Видео: Оогандык 345 кыргыз мал-жаны менен Тажикстанга кире качты

Видео: Оогандык 345 кыргыз мал-жаны менен Тажикстанга кире качты

13-14-июлда 345 ооган кыргызы талибдерден коркуп, Тажикстанды аймагына кире качты. Тажикстан Чек ара кызматы шаршембиде Бадахшан провинциясынын Андемин кыштагында жашаган 91 эркек, 77 аял жана 177 жашы жете элек бала (64ү эркек, 113ү кыз) Мургаб районуна карашуу Кызыл-Работ айыл аймагына келишкенин кабарлады. Маалыматка караганда, ооганстандык кыргыздарды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен. Ооганстандык кыргыздар мал жандыктарын айдай келишкен. Качкындар менен кошо 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана отуз жылкы кирген….

Прочитайте больше

1-сентябрдан баштап электр энергиясына болгон тариф кымбаттайт

1-сентябрдан баштап электр энергиясына болгон тариф кымбаттайт

Отун энергетикалык комплекси боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде 1-сентябрдан баштап Кыргызстанда электр кубатына болгон жаңы тарифтер коюлуп башташы мүмкүн экенин билдирди. Ал Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору боюнча коомдук талкуунун жыйынтыгы күтүлүп жатканын билдирип: “Азыр бир аз кечигип жатабыз. Эгерде 15-июлда коомдук талкуу аяктай турган болсо, аны өкмөткө алып барып, бардык министрлик жана ведомстволор менен макулдашуу үчүн бир…

Прочитайте больше

Кытайда дрон орнотулган смартфон ойлоп табылды (фото)

Кытайда дрон орнотулган смартфон ойлоп табылды (фото)

Кытайлык Vivo компаниясы камералары бар дрон орнотулган өзгөчө смартфон ойлоп тапты. Бул тууралуу нидерланддык LetsGoDigital басылмасы билдирет. Патент Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна (WIPO) декабрь айында берилген, бирок арыз июль айында гана жарыяланды. Маалыматка ылайык, чакан квадрокоптер смартфондун корпусунун жогору жагындагы оюкта жайгаштырылат. Дрон  төрт дилдирек, өзүнчө аккумулятор, эки камерадан жана жакындата турган үч инфракызыл датчик менен жабдылат. Квадрокоптер маалыматтарды телефонго Wi-Fi жана Bluetooth аркылуу өткөрүп берет. Аппарат сүрөттөрдү жана видеолорду бийиктиктен тартууга ылайыкталган. Колдонуучулар…

Прочитайте больше

Реалдуу коркунуч: Ооганстандагы согушкерлер Тажикстанга кириши мүмкүнбү?

Реалдуу коркунуч: Ооганстандагы согушкерлер Тажикстанга кириши мүмкүнбү?

Орусиянын “Альфа” антитеррордук бөлүмүнүн ардагерлеринин эл аралык бирикмесинин ардактуу президенти Сергей Гончаров америкалык аскерлер жана алардын союздаштары Ооганстандан чыгып кеткенден кийин, көйгөйлөр Борбор Азия өлкөлөрүндө гана эмес, Орусияда дагы башталат деп эсептейт. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды. Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү радикал Талибан кыймылына туруштук бере албай, артка чегинип жатышат. Согушкерлерден качкан ооган аскерлери Тажикстан жана Өзбекстандын аймагын  массалык түрдө кесип өткөн учурлар катталды. Мунун бардыгы америкалык аскерлердин жана алардын союздаштарынын Ооганстандан чыгып жаткан учурда болуп…

