Иранда монархия кантип кулаган: Ислам революциясынын буга чейин жарыяланбаган архивдик сүрөттөрү

Иранда монархия кантип кулаган: Ислам революциясынын буга чейин жарыяланбаган архивдик сүрөттөрү

Иранда быйыл Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленет. Революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган. Ирандын “Fars News” маалымат агенттиги Ислам революциясынын 43 жылдыгына карата биринчи жолу өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Зенжан шаарында тартылган революциянын башталышынын сүрөттөрүн жарыялады. Аталган шаар революциянын оор жана маанилүү күндөрүн башынан өткөргөн. Ак-кара кадрлардын автору маркум сүрөтчү Исмаил Пуржам болсо, түстүү сүрөттөрдү Нематулла Саффори тарткан. Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн кийин мекенине кайтып…

Прочитайте больше

Йеменде бир айдын ичинде 13 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кеткен

Йеменде бир айдын ичинде 13 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кеткен

БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюму (МЭУ) Йеменде уланып жаткан кагылышуулардан улам 2022-жылдын январь айында эле кеминде 13 миң 140 адам жер которгонун билдирди. Эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, Шабва, Ходейда, Таиз жана Мариб провинцияларында 2190 үй-бүлө үйлөрүн таштап, Йемендин салыштырмалуу коопсуз аймактарына жер которуп кетишкен. МЭУ 2021-жылдын декабрында Йеменде өлкө ичинде жер которгон 130 миңден ашуун адам гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирген. Мындан тышкары, Йеменге Африка өлкөлөрүнөн келген мигранттардын агымы байкалууда, алар бул өлкөнүн…

Прочитайте больше

Иранда Имам Хомейнинин мекенине кайтып келиши белгиленди. Сүрөттөр

Иранда Имам Хомейнинин мекенине кайтып келиши белгиленди. Сүрөттөр

Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Аны Тегеран шаарынан 3 миллиондон ашуун адам тосуп алган. Бул күн Иран календарында Фажр декадасынын башталышы катары белгиленген. Ал күнү Аятолла Хомейни “Air France” авиакомпаниясынын 4721 чартердик рейси менен “Boeing 747” учагы менен Тегерандагы Мехрабад аэропортуна эртең мененки саат 9:27де конгон. Имам Хомейнинин уулу Ахмад жана ишенимдүү шериги Мортаза Мотаххаринин коштоосунда учактан түшүп жаткан тарыхый учурдун сүрөтү бүт…

Прочитайте больше

Израилдиктердин 59%ы иммиграция жөнүндө ойлонушат

Израилдиктердин 59%ы иммиграция жөнүндө ойлонушат

Израилдин изилдөөсүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, экономикалык абалдын туруксуздугу жана палестиналыктар менен болгон жаңжалдын чечилишине израилдиктердин нааразы болушу аларды оккупацияланган Палестинадан көчүп кетүү жөнүндө ойлонууга түрттү. Fars News агенттигинин Эл аралык тобунун маалыматына ылайык, “Беган” мурас борборунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, израилдиктердин 59%ы басып алынган Палестинанын чегинен тышкары жерлерге көчүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн элчиликтерине барышкан же бул элчиликтерге барууну ойлоп жатышат. Сурамжылоо ошондой эле израилдик үй-бүлөлөрдүн 78% балдарынын басып алынган Палестинанын чегинен тышкары саякатка чыгуусун колдой турганын…

Прочитайте больше

Ооганстанда аялдар жетекчилик кызматка дайындала баштады

Ооганстанда аялдар жетекчилик кызматка дайындала баштады

Ооганстанда «Талибан» кыймылы бийликке келгенден бери биринчи жолу Кабулда аялдар жетекчилик кызматтарга дайындала баштады. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Мужахид «Твиттердеги» баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышты. «Талибан» өкмөтүнүн төрагасынын буйругу менен доктор Малалай Рахим «Малалай» адистештирилген төрөт үйүнүн директору жана Жогорку билим берүү министрлигинин сунушу менен доктор Ариан Шахрор кварталындагы гинекологиялык клиниканын директору болуп дайындалды», – деп айтылат маалыматта. Аялдарды жетекчилик кызматтарга дайындоо боюнча чечим «Талибан» өкмөтү менен эл аралык уюмдардын көптөгөн жолугушууларынын жыйынтыгынан кийин…

