Расмий түрдө: Apple Орусияда өз продукциясын сатууну токтотту

Расмий түрдө: Apple Орусияда өз продукциясын сатууну токтотту

Apple Орусияда өз продукциясын сатууну токтотконун расмий жарыялады. Бул тууралуу аталган компания билдирүү жасаганын орусиялык басылмалар жазышты. Мындай чечим Орусияга каршы санкциялардын киргизилиши менен байланыштуу. Ошондой эле, Apple Орусия Федерациясында өз кызматтарынын иштешине да чектөө койгон. Буга чейин орусиялыктар Apple компаниясынын расмий сайтынан жабдууларды сатып ала албай турганы айтылган. “Жеткирүү” тилкесиндеги бардык пункттар “учурда жеткиликсиз” деп көрсөтүлгөн. Маалым болгондой, азыр компаниянын Орусиядагы расмий сайтында iPhone, iPad, MacBook, Apple Watch, AirPods жана акылдуу үй продукцияларына буйрутма…

Прочитайте больше

Орус аскерлери Украинанын тургундарына 30 тонна гумжардам жеткиришти

Орус аскерлери Украинанын тургундарына 30 тонна гумжардам жеткиришти

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Харьков облусуна 30 тонна гуманитардык жардам жеткиришти.  Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргенин маалымат каражаттары жазышты. “Белгород облусунан Харьков облусундагы орус-украин чек арасына жакын жайгашкан Украинанын калктуу конуштарына орусиялык аскер кызматкерлери гуманитардык жүк жеткиришти. Жалпы көлөмү 30 тоннадан ашкан гуманитардык жардам Белгород облусунан жергиликтүү калктын өтүнүчү боюнча Волчанск шаарына жана шаар тибиндеги Казачья Лопанга жеткирилди», – деп билдирди министрлик. Маалыматка караганда, гуманитардык жардамдын ичинде тамак-аш азыктары – эт жана балык консервалары, кондитердик,…

Прочитайте больше

Орусия менен Украина алты күндүн ичиндеги курмандыктар жөнүндө маалымат беришти

Орусия менен Украина алты күндүн ичиндеги курмандыктар жөнүндө маалымат беришти

Орусия согуштук аракеттер башталган алты күндүн ичинде Украинанын 1325 аскердик объектисин жарактан чыгарды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигиинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, орус аскерлери 395 украин танкын, 59 ракеталык комплексин жана 179 артиллериялык куралы менен минометторун жок кылды. Украинанын Коргоо министрлиги 1-мартка карата Орусиянын 29 учагы, 29 тик учагы, 198 танкы, 846 бронетехникасы, 305 автоунаасы, 74 артиллериялык куралы, 1 “Бук” үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплекси, 77 артиллериялык системасы, 24 ракеталык комплекси, 60 танкы,…

Прочитайте больше

Берлинде 100 миңден ашуун адам Украинадагы операцияга каршы жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Берлинде 100 миңден ашуун адам Украинадагы операцияга каршы жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Кечээ, 27-февралда Германиянын баш калаасы Берлинде Украинадагы тынчтык үчүн массалык демонстрацияга 100 миңден ашуун адам чыкты. Германияда көптөн бери нааразылык демонстрациялары мынчалык көп адамдарды чогулта элек болчу. Акцияга саясатчылар, профсоюздардын өкүлдөрү, экоактивисттер, диаспора өкүлдөрү жана кайдыгер карабаган адамдар чогулду. Демонстрациянын катышуучуларынын көбү плакаттарды, Украинанын желегин көтөрүп, “Биз тынчтык үчүн” деген ураандарды чакырышып, Украинадагы согушту токтотууну талап кылышты. Ошондой эле демонстранттар Украинага тилектештик билдирип асманга сары жана көк шарларды учурушту. Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы төрт…

Прочитайте больше

Украинага аскердик абал киргизилди

Украинага аскердик абал киргизилди

Украинада бүгүнтөн баштап аскердик абал киргизилгенин өлкө президенти Владимир Зеленский видеокайрылуусунда билдирди. Ал бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста аскердик атайын операция жүргүзүлөрүн билдиргенин айтты. “Орусия сокку уруп жатат”,-деди ал. Зеленскийдин айтымында, АКШ президенти Жо Байден Украинага жардам көрсөтүүгө убада кылган. “Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Биз күчтүүбүз. Биз баарын жеңебиз. Украинага даңк!” – деди Зеленский. Буга чейин ал Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешин чогултуп, аскердик абалды киргизүү маселесин талкуулаган. Эске салсак, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста аскердик операция өткөрүү чечимин кабыл…