Прочитайте больше

Түркмөнстандын калкы 2,7млн. адамга чейин азайган

Түркмөнстандын калкы 2,7млн. адамга чейин азайган

Түркмөнстандын президенттери Сапармурат Ниязов менен Гурбангулы Бердымухамедовдун тушунда калк 1980-жылдардын деңгээлине түшкөнү белгиленди. Бул жолу жергиликтүү эл каттоонун кызматкерлери деле мындай көрсөткүчтөрдү күткөн эмес.Анткен менен жергиликтүү булактардын маалыматына ылайык,Түркмөнстандын калкы азайып, өлкөдө 2,7-2,8 млн. адам жашаары аныкталды.Булактардын биринин айтымында, бөлүмдөр Түркмөнстан Президентинин администрациясына отчет берүү үчүн калкты каттоо боюнча алдын-ала маалыматтарды чогултушкан.«Калкты эсептөөдө колдонулган ыкмалар ар башкача болгон, негизинен –   үймө-үй кыдыруу, бирок башка түз жана кыйыр маалыматтар дагы колдонулган. Мисалга, армияга чакырылгандардын саны, мектеп бүтүрүүчүлөрү, университеттин студенттери, бала…

Прочитайте больше

Түрк ЖМКсы: Орхан Инанды ФЕТОнун 25 мүчөсүнө Кыргызстандын паспортун алууга мыйзамсыз жардам берген

Түрк ЖМКсы: Орхан Инанды ФЕТОнун 25 мүчөсүнө Кыргызстандын паспортун алууга мыйзамсыз жардам берген

Түркиянын Haber Turk басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булагына таянып, кармалган Орхан Инанды ФЕТО уюмунун Түркиядан качып келген 25 мүчөсүнө кыргыз жарандарынын паспортун алуу үчүн мыйзамсыз жардам көрсөткөндүгүн билдирди. Берилген маалыматтарга караштуу, Орхан Инанды ушул жылдын март айында АКШнын Пенсильвания штатындагы FETOнун штаб-квартирасына барып, ал жерде уюмдун лидерлери менен жолугушкан.Ага мурдараак Түркиядан качып кеткен 25 ФЕТОнун мүчөлөрүнө башпаанек берүү милдети жүктөлгөн деп айтылууда. Эске салсак, “Сапат” түрк лицейлеринин президенти жана Кыргызстандын жараны Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп кеткен.Ушул убакка…

Прочитайте больше

Үйлөнүү жана тагдыр

Үйлөнүү жана тагдыр

Суроо: Мен кызымды динин билген жакшы мусулман адам менен үйлөндүргүм келет, бирок, бирөө мага: «Аллах анын маңдайына ичкилик ичкен жаман бирөөнү жазган болсо сен өзгөртө албайсың. Сенин айыңан кыз үйдө отуруп калат, күнөөгө кирбе, ким менен үйлөнсө үйлөнсүн, жөн кой! Кыздын үйлөнүүсүнө тоскоол болбо» – деди. Бул жерде тоскоол болуу күнөөбү же тоскоол болбоо күнөөбү? ЖООП Аны айткандар тагдыр тууралуу билбегендиктен жаңылыш сөз сүйлөөдө. Тагдыр ар кимдин өз ирадасы (каалоосу) менен эмне кыла тургандыгын, ким менен…

Прочитайте больше

Береке жана берекесиздик

Береке жана берекесиздик

Суроо: Береке жана берекетсиздик деген эмне? ЖООП Береке – бул аз оокаттын көп пайдага жароосу. Аз оокат берекелүү болгондо көп адамдын ырахат болуусуна, жакшы иштердин кылынуусуна жарайт. Ээсинин дүнүйөдө жана акыретте жамандыкка кирүүсүнө себеп болчу берекелүү болбогон көп оокат болот. Ошондуктан, мал-оокаттын көп болуусун эмес берекелүү болуусун тилеш керек! Ырыскы эч өзгөрбөйт, азайбайт жана көбөйбөйт. Эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт. Эч ким өз ырыскысын жеп бүтүрмөйүн өлбөйт. Ким эгер Аллаху таала буйрук кылгандыгы үчүн…