Прочитайте больше

Багдад аэропортуна ракеталык чабуул жасалды

Багдад аэропортуна ракеталык чабуул жасалды

Кечээ, 28-январда Ирактын борбор шаары Багдаддагы эл аралык аэропортуна карай ракеталык чабуул жасалды. Бул тууралуу РИА Новости Ирактын коопсуздук органдарындагы булакка таянып билдирди. Чабуул эртең менен болуп, аэропортко кеминде алты ракета атылган. Алардын баары абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлүп, учуп-конуу тилкесине жакын жерге кулап түшкөн. Атылган ракеталардын натыйжасында аэропортто токтоп турган учак жабыркаган. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча айтыла элек. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде Ирактын эл аралык аэропортуна жасалган кол салууну айыптап, аны…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 11 кыргызстандык жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 11 кыргызстандык жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Жапа чеккендердин баары Баткен облустук бириктирилген ооруканага жеткирилген. Министрлик берген маалыматта айтылгандай, жаңжалдан жабыркаган 11 кишини баары аскер адамдары, жай тургундар жок. Жалпы жонунан абалдары орточо оор деп бааланганы айтылат. Тажикстандын маалымат каражаттары берген маалыматка караганда, тажик тараптан чек арадагы чырдан улам 17 киши ооруканага жеткирилген. Бул 28-январга караган түнү алынган маалымат. Эскерте кетсек, чек ара кызматынын маалыматына…

Прочитайте больше

Ташкентте сириялык согушкерлердин катарына кошулууну пландаган 30 адам кармалды

Ташкентте сириялык согушкерлердин катарына кошулууну пландаган 30 адам кармалды

Өзбекстандын борборунда “Тавхид ва жихад катибати” террордук уюмунун мүчөлөрү кармалганын Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кармалгандар Ташкентте жамааттык жыйындарды өткөрүп, келечекте сириялык террордук уюмдардын катарына кошулууну пландашкан. Террордук топтун аныкталган тарапкерлеринин саны 30га жакын адам болуп, алардын айрымдары борборго Анжиян, Сурхандарья жана Кашкадарыя облустарынан иштөө үчүн келишкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Прочитайте больше

Окумуштуулар: «Омикрон» пластик буюмдарда жана адамдын терисинде мурунку штаммдарга караганда узак жашайт

Окумуштуулар: «Омикрон» пластик буюмдарда жана адамдын терисинде мурунку штаммдарга караганда узак жашайт

Киотодогу Медициналык университеттин окумуштуулары коронавирустун “омикрон” штаммы кээ бир буюмдардын беттеринде узак жашагандыктан тез жайылып жатат деп эсептешет. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы Biorxiv порталына жарыяланды. Адистердин айтымында, SARS-CoV-2нин жаңы мутациясы вирустун мурунку версияларына караганда пластик буюмдарда жана адамдын терисинде бир топ узак жашай алат. Мындан тышкары, “омикрон” көпкө чейин жугуштуу бойдон калышы мүмкүн. Баштапкы вирус пластиктин бетинде орточо эсеп менен 56 саат жашаса, “дельта” штаммы 114 саат бою турган. Ал эми “омикрон” мындай буюмдардын бетинде  болжол…

Прочитайте больше

Кытайдын окумуштуулары омикронго окшош жаңы коронавирусту аныкташты

Кытайдын окумуштуулары омикронго окшош жаңы коронавирусту аныкташты

Кытайдын окумуштуулары NeoCoV деген аталыштагы жаңы коронавирусту аныкташты. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, ал дүйнөнү бүт каптаган SARS-CoV-2 аталышындагы коронавирус менен жалпы өзгөчөлүктөргө ээ. Жаны штамм Түштүк Африка Республикасындагы жарганаттардан табылган. Ухань шаарындагы университетте эмгектенген окумуштуулар NeoCoV мутация болуп кетүү жөндөмүнө ээ экенин жана анын жыйынтыгында жаныбарлардын эле эмес, адамдын да клеткаларына кирип кетиши ыктымалдыгын эскертишти. Маалыматка караганда, NeoCoV менен SARS-CoV-2 аталышындагы коронавирустун клеткаларга өтүп кетүү механизмдери окшош. Бирок, окумуштуулар вирусту дагы тыкыр байкоого алуу…

Прочитайте больше

Израил аскерлери 80 жаштагы палестиналык адамдын колу-бутун жана оозун байлап, өлүү үчүн муздак үйгө таштап кетишти!

Израил аскерлери 80 жаштагы палестиналык адамдын колу-бутун жана оозун байлап, өлүү үчүн муздак үйгө таштап кетишти!