Прочитайте больше

Киевдин жашоочулары массалык түрдө шаардан чыгып кетишүүдө

Киевдин жашоочулары массалык түрдө шаардан чыгып кетишүүдө

Украинанын борбору Киев шаарынын тургундары массалык түрдө шаардан чыгып кетип жатышат. Социалдык түйүндөрдө унаалары менен Киевди таштап чыгып кетип жаткан элдин видеолору тарады. Маалыматта буга уланып жаткан согуштук аракеттер себеп болгону айтылат. Ошондой эле ЖМКларда жана социалдык тармактарда Украинанын бир катар шаарларында, анын ичинде Киевде жардыруулардын үнү угулганы кабарланган. Ошондой эле,  Киевдеги май куюучу жайларда, банктарда жана банкоматтарда кезек күтүүлөр болуп жатканы маалымдалды. Белгилей кетсек, Украинада кырдаал курчуп жатат. Ага байланыштуу бүгүн, 24-февралда БУУнун Коопсуздук…

Прочитайте больше

Жарым миллиард долларлык чыгым. Атлантика океанында 4000дей унаа жүктөлгөн кеме өрттөндү

Жарым миллиард долларлык чыгым. Атлантика океанында 4000дей унаа жүктөлгөн кеме өрттөндү

Португалиядагы Азор аралдарынын жээгинде Германиядан АКШга дээрлик 4000 даана кымбат баалуу унааларды ташып бара жаткан “Felicity Ace” жүк ташуучу кемеси өрттөнүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Куткаруучулар беш-алты күндөн бери өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышканы айтылууда. Өрттөлгөн унаалардын баасы жарым миллиард долларга жетиши мүмкүн. Кемеде Porsche, Audi жана Bentley маркасындагы кымбат баалуу чет элдик унаалар болгон. Маалыматтарга караганда, өрт электромобилдердин батареяларынан келип чыгышы мүмкүн экени болжолдонууда. Кемеге ээлик кылган Сингапурдагы “MOL Ship…

Прочитайте больше

Донбасстын жашоочулары массалык түрдө эвакуацияланат

Донбасстын жашоочулары массалык түрдө эвакуацияланат

Украина тараптан кол салуу коркунучунан улам Донецк жана Луганск Эл Республикаларынын калкы массалык түрдө Орусияга эвакуацияланат. Мындай билдирүүнү Донецк Эл Республикасынын жетекчиси Денис Пушилин билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты. Анын айтымында, Орусия бийлиги менен болгон макулдашуунун негизинде Донецк жана Луганск элине Ростов облусунан орун бөлүнүп, чек ара пункттарынан тез өтүү үчүн шарттар түзүлгөн. Пушилин  Киев бийлиги чуулуу аймакка улам аскерлерин тартып жатканын жана Украинанын куралдуу күчтөрүнө жакынкы аралыкта аймакка кол салуу боюнча буйрук берилерин айтты. “Украинанын президенти Владимир Зеленский жакынкы…

Прочитайте больше

БУУ адамзат үчүн негизги коркунучтарды атады

БУУ адамзат үчүн негизги коркунучтарды атады

Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) эксперттери адамзатка коркунуч туудурган негизги коркунучтарды атады. Эксперттердин баяндамасы уюмдун сайтында жарыяланды. БУУ ири токойлордун өрттөнүшүн жана тирүү организмдердин, адамдардын тиричилик активдүүлүгүн бузуучу антропогендик ызы-чууларды адам баласы үчүн негизги коркунучтар деп тапты. Адистер бул кубулуштар жаратылышка жана адамдардын ден соолугуна абдан зыянын тийгизерин билдиришти. Алар токойдогу өрттөн улам дарактар сыртка бөлүнүп чыккан парник газдарын жутуучулардан анын булагына айланарын, ал эми жалын, күйүктөр сууну булгап, мөңгүлөрдүн эришин шарттай турганын белгилешүүдө. Ал эми антропогендик…

