Sputnik V вакцинасынын адал экендиги айтылды

Sputnik V вакцинасынын адал экендиги айтылды

COVID-19га каршы вакцина алуу орозону бузбайт. “Informburo” агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын мусулмандарынын дин башкармалыгы Sputnik V вакцинасын адал жана зыянсыз деп тааныды. Бул тууралуу Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ершат Онгаров билдирди.“Биз Орусиянын мусулмандарынын дин башкармалыгына Sputnik V вакцинасынын курамы жөнүндө суроо жөнөттүк. Жообу келди. Вакцинада жаныбарлардын компоненттери жок, андыктан анын “арам” экендигине эч кандай далил жок жана “халал” вакцина деп айта алабыз”, – деди Ершат Онгаров.Орозо учурунда эмдөө орозону бузбайт. Казакстандын Атырау шаарында өткөн…

Прочитайте больше

Иранда коронавирус менен ооругандардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Иранда коронавирус менен ооругандардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Иранда бир сутканын ичинде 193 бейтап каза таап, жалпы курмандыктардын саны 63 миң 699га жетти. Бул туурасында өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Сима Садат Лари билдиргенин “Eurasia Today” агенттигинин кабарчысы маалымдайт. Ал акыркы 24 сааттын ичинде коронавирус  20 миң 954 адамдан аныкталып, алардын  2319у ооруканага жаткырылганын маалымдады. Анын айтымында, өлкөдө жалпы ооругандардын саны 1 миллион 984 миң 348ге жетти. “Тилекке каршы, акыркы 24 сааттын ичинде коронавирус 193 бейтаптын өмүрүн алды жана бул оорудан каза болгондордун жалпы саны 63…

Прочитайте больше

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 132 миллиондон ашты

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 132 миллиондон ашты

Коронавирустун мутацияланган штаммдарынын жайылышынан кийин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө кырдаал начарлап, бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 132 миллиондон ашты. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, “Worldometer” веб-сайты дүйшөмбү күнү кечинде дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 132 миллиондон ашканын билдирди.Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча 132 242 572 адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 2 869 888 адам көз жумган. Ал эми, 106 456 839 адам илдеттен айыгышкан.Вирус кенири жайылган өлкөлөрдүн ичинен жуктуруулардын саны боюнча АКШ дүйнө жүзү боюнча…

Прочитайте больше

БУУ: Мьянмадагы төңкөрүштө 568 адам өлтүрүлдү

БУУ: Мьянмадагы төңкөрүштө 568 адам өлтүрүлдү

БУУнун басма сөз катчысы Мьянмадагы аскердик төңкөрүш башталгандан бери 568 адам курман болгонун билдирди. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды.БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик 1-февралда башталган Мьянмадагы аскердик төңкөрүштө бери дегенде 568 адам курман болгонун билдирди. Анын айтымында курмандыктардын саны мындан дагы көп болгон болушу мүмкүн.Стефан Дюжарриктин билдирүүсүнө караганда, Мьянмада акыркы аптанын дем алыш күндөрүндө эле 80ге жакын адам өлтүрүлгөн.1-февралда Мьянманын аскер күчтөрү “шайлоо бурмалаган” деген шылтоо менен Аун Сан Су Чжи жана башка жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерди камакка алып,…

Прочитайте больше

Тайванда 350 жүргүнчүсү бар поезд рельстен чыгып кетип, 36 киши каза тапты

Тайванда 350 жүргүнчүсү бар поезд рельстен чыгып кетип, 36 киши каза тапты

Тайвандын түндүгүндө поезд рельстен чыгып кетип, кырсыктан кеминде 36 адам каза болуп, 61и жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдаганын “IRNA” агенттиги кабарлады. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, жүргүнчүнү ташыган поезд Тайвандын түндүк-чыгышындагы Хуаялянь уездиндеги “Дацин” туннелинде кырсыктады. Азырынча поезддин төрт вагонунан 100дөй жүргүнчү эвакуацияланды, бирок куткаруучулардын калган үч вагонго кирүүсү мүмкүн болбой жатат. Кырсыкка темир жолдун жанында туура эмес токтоп, темир жолго оодарылып кеткен жүк ташуучу унаа себеп болгон. 2018-жылы дагы Тайвандын түндүк-чыгышында поезд рельстен чыгып кетип, 18…

