Бак отургузуунун маанилүүлүгү

Бак отургузуунун маанилүүлүгү

Суроо: Динибизде бак отургузуунун маанилүүлүгү эмнеде? Жооп Мөмөлүү, мөмөсүз бактардын жана токойлордун адамдарга болгон пайдалары чексиз. Адамдарга бул сыяктуу бир кызмат кылуунун динибизде маанилүүлүгү чоң. Бул тууралуу билдирилген хадиси шарифтердин айрымдары төмөндөгүдөй: “Отургузулган бактан алына турган мөмөнүн саны канча болсо ошончо сооп аны отургузган адамга берилет.” [И. Ахмед] “Бир адам бир мөмө бак отургузса, ал бакты жемиш бергенге чейин коргоп караса бул бактан төгүлгөн ар бир мөмө Аллахтын алдында ал адам үчүн бир садага болот.” [И. Ахмед] “Бир…

Прочитайте больше

Орусияда биринчи жолу COVID-19дан 1200дөн ашуун өлүм катталды

Орусияда биринчи жолу COVID-19дан 1200дөн ашуун өлүм катталды

Орусияда бир сутканын ичинде COVID-19 менен ооругандардын арасында 1211 өлүм катталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу өлкөнүн инфекцияны көзөмөлдөө боюнча оперативдүү штабынын сайты маалымдады. Курмандыктардын көбү Москвада – 95 адам, Санкт-Петербургда – 88, Краснодар крайында – 47, Ставрополь крайында 42 адам катталды. Жалпысынан пандемия башталгандан бери 249 215 бейтап каза болду. Ал эми акыркы 24 сааттын ичинде 39 160 жаңы учур аныкталды. Буга чейин, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун төртүнчү толкуну…

Прочитайте больше

Польша менен Беларусиянын чек арасында эмне болуп жатат?

Польша менен Беларусиянын чек арасында эмне болуп жатат?

Беларусиянын чек арасындагы абал курчуп баратат: миңдеген мыйзамсыз иммигранттар КМШдан чыгып, Евробиримдиктин аймагына кирүүгө аракет кылышууда. Беларусия-Польша чек арасына качкындар дүйшөмбү күнү, 8-ноябрда эртең менен келе баштаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Европанын чек арасына эки миңден ашуун адам чабуул коюшту. Айрым ЖМКлар ия менен Польшанын чек араларында 5 миңдей мигрант топтолгонун  жазышууда. Айрым маалыматтар боюнча, чогулган элдин арасында жакында эле Ирактан Беларусияга келген күрттөр көп. Мигранттар Европанын аймагына мыйзамдуу түрдө өткөрүү пункту аркылуу кирүүгө аракет…

Прочитайте больше

Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик техника берет

Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик техника берет

Казакстан Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. Тиешелүү макулдашууну мажилис депутаттары жактырды. Билдирүүгө караганда, Казакстан коңшулары Кыргызстан жана Тажикстанга ок-дары жана атайын техника берет. Казакстандын коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев пленардык жыйында казак тарап аскердик мүлктү Кыргызстандын Койташ айылына жеткирүүнү өз мойнуна алганын айтып,  аскердик мүлктү башка үчүнчү өлкөлөргө берүү же аны пайдалануу укугун берүүгө болбой труганын билдирди. Ошондой эле ал Тажикстанга аскердик мүлктөрүн берүү Казакстандын…

Прочитайте больше

Ирактын премьер-министрине кол салуу аракети болду

Ирактын премьер-министрине кол салуу аракети болду

Ирак бийлигинин маалыматы боюнча, Багдаддагы премьер-министр Мустафа аль-Казыминин резиденциясына дрондон кол салуу болгон, бирок саясатчы жабыркаган эмес. Жекшембиге караган түнү 7-ноябрда Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казымиге учкучсуз учуучу аппаратты колдонуу менен кол салуу аракети болгон. Аскер кызматкерлеринин айтымында, дрон жардыруучу заттар менен толтурган. Ирак бийлиги сокку  өкмөт башчынын резиденциясына жасалганын  билдирүүдө.Саясатчы кийинчерээк Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасап, өзүн жакшы сезип жатканын айтып, ирактыктарды сабырдуулукка чакырган. Бул окуядан бир нече сааттан кийин маалымат каражаттары  кол салуу аракетинде үч учкучсуз…

