Египетте эки поезд кагышты (видео)

Египетте эки поезд кагышты (видео)

Египеттин Сохаг шаарынын түндүгүндө эки поезд кагышып, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу Египеттин мамлекеттик телеканалы маалымдаганын “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан азыркы тапка чейин 50 адам жаракат алганын билдирди. Өлкөнүн асмий адамдары кырсыктын себептерин азырынча жарыялай элек. Египеттеги эң чоң темир жол кырсыгы 2002-жылы болуп, анда поезд өрттөнүп, 360тан ашуун жүргүнчү каза болгон.

Прочитайте больше

Түндүк Корея жаңы тактикалык ракеталарын сынады

Түндүк Корея жаңы тактикалык ракеталарын сынады

Түндүк Корея бүгүн, 26-мартта эки жаңы тактикалык ракетаны сынаганын жарыялады, ракеталар бир күн мурун учурулган. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги түндүк кореялык “Rodong Sinmun” расмий басылмасына шилтеме берип кабарлады. Түндүк Кореянын жаңы ракеталары Япон деңизинде 600 чакырымдай учуп өткөн. Басылманын маалыматы боюнча, жаңы ракеталар салмагы 2,5 тоннага чейин бутага таамай тийчү бөлүктү (боеголовка)көтөрүп жүрүүгө жөндөмдүү. Ошол эле учурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ракеталарды сыноого катышпагандыгы  белгиленди. Түндүк Корея Японияны көздөй баллистикалык ракета учурганы жөнүндө буга чейин…

Прочитайте больше

АКШда дезинфекциялоочу каражаттарда ракты козгоочу зат табылды

АКШда дезинфекциялоочу каражаттарда ракты козгоочу зат табылды

АКШнын “Valisure” фармацевтикалык компаниясы базарлардагы медициналык өнүмдөрдү  текшерүү учурунда колду дезинфекциялоочу айрым каражаттарда рак оорусун пайда кылган бензол бар экенин аныктады. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Bloomberg” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Аталган компания колду дезинфекциялоочу айрым каражаттардан табылган бул зат ден-соолукка кооптуу экенин билдирди. Маалыматка караганда, бензол пандемиянын кызуу учурунда негизги дезинфекциялоочу каражаттар сатуудан жоголуп кеткенден кийин рынокко кирген каражаттардан табылган. Ракты пайда кылуучу бензол текшерилген дезинфекциялоочу каражат бөтөлкөсүнүн 17 пайызынан табылган. Мындан тышкары, чегине жеткен концентрация бөтөлкөлөрдүн…

Прочитайте больше

Бахрейн Израилдин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тартты

Бахрейн Израилдин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тартты

Бахрейн – БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине катышпай, сионисттердин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тарткан биринчи араб өлкөсү болду. Tasnim News агенттигинин  эл аралык тобу билдиргендей, Бахрейн, Израилдин Палестина аймагындагы агрессиясын айыптаган Араб консенсусунан чыккан биринчи араб өлкөсү болду.Билдирүүгө ылайык, Бахрейн өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин отурумуна, сионисттик режимдин басылып алынган Палестина аймактарындагы агрессиясын айыптоого добуш бербөө үчүн катышкан жок.Бахрейн жана айрым Европа өлкөлөрү добуш берүүдөн баш тартышкандыгына карабастан, талаштуу пункт БУУнун Женевадагы Адам укуктары боюнча…

Прочитайте больше

АКШдагы кандуу күн: Колорадодо 10 адам атып өлтүрүлдү

АКШдагы кандуу күн: Колорадодо 10 адам атып өлтүрүлдү

Кечээ, 22-мартта АКШнын Колорадо штатынын Боулдер шаарында супермаркетте жай тургундарга ок атылып, кеминде 10 адам, анын ичинде полиция кызматкери каза тапты. Бул тууралуу Боулдер шаарынын жергиликтүү полиция жетекчиси Марис Херольд билдиргенин “Fars News” агенттиги кабарлады. “Associated Press” агенттиги маалымдагандай, шектүү адам жаракат алып, камакка алынды. Боулдер полиция бөлүмүнүн командири Керри Ямагучи “King Soopers” супермаркетиндеги ок атуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын жана бул окуянын себептери аныкталып жатканын билдирди.