Прочитайте больше

Депутаттар “Кумтөрдөн” түшкөн акча кайда жумшалгандыгына кызыгышууда

Депутаттар “Кумтөрдөн” түшкөн акча кайда жумшалгандыгына кызыгышууда

“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Комиссиянын мүчөлөрү жакында эле «Кумтөр» алтын кениндеги жүргүзүлүп жаткан иштер, андан соӊ Бишкек менен Кара-Балта шаарларындагы алтын аралашмаларынын анализдерин чыгара турган лабораториялардын азыркы абалы менен жеринен таанышып келдик. Жыйынтыгында тоо-кен тармагында заманбап жаӊы технологияларды колдонуу зарылдыгына көзүбүз жетти. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өтүп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы…

Прочитайте больше

Танзаниянын президентинин тажиясындагы тыгылышта 45 киши каза болду

Танзаниянын президентинин тажиясындагы тыгылышта 45 киши каза болду

Коронавирустан каза болгон Танзаниянын президенти Жон Магуфулини акыркы сапарга узатуу зыйнатында 45 киши тепсендиде калып каза тапты.  Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The East African” МА шилтеме берип кабарлады. Президент менен коштошуу аземи 21-мартта Танзаниянын ири шаары Дар-эс-Саламдагы Ухуру стадионунда өткөн. Каза болгондордун арасында эки күн мурун жерге берилген эне жана анын төрт кичинекей баласы болгон. Ошондой эле бул тыгылышта кеминде 37 жаран жаракат алганы белгилүү болду. 2015-жылдан бери президенттик кызматты аркалап келген Жон Магуфули 17-мартта 61 жашында коронавирустан каза…

Прочитайте больше

Кытай Ирандын ири мунай кардары болду

Кытай Ирандын ири мунай кардары болду

Reuters: Кытайдын Ирандан мунай импорттоосу күнүнө 1 млн. баррелге жетет. Март айынын алгачкы 19 күнүндө Ирандан Кытайга мунай заттын күн сайын жөнөтүлүшүнө ишара кылып, Рейтер: “Пекин ушул айда Иран мунайынын кезектеги ири агымын алат”, – деп жазды.Белгилей кетсек, Иран менен Кытайдын “25 жылдык” келишиминин алкагында Тегеран Пекинге 400 млрд. долларга тете чийки мунай зат экспорттомокчу – деген божомолдор бар.Ал эми, 2021-жылдын март айынын аягына чейин Кытай Ирандан мунай сатып алууну күнүнө 1 млн. баррелге чейин көбөйтүшү мүмкүн….

Прочитайте больше

COVID-19: Бишкек шаары менен Чүй облусундагы абал кооптондурууда

COVID-19: Бишкек шаары менен Чүй облусундагы абал кооптондурууда

Премьер-министр Улукбек Марипов жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалга тийиштүү кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Республикалык ыкчам штабдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков медициналык мекемелерди COVID-19 оорусунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.  Өкмөт башчы Улукбек Марипов белгилегендей, саламаттык сактоо тутуму, медициналык адистер оорунун өсүүсүнө даяр болушу керек.  «Бишкек шаарында жана Чүй…

Прочитайте больше

Коронавируска каршы вакцина «таблетка» түрүндө чыгарылды

Коронавируска каршы вакцина «таблетка» түрүндө чыгарылды

Индо-америкалык “Oravax” компаниясы коронавируска каршы вакцина таблетка түрүндө чыгарылганын маалымдады. Бирок, бул препарат жакынкы аралыкта массалык түрдө чыгарыларына кепилдик жок. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги “Business Insider” маалымат порталына шилтеме берип кабарлады. “Oravax” компаниясы таблетка түрүндөгү вакцинанын клиникалык сыноолору жакында башталарын билдирди. Вакцинанын таблетка түрүндө чыгарылышы, инъекция ыкмасына караганда көптөгөн артыкчылыктарга ээ жана буга чейин башка ооруларды тезирээк дарылоо үчүн колдонулуп келген. Ошол эле учурда, мындай препартты өндүрүү үчүн жасала турган кадамдар өтө узак убакытты талап кылат…