Прочитайте больше

Нью-Йоркто коронавируска каршы вакцина алган балдарга 100 доллар төлөнөт

Нью-Йоркто коронавируска каршы вакцина алган балдарга 100 доллар төлөнөт

Нью-Йорктун бийлиги коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн 5 жаштан 11 жашка чейинки балдарга 100 доллардан төлөп берет. Бул тууралуу шаардын мэри Билл де Блазио Титтердеги баракчасына жазганын чет элдик басылмалар жазышты. “5тен 11 жашка чейинки балдар шаардын эмдөө борборунда COVID-19 вакцинасын алса, 100 доллардан стимул алууга укуктуу”, – деп жазган де Блазио Титтердеги баракчасына. АКШнын Тамак-аш жана дары-дармектерди көзөмөлдөө башкармалыгы жана Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору 5тен 11 жашка чейинки балдарды эмдөө үчүн Pfizer вакцинасын колдонууга уруксат беришкен….

Прочитайте больше

Бишкек кайрадан абасы эң булганыч шаарларлардын тобунда

Бишкек кайрадан абасы эң булганыч шаарларлардын тобунда

Бишкек кайрадан абасы аябай булганган шаарлардын катарына кирди. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышты.  Дем алган абанын начардыгы боюнча тизмеде Индиянын Дели жана Калькутта шаарлары, ошондой эле Пакистандын Лахорунда шаарынан кийин эле Кыргызстандын борбору Бишкек шаары тизменин төртүнчү сабын ээлеп турат. Сенсорлор абанын эң начар булганышы таштанды полигондун аймагында экенин көрсөткөн. Ал жакта көрсөткүч нормадан 10 эсе ашып кеткен.

Прочитайте больше

Көмүрдүн баасын 4500 сомдон ашыргандарга чара көрүлөт

Көмүрдүн баасын 4500 сомдон ашыргандарга чара көрүлөт

Көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн кабыл алган токтомуна ылайык, кара алтындын баасын үч ай бою көзөмөлдө турат. Ал эми монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баа боюнча, Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасы 4 500 сомдон кымбат сатылбашы керек.  Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басылмала жазышты. Агенттик көмүрдү койгон баадан кымбат саткандарга алгач эскертүү берилерин айтып, эгер аны аткарбаса жеке тараптарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын билдирет. Бишкек шаарында көмүргө бекитилген баа:…

Прочитайте больше

Илон Маск Tesla компаниясындагы акцияларынын 10% сатат

Илон Маск Tesla компаниясындагы акцияларынын 10% сатат

Tesla компаниясынын башчысы, дүйнөдөгү эң бай адам деп эсептелген Илон Маск компаниядагы үлүштөрүнүн 10% сатат. Өткөн ишемби күнү миллиардер “Твиттер” баракчасына колдонуучулар колдосо акцияларынын 10% сата турганын жазып, сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкан 3,5 миллиондон ашык колдонуучунун дээрлик 58% бул идеяны колдошкон. “Мен сурамжылоонун каалаган жыйынтыгына макул болууга даяр болчумун”, – деп жазды Маск сурамжылоо аяктагандан кийин. Ал сурамжылоо жүргүзүү чечимин “акыркы кездери “ишке ашпаган кирешелер” салыктан качуунун бир жолу экени тууралуу көп айтылып жатканы” менен түшүндүрдү. Маск…

Прочитайте больше

Индонезияда сел жүрдү

Индонезияда сел жүрдү

Индонезиянын Ява аралында болгон селде кеминде 5 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголду. Индонезиянын Ява аралында болгон селде кеминде 5 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголду. Индонезиянын улуттук апаат агенттигинин берген маалыматына караганда, Яванын Кота Бату аймагында катуу жааган жамгырдан улам 5 айылды суу каптады. Индонезиянын улуттук апаат агенттигинин басма сөз катчысынын орун басары Абдул Мухари селден каза болгон 5 адамдын сөөгүнүн табылганын, 4 адамдын дайынсыз жоголгондугун белгиледи. Мухари жоголгондорду издөө – куткаруу…

