп баратат. Климат өзгөргөн сайын таза суу азайып жатат. Атомдук электр станциянын реакторлорун суусу жок иштетүү мүмкүн эмес….

Прочитайте больше

Дарыгер «омикрон» балдар үчүн коркунучтуу экенин эскертти

Дарыгер «омикрон» балдар үчүн коркунучтуу экенин эскертти

Коронавирустун омикрон штаммы көбүнчө балдардын бронхасына таасир этет, бул баланы ооруканага, анын ичинде реанимацияга жатуусун талап кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Роспотребнадзор кызматынын Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, Жугуштуу оорулардын улуттук илимий коомунун төрагасы Александр Горелов билдиргенин өлкөнүн маалымат каражаттары жазышты. Буга чейин, ал  омикрон штаммы пайда болгондон бери балдардын арасында коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 10-15%га чейин өскөнүн айткан. “Балдарда оорунун жүрүшүнүн айрым өзгөчөлүктөрү аныкталган. Оору стереотиптүү башталат, бирок көбүнчө бронхиолиттин пайда…

Прочитайте больше

Алматынын райондорунун биринде антитеррордук операция режими киргизилди

Алматынын райондорунун биринде антитеррордук операция режими киргизилди

Бүгүн, 26-январда Алматынын райондорунун биринде антитеррордук операция режими киргизилип, азыркы учурга чейин мамлекеттик органдарга кол салуулардын беш катышуучусу кармалды. Бул тууралуу шаардын терроризмге каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабы билдирди. “Терроризмге каршы күрөшүү боюнча шаардык оперативдүү штаб 26-январда саат 00:00дөн баштап 27-январь саат 00:00гө чейин Алматы шаарынын Түрксиб районунун аймагында антитеррордук операция режими киргизилгендигин билдирет. Антитеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө 4-6-январь аралыгында Алматыда мамлекеттик мекемелерди жана коммерциялык объектилерди карактоого катышкан уюшкан кылмыштуу топтун беш лидери жана мүчөлөрү кармалды”,…

Прочитайте больше

Окумуштуулар: Жакынкы жылдарда миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн

Окумуштуулар: Жакынкы жылдарда миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн

Окумуштуулар жакынкы жылдарда дүйнөдө миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн экенин эскертишти. Бул тууралуу Лондон университеттик колледжинин адистери иликтөө жүргүзшкөнүн чет элдик  басылмалар жазды. Окумуштуулардын айтымында, 1960-жылдан кийин туулган адамдардын арасында көзү жакшы көрбөй калгандар андан мурда туулгандарга караганда көбүрөөк болуп жатат. Мындай бүтүмгө келүү үчүн UK Biobank Eye жана Vision Consortium окумуштуулар тобунун адистери 100 миңден ашык британиялыктын офтальмологиялык маалыматтарын текшерип көрүшкөн. Адистердин 1960-жылдан кийин туулган адамдардын арасында көзү жакшы көрбөй калгандар андан мурда туулгандарга караганда…

Прочитайте больше

Президент Жапаров Кытайга иш сапар менен барат

Президент Жапаров Кытайга иш сапар менен барат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кытайда боло турган иш сапарына байланыштуу жана эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгынан улам аралыктан иштөө режимине өттү. Буга карабай ал толук иш графиги боюнча иштөөсүн улантат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 3-5-февралга белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 426 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү…

Прочитайте больше

Сирияда күрд күчтөрү менен ИМ тобунун кагылышуусунан кеминде 120 киши өлдү

Сирияда күрд күчтөрү менен ИМ тобунун кагылышуусунан кеминде 120 киши өлдү

АКШ колдоо көрөткөн “Сириянын демократиялык күчтөрү” (SDF) менен бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган “Ислам мамлекети” (ИМ) террордук уюмунун жоочулары Сириянын түндүк-батышындагы Эл-Хасака шаарында салгылашып, кеминде 120 киши өлдү. “Аль-Арабия” телеканалы маалымдагандай, SDF америкалык аскерлердин колдоосу менен Эль-Хасактагы түрмөгө чабуул жасаган. Ал абакта 3,5 миңдей киши кармалып турат, алардын арасында ИМ тобунун катарында согуштук аракеттерге катышкан жалданма жоочулар да бар. 23-январда айрым ЖМКлар күрд аскердик бирикмеси АКШнын жардамы менен түрмөнү көзөмөлгө алганын жазышты. Сирияда президенттик шайлоо…

Прочитайте больше

Стамбулда калың кардан тыгындар пайда болуп, аэропорт жабылды

Стамбулда калың кардан тыгындар пайда болуп, аэропорт жабылды

Стамбулга калың кар жаап, Түрк аба жолдору Стамбул аэропортунан каттамдарды убактылуу токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Синоптиктер Стамбулдун жашоочулары үчүн аба ырайынын начар болорун бир күн мурун эскерткен. Айрыкча шаардын батыш жана түндүк аймактарында кар калың жааган. Маалыматка караганда, жолдордо эбегейсиз тыгындар пайда болуп, адамдар унааларын жол жээгине таштап, жөө басууга аргасыз болушкан. Метродо жөө адамдардын агымынан улам тыгын пайда болгон жана кээ бир автобус каттамдары эртең таңга чейин токтотулган.

Прочитайте больше

ӨКМга дрондор, тик учактар жана жүк ташуучу учактар сатылып алынат

ӨКМга дрондор, тик учактар жана жүк ташуучу учактар сатылып алынат

Министрлер кабинети Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн авиациялык техникаларды жана учактарды сатып алууну пландаштырууда. Бул тууралуу мурда бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында жазылган. Анда өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чара көрүү үчүн авиациялык техника зарыл экени белгиленген. Тактап айтканда, жаңы тик учактар жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактардагы өрттөрдү өчүрүүгө жана жүктөрдү ташууга керек. Бирок, азырынча канча санда сатылып алынары белгисиз. Министрлер кабинети санитардык авиация үчүн жана куткаруучуларды өзгөчө кырдаал аймактарына…

Прочитайте больше
1 2 3 4 7