Прочитайте больше

Кыргызстанда эң ири индустриялык-логистикалык текстил паркы курулууда (фото)

Кыргызстанда эң ири индустриялык-логистикалык текстил паркы курулууда (фото)

Өнөр жай тармактарынын өнүгүүсүнүн дүйнөлүк тенденциясы жана ыргагы заманбап, жогорку технологиялуу жана социалдык багыттагы индустриялык жана логистикалык кластерлерди түзүү зарылдыгын талап кылууда. Бул тенденцияларга жооп иретинде Кыргызстанда Борборазия аймагында алгачкы эң масштабдуу жана көп функциялуу комплекске айлана турган «Silk Way» индустриялык-логистикалык паркынын курулушу башталды. Долбоор Кыргызстандын Өкмөтүнүн Текстилдик жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында ишке ашырылууда. Казакстан Республикасы менен чек арага жакын жана «Манас» эл аралык аба майданынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан аянты…

Прочитайте больше

1-апрелден баштап, бардык класстар мектепке кайтып келишет

1-апрелден баштап, бардык класстар мектепке кайтып келишет

Бишкек мэриясынын  билим берүү башкармалыгы ушул аптада бардык класстар кадимки окуу режимине өтөөрүн билдирди. Eurasia Today маалымат порталынын 24.kg сайтына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, 4- чейректин башталышы менен 2, 3, 4, 6, 7, 8, 10- класстар оффлайн окуу режимине өтүшүп, мектептер кадимкидей иштешерин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди.Анын айтымында, буга чейин 9- мартта  1, 5, 9- класстар оффлайн окуу форматына өтүшкөн эле. Бул аралыкта 13 окуучу жана 14 мугалим коронавирус жуктуруп алган.Ал эми, мындан аркы…

Прочитайте больше

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок жарандар беткап кийиши керек

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок жарандар беткап кийиши керек

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук ченемдери күчөтүлөт. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын  биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык кызматтарга берди. Мындан аркы чаралар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аймактагы эпидемиологиялык абалдын деңгээлинен көзкаранды түрдө кабыл алынат. Ал белгилегендей, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясынын өсүү ыктымалдыгына жараша медициналык мекемелердин даярдыгын үзгүлтүксүз негизде мониторингдөөсү зарыл. «Дүйнө жүзү боюнча коронавирус оорусунун өсүүсү байкалууда, коңшу мамлекеттерде…

Прочитайте больше

Кыргызстанда эмдөө башталды

Кыргызстанда эмдөө башталды

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабы башталды. Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы бюнча, Ош шаары менен Чүй облусттарына вакцинаны жеткирүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүргүзүлгөн. Маалыматта айтылгандай, вакцина алгач Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №…

Прочитайте больше

ДССУ COVID-19 вакциналарын жакыр өлкөлөргө таратууга чакырды

ДССУ COVID-19 вакциналарын жакыр өлкөлөргө таратууга чакырды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) баардык өлкөлөрдү жана компанияларды коронавируска каршы вакциналарды дүйнөнүн жакыр мамлекеттерине бөлүштүрүүдө биргелешип иштөөгө чакырды. Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом, дүйнөлүк компанияларды “Ковакс” программасы аркылуу дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө 10 млн. доза вакцинасын тез арада берүүгө чакырды.Ал, 3 айдын ичинде өтө муктаж болгон өлкөлөргө тез арада вакцина жеткирүүнү сунуштады.“Азыр вакцинанын бир да дозасын ала элек 36 мамлекетте, жок дегенде, тобокелдиги жогору адамдар үчүн эмдөө…

Прочитайте больше
1 36 37 38 39 40 47