Прочитайте больше

Жакында Жер бетинен жок болуп кетиши мүмкүн болгон өлкөлөр

Жакында Жер бетинен жок болуп кетиши мүмкүн болгон өлкөлөр

Глобалдык ысыктан улам муздар эрип, деңиз деңгээли көтөрүлүп бир нече арал мамлекеттери жок болуп кетиши ыктымал. Бул тууралуу “Express” гезити жазды. Климаттын өзгөрүшүнөн жабыркашы мүмкүн болгон аймактарга Кирибати, Тувалу жана Маршалл аралдары кирет. Кирибатидеги “Climate Action Network” экологиялык бейөкмөт уюмдарынын глобалдык тармагынын координатору Пелениза Алофа Глазгодогу БУУнун саммити арал мамлекеттери үчүн өтө маанилүү окуя экенин айтып, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана кч алган тропикалык бороон-чапкын аймактагы адамдардын өмүрүнө жана айыл чарбасына коркунуч туудуруп жатканын эскертти. Окумуштуулар…

Прочитайте больше

Бишкекте “Европа Биримдиги – Борбор Азия” биринчи экономикалык форуму өтүп жатат

Бишкекте “Европа Биримдиги – Борбор Азия” биринчи экономикалык форуму өтүп жатат

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында премьер-министрлердин деңгээлинде “Европа Биримдиги – Борбор Азия” биринчи экономикалык форуму өтүп жатат. Форум экономикалык кызматташтыктын экономикалык маселелери боюнча пикир алмашууга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана келечекти белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет. Аталган форумдун негизги темасы COVID-19дан кийин экономиканы кайра калыбына келтирүү, ошондой эле бизнес-чөйрөсүндөгү маселелер жана санариптештирүү болмокчу. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын вице-премьер-министри Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын вице-премьер-министри Усмонали Усмонов катышууда….

Прочитайте больше

Кытай Кыргызстанга 1200 тоннадан ашык азык-түлүктү жардам катарыберди

Кытай Кыргызстанга 1200 тоннадан ашык азык-түлүктү жардам катарыберди

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майын берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Жардам 5-октябрдан 25-октябрга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өткөрүлүп берилди. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Кытайдан келген жардам материалдык резервдер корунда сакталып турат. Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2%…

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12 млрд. куб метрден төмөн түшүп кетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12 млрд. куб метрден төмөн түшүп кетти

3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 11,898 млрд. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК маалымдады. Маалыматка ылайык, суу бир ай ичинде 408,22 миллион метр кубга азайган. 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу – 2,8 млрд. куб метр айырмачылык бар.  Былтыр бул күнү суу сактагычта 14,7 миллиард метр куб суу болгон. Бүгүнкү күндө суу сактагычта суунун чыгымы секундасына 458 метр кубду, агып кириши секундуна 198 метр кубду түзүүдө. Быйыл суунун аздыгынан Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды….

Прочитайте больше

Орусияда эмгек мигранттарынан толук баш тартууну сунушташууда

Орусияда эмгек мигранттарынан толук баш тартууну сунушташууда

Эмгек мигранттарынан бир эле Москвада эмес, бүтүндөй өлкө боюнча баш тартыш керек. Мындай сунушту “Адилеттүү Орусия – Чындык үчүн” фракциясынын башчысы Сергей Миронов айтып чыкканын РИА новости агенттигинин Кыймылсыз мүлккө байланышкан атайын сайты жарыялады. Мироновдун пикиринде, Москва шаарында заманбап технологияларды колдонуу жана эмгек акыны жогорулатуу менен курулуш объектилеринде мигранттарсыз иштөөгө болот. «Курулуштан сырткары, айыл чарбасында, чекене соодада, логистикада жана башка бардык тармактарда ушундай аракет жасоону сунуштайбыз. Айлыктар канчалык тез жогоруласа, өнөр жай ошончолук динамикалуу өнүгөт»,- деди Миронов….

Прочитайте больше
1 65 66 67 68 69 133