Прочитайте больше

Бразилияда нөшөрлөгөн жаан 104 кишинин өмүрүн алды

Бразилияда нөшөрлөгөн жаан 104 кишинин өмүрүн алды

Бразилиянын Рио-де-Жанейро штатындагы Петрополис шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам каза болгондордун саны 104кө жетти, алардын 8и балдар экенин G1 порталы билдирди. Буга чейин 94 киши каза болгону кабарланган. Табигый кырсыктан 50дөн ашык турак-жай кыйраган. Буга чейин жарандык коргонуу кызматтары 24 адамды куткарып калууга жетишкени маалымдалган. Дагы 35 адам дайынсыз болдон калууда. 15-январда нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан жер көчкү жаралып, суу ташкындаган. Рио-де-Жанейро штатынын губернатору Клаудиу Каштру шаршемби күнү жабыркаган аймакка барган. Буга чейин ал маалымат…

Прочитайте больше

«Талибан» миңдеген аскерлерин Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт

«Талибан» миңдеген аскерлерин Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт

“Талибан” кыймылы миңдеген аскерлерин жана техникасын Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт. Бул тууралуу талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстан куралуу күчтөрүнүн штабынын башчысы Фасихуддин Фитрат билдирди. “Талибандын” расмий өкүлү АКШнын системалары жана НАТОнун жаңы технологиялары менен куралданган 10 миңдей аскерден турган армия Ооганстандын түндүк-чыгышында кандай гана куралдуу аракеттер болбосун чара көрөрүн айтты. Фитрат чукул арада “бул кубаттуу күчтү” колдой турган согуштук учактар даяр болорун кошумчалады. Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясы Өзбекстан, ал эми Кундуз, Тохар жана Бадахшан провинциялары…

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 403 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 403 миллиондон ашты

Бүгүн, 10-февралга карата дүйнөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 403 миллиондон ашты. Бул тууралуу Worldometers сайтына шилтеме берип “УНН” агенттиги жазды. Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча COVID-19 инфекциясын 403 659 007 адам жуктурса, анын ичинен 323 713 663 адам айыгып чыкты. Курман болгондордун саны 5 795 887ге жетти. Ооругандардын саны боюнча тизмеде сап башында АКШ (78 824 393), Индия (42 476 122), Бразилия (26 960 153), Франция (21 039 639), Улуу Британия (18 000 119), Россия (13…

Прочитайте больше

Окумуштуулар Америкада жакынкы жылдарда ири табият кырсыктары болорун эскертишти

Окумуштуулар Америкада жакынкы жылдарда ири табият кырсыктары болорун эскертишти

Глобалдык жылуулук жана калктын санынын көбөйүшү XXI -кылымдын орто ченинде Америка Кошмо Штаттарында суу ташкындарынын болушун шарттап, чоң зыян алып келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Nature Climate Change журналында жарыяланган изилдөөгө таянуу менен жазышты. “Батышта суу каптоо коркунучу кабыл алынгыс жогору. Климаттын өзгөрүшү жана калк санынын көбөйүшү бул кырсыктардан боло турган жоготууларды кыйла көбөйтөт”, – деди гидрология профессору Пол Бейтс. Окумуштуулардын айтымында, жер бетинде температуранын жогорулашы АКШда селден келтирилген зыяндын 25 пайызга көбөйүшүнө алып келет….

Прочитайте больше

ЮНИСЕФ: Африкада миллиондогон адамдар гумжардамга муктаж болушат

ЮНИСЕФ: Африкада миллиондогон адамдар гумжардамга муктаж болушат

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) Африкадагы 20 миллиондон ашык адам алдыдагы алты айдын ичинде суу жана азык-түлүк жардамына муктаж болушарын эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты. Уюмдун Чыгыш жана Түштүк Африка боюнча аймактык директору Мохаммед Малик Фолл журналисттерге Эритрея, Эфиопия, Кения жана Сомалиде гуманитардык кризис күчөп жатканын билдирди. “Биз бул аймакта акыркы 40 жылда болуп көрбөгөндөй кургакчылык болуп жатканына күбө болуудабыз. Климаттын өзгөрүшү менен шартталган катуу кургакчылыктын айынан жаныбарлар кырылып калган. Кийинки алты айдын ичинде…

Прочитайте больше

Орусиядагы Эбеко жанар тоосунун атылышы

Орусиядагы Эбеко жанар тоосунун атылышы

Орусиянын Сахалин аймагындагы Эбеко жанар тоосунда чоң жарылуу болду. Жанар тоодон атылган күл жана түтүн метрлеген бийиктикке жеткени белгиленди. 2021-жылдын ноябрында жанар тоонун акыркы атылышында күл 3,5 километр бийиктикке жеткен.

Прочитайте больше
1 13 14 15 16 17 47