Прочитайте больше

Дүйнө 2030-жылга чейин суу тартыштыгына туш болот

Дүйнө 2030-жылга чейин суу тартыштыгына туш болот

ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле адамзат 2030-жылга чейин 40% суу жетишсиздигине туш болот деп билдирди. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Анын айтымында, кырдаал ар кандай глобалдык көйгөйлөрдөн, анын ичинде эпидемиянын кесепеттеринен улам начарлайт. Азуле дүйнөдө суу ресурстарын үнөмдөө боюнча жетиштүү аракеттер көрүлбөй жаткандыгын жана алардын баалуулугун туура баалоо боюнча курч маселе турат деп белгиледи. Изилдөөчүлөр 160 мамлекетте жайгашкан 43000 метеостанциялардын жана 5300 дарыялардын агымын көзөмөлдөөчү жайлардын маалыматтарын карап чыгышкан. Анын жыйынтыгы климаттык өзгөрүүлөр нөшөрлүү жаан-чачындын жаашына алып келгенине карабастан,…

Прочитайте больше

Бишкекте Нооруз майрамын өткөрүү эмне үчүн токтотулду?

Бишкекте Нооруз майрамын өткөрүү эмне үчүн токтотулду?

Бишкекте Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти деп жазат Knews.kg порталы. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь айынан 18-мартына чейин Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооругандардын саны 2551 түздү. Бүгүнкү күнү бул илдетке кабылгандардын саны 96 бейтапты түзүп, 2 адам каза болгону маалымдалды.Ошондой эле коронавирустун жаңы түрлөрү (Британия штаммы, Түштүк Африка штаммы) табылуу фактыларын эске алуу менен, коронавирустук инфекциясынан келип чыккан оорулардын…

Прочитайте больше

Экономист: «Саламаттык сактоо министрлиги карантин киргизүүнү сунуштабай, системалык көйгөйлөрдү чечиши керек»

Экономист: «Саламаттык сактоо министрлиги карантин киргизүүнү сунуштабай, системалык көйгөйлөрдү чечиши керек»

Азыркы учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тобокелдиктерди ооздуктоо маселеси актуалдуу болууда. Вирус биздин жашообузда дагы деле болсо калууда жана аны менен күрөш уланууда. Системалык көйгөйлөрдү чечпестен, кандайдыр бир чектөө чараларын киргизүү натыйжасыз болуп, экономиканын реалдуу секторундагы микро, чакан жана орто бизнеске дагы бир жолу сокку урат. Бул тууралуу экономист Нүргүл Акимова «Eurasia Today» агенттигине билдирди. Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Марал» радиосуна берген маегинде “өлкөдө кайрадан катуу карантиндик…

Прочитайте больше

В. Путин: “Жерүй кенинен Кыргызстандын бюджетине жылына 70 млн. доллар түшөт

В. Путин: “Жерүй кенинен Кыргызстандын бюджетине жылына 70 млн. доллар түшөт

17-мартта Талас облусунда Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин катышты. Иш-чарада Мамлекет башчылары сөз сүйлөштү. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоордун башталышы өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү боло аларын белгиледи. Ошондой эле ал эки маанилүү учурга — ишкана менен жергиликтүү калктын ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары күчөтүү жана кенди иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына токтолду. Садыр Жапаров Кыргызстан тоо-кен тармагынын потенциалын жогорулатууга…

Прочитайте больше

Казакстандын бийлиги калктын 60%ын вакциналоону пландаштырууда

Казакстандын бийлиги калктын 60%ын вакциналоону пландаштырууда

Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөөлөр боюнча билдирди.  Islam Today маалымат сайты билдиргендей, Казакстандын бийлиги коронавируска каршы вакцина менен калктын кеминде 60%ын эмдөөгө ниеттенүүдө.Медициналык жана фармацевтикалык көзөмөл боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нурлыбек Асылбеков, казакстандыктар орусиялык “Спутник V” жана ата-мекендик “QazCovid-In” вакцинасы менен эмделишерин билдирди.«Биз биринчи жолу Sputnik V вакцинасынын өлкөдө өндүрүлүшүн колдоп, эмдөөгө өткөрдүк. Кийинки баскычта биздин өздүк “QazCovid-In” вакцинасынын өндүрүлүшүнө айрыкча басым жасамакчыбыз”, -деди Саматтыкты сактоо министрлигинин өкүлү.Эске салсак, мурдараак Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей…