Сионисттердин “Yedioth Ahronoth” гезити иликтөөсүндө палестиналык карыянын шейит болушуна байланыштуу сионисттик режим армиясынын акыркы кылмышынын жаңы деталдарын жарыялады, анын эң маанилүү бөлүктөрү төмөндөгүлөр: Израил аскерлери 80 жаштагы палестиналык адамдын колу-бутун жана анын оозун таңып жатышат. Армиянын жоокерлери карыяны кыштын суугунда алыскы үйгө таштап кетишкен. Мындай жүрүм-турумуна ал аскерлердин физикалык текшерүүсүнө каршы чыкканы себеп болгон. 80 жаштагы палестиналык Омар Абдел Мажид Асад өткөн шаршемби күнү сионисттер тарабынан шейит болду

Прочитайте больше

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын өлкөлөр аралык комиссия иликтейт

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын өлкөлөр аралык комиссия иликтейт

Борбор Азия энергетикалык айлампасындагы аварияны өлкөлөр аралык комиссия иликтейт. Бул тууралуу 25-январдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, үч өлкөнүн өтүнүчү боюнча (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан – ред.) комиссия түзүлүп, иш жүрөт. Брифинг учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергосистемадагы кырсык Кыргызстандын аймагында болбогонун айтты. “Үч-төрт жыл мурдагы кырсыктан кийин биздин энергетиктер даяр экенин көрсөттү. Эки саат ичинде 50 пайызга чейин электр энергиясы менен камсыз болду. Кайсы бир айылдарда жарык жок болсо, сабыр кылып туруңуздар. Энергетиктер кошуп…

Прочитайте больше

Польша Беларусь менен чек арасына тосмо кура баштады

Польша Беларусь менен чек арасына тосмо кура баштады

Польша-Беларусь чек арасында бийиктиги беш метрден ашкан тосмо курула баштады. Бул тууралуу Польшанын чек ара кызматы Twitter баракчасынан билдирди. «Польша-Беларусь чек арасында тосмо куруу иштери башталды. Бул чек ара кызматынын тарыхындагы эң ири курулуш», – деп айтылат билдирүүдө. Долбоордун жалпы суммасы болжол менен 400 миллион доллар. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Жалпы узундугу 186 чакырым, бийиктиги 5,5 метр болгон жаңы тосмо июнь айында даяр болушу керек. Куруу иштери бир эле убакта төрт участокто жүргүзүлөт. Келечекте тосмону…

Прочитайте больше

Алматынын райондорунун биринде антитеррордук операция режими киргизилди

Алматынын райондорунун биринде антитеррордук операция режими киргизилди

Бүгүн, 26-январда Алматынын райондорунун биринде антитеррордук операция режими киргизилип, азыркы учурга чейин мамлекеттик органдарга кол салуулардын беш катышуучусу кармалды. Бул тууралуу шаардын терроризмге каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабы билдирди. “Терроризмге каршы күрөшүү боюнча шаардык оперативдүү штаб 26-январда саат 00:00дөн баштап 27-январь саат 00:00гө чейин Алматы шаарынын Түрксиб районунун аймагында антитеррордук операция режими киргизилгендигин билдирет. Антитеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө 4-6-январь аралыгында Алматыда мамлекеттик мекемелерди жана коммерциялык объектилерди карактоого катышкан уюшкан кылмыштуу топтун беш лидери жана мүчөлөрү кармалды”,…

Прочитайте больше

Сирияда күрд күчтөрү менен ИМ тобунун кагылышуусунан кеминде 120 киши өлдү

Сирияда күрд күчтөрү менен ИМ тобунун кагылышуусунан кеминде 120 киши өлдү

АКШ колдоо көрөткөн “Сириянын демократиялык күчтөрү” (SDF) менен бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган “Ислам мамлекети” (ИМ) террордук уюмунун жоочулары Сириянын түндүк-батышындагы Эл-Хасака шаарында салгылашып, кеминде 120 киши өлдү. “Аль-Арабия” телеканалы маалымдагандай, SDF америкалык аскерлердин колдоосу менен Эль-Хасактагы түрмөгө чабуул жасаган. Ал абакта 3,5 миңдей киши кармалып турат, алардын арасында ИМ тобунун катарында согуштук аракеттерге катышкан жалданма жоочулар да бар. 23-январда айрым ЖМКлар күрд аскердик бирикмеси АКШнын жардамы менен түрмөнү көзөмөлгө алганын жазышты. Сирияда президенттик шайлоо…

Прочитайте больше
1 14 15 16 17 18 47