Прочитайте больше

Иран региондогу үчүнчү ири фармацевтикалык базарга айланат

Иран региондогу үчүнчү ири фармацевтикалык базарга айланат

ИИРдин Илим жана технологиялар боюнча вице-президенти, санкцияларга карабастан, илимге негизделген жана чыгармачыл компаниялардын аракети менен Иран региондогу үчүнчү ири фармацевтикалык базар болгонун жарыялады. Mehr News агенттигинин ИИРдин Илим жана технология министринин орун басарына шилтеме берүү менен билдиргенине караганда, өлкөдө технологиялык экологиянын жана дары-дармек инновациясынын өнүгүшү Иранды аймактагы үчүнчү ири дары-дармек базарына айландырды.Бул дагы билимге негизделген жана чыгармачыл компаниялар жасаган технологиялык жана инновациялык аракеттердин натыйжасы. Белгилей кетсек, мурда өлкөгө керектүү көптөгөн дары-дармектер өтө чоң чыгымдар менен жана импорттун…

Прочитайте больше

Иран өзүнүн “Фахра” вакцинасын тааныштырды

Иран өзүнүн “Фахра” вакцинасын тааныштырды

Кечээ, шейшемби күнү Иранда коронавируска каршы өздүк “Фахра” вакцинасын сыноонун биринчи этабы башталып, маркум өзөктүк илимпоз Мохсен Фахризаденин уулу эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги маалымдады.Ирандын Коргоо тармагынын изилдөө жана инновация уюмунда (Сепанд) иштелип чыккан “Фахра” вакцинаснын презентациялык аземине өлкөнүн Коргоо жана Саламаттыкты сактоо министрлери генерал Амир Хатами жана Саид Намаки катышты.Эске салсак, Мохсен Фахризаде 27-ноябрда Тегеран провинциясындагы кол салуунун натыйжасында каза болгон. Ал аралыктан башкарылган курал менен өлтүрүлгөн. Окумуштуу Коргоо министрлигинин алдындагы изилдөө жана инновациялар уюмун жетектеген.Фахра…

Прочитайте больше

Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудайдын жана 500 тонна пахтанын үрөнүн берет

Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудайдын жана 500 тонна пахтанын үрөнүн берет

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков өткөн жумада президент Садыр Жапаров баштаган расмий делегациянын курамында Өзбекстанда болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, министрдин боордош республикага болгон мамлекеттик иш сапарында бир нече натыйжаларга жетишилди. Тактап айтканда, Өзбекстан тарабынан 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн жана 500 тонна пахтанын үрөнүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Ошондой эле Өзбекстан Кыргызстандын аймагына заманбап күнөсканаларды куруп, кийин ал кыргыз тарапка өтөт деп…

Прочитайте больше

Америкалыктар Кытайды коронавирустан кийинки эң чоң коркунуч деп эсептешет

Америкалыктар Кытайды коронавирустан кийинки эң чоң коркунуч деп эсептешет

Америкалыктардын дээрлик жарымы Кытайды коронавирустан кийинки эң чоң коркунуч жана душман деп аташты. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Американын Гэллап институтунун сурамжылоосу өлкөнүн жарандары үчүн  Кытай  коронавирустан кийинки эң чоң коркунуч болуп эсептелерин көрсөттү.News Max веб-сайтынын маалыматына ылайык, Гэллаптын сурамжылоосу боюнча, америкалыктардын жарымына жакыны “Кытай өлкөнүн эң чоң душманы” деп эсептейт. Февралда жүргүзүлгөн сурамжылоодо улуу муундагы 1021 америкалыкка сурамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгы кечээ, шейшемби күнү жарыяланды жана Кытай АКШ үчүн эң чоң коркунуч деп табылды. Өлкөдө…

Прочитайте больше

Мьянмадагы демонстрацияларда 138 адам каза болду

Мьянмадагы демонстрацияларда 138 адам каза болду

Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө каршы нааразычылык акцияларын басуу учурунда каза болгондордун саны 138ге жетти. “Ir.Sputnik” агенттиги маалымдагандай, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысынын расмий өкүлү Стивен Дюжаррик конференцияда Мьянманын ар кайсы шаарларындагы коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууларда ушул убакка чейин 138, алардын 50гө жакыны акыркы эки күндө каза болгонун билдирди.   “Февраль айынын башынан бери Мьянмадагы нааразычылык акцияларында 138 адам каза тапты. Алардын ичинен 38 адам 14-мартта, дагы 18 адам 13-мартта набыт болду”, – деди Дюжаррик. “БУУнун Башкы катчысы…

Прочитайте больше
1 37 38 39 40 41 47