Прочитайте больше

Ооганстан өкмөтү: Кабул Талибандын катышуусу менен өкмөттү түзүүгө аргасыз

Ооганстан өкмөтү: Кабул Талибандын катышуусу менен өкмөттү түзүүгө аргасыз

Ооганстандын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мухеб, өкмөт Талибан менен коалициялык өкмөт түзүүгө бел байлаганын билдирди. Ал кошумчалагандай, ооган эли талиптердин өкмөткө киришине каршы эмес, бирок топтун башкаруусуна каршы болушуп, аргасыздан колуна курал алып, талиптерге каршы күрөшкөн. “Ооганстандыктар талиптер бүт өлкөнү башкарып, ооган эли кандайча жашаш керектигин буйрук кылышын каалашпайт”,- деди Хамдулла Мухиб.Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси жакында өлкөдөгү жаңжалдын курчушуна токтолуп, Талибан согушу легитимдүү эмес жана бул топ бийликке жетүүгө аракет кылып жатат деп билдирди.Мухеб…

Прочитайте больше

Индияда жасалма вакцина менен миңдеген адамдарды эмдешкен

Индияда жасалма вакцина менен миңдеген адамдарды эмдешкен

Индия полициясы коронавируска каршы вакцинанын ордуна туз ээритмеси, антитело же антибиотик сайган 10 жеке вакцинация борборун жаап, борборлордун кызматкерлерин камакка алышкан. Белгилей кетсек, эмдөөдөн өткөн бир нече миң адам эми жаңы коронавирустун толкунуна туш болушууда.Ал эми, Мумбайдын жергиликтүү өкмөтү өткөн аптада Шивам ооруканасын тосуп, лицензиясын кайтарып алды. Бул иш-чаранын себеби, аталган медициналык борбордо жасалма вакциналардын кеңири түрлөрү болгон.Учурда полиция оорукананын жасалма коронавирус вакциналарын чыгарган-өндүрбөгөнүн иликтөөдө жана бул оорукананын ээлери камакта.Эске салсак, ушул жылдын башында дарылоо…

Прочитайте больше

Талибан Борбор Азияга кире баштадыбы?

Талибан Борбор Азияга кире баштадыбы?

Талибан Ооганстандын Түркмөнстан менен чектеш провинциясын да басып алды. Белгилей кетсек, талип согушкерлери расмий бийлик көзөмөлдөгөн провинцияларга каршы чабуулун жигердүү улантууда.Учурда Талибан кыймылы  Акин кургак порт жайгашкан Түркмөнстан менен чектешкен Андхой провинциясын басып алышты.Порт өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө кала бергени менен бир жума мурун жабылган. Бир жума иштебей токтоп турган мезгилде азык-түлүктүн баасы эки эсеге көтөрүлүп, эки тараптагы аймактын тургундары ачкачылыктын башталышынан чочулап жатканы маалымдалды.«Порт жабылып, азык-түлүктүн импорту токтоп калды. Туура тамак жей албай, оор абалда калдык»,…

Прочитайте больше

UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

3-август күнү UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет. Бул тууралуу мушкер өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.UFC чемпионатын уюштурган уюм Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда аралаш мушташ (ММА) боюнча “Eagle Fighting Championship” лигасын өткөрөт.Уюмдун маалыматы боюнча, Eagle FC Кыргызстанда биринчи жолу өтөт.Лигада Руслан Яманбаевдин атаандашы Бусурманкул Абдибаит уулу менен чемпиондук наамын коргоосу негизги күрөш болот.Нурмагомедов буга чейин Кыргызстанга 2018-жылдын январь айында атасы Абдулманап Нурмагомедов менен чогуу келип кеткен. Мушкер Бишкекте өткөн жолугушуудан кийин, кыргыз эли менен дагестан элинин окшоштугу – мырзалардын балбандыгында экендигин билдирген…

Прочитайте больше

Космонавт Ысык-Көлдүн космостон тартылган жаңы сүрөтүн жарыялады

Космонавт Ысык-Көлдүн космостон тартылган жаңы сүрөтүн жарыялады

Орусиялык космонавт Олег Артемьев Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырды. “Сүрөттө эн белгилүү жана кооз көлдөрдүн бири Кыргызстандагы Ысык-Көл экенин таанысанар керек”, – деп жазды космонавт. Белгилей кетсек, Олег Артемьев буга чейин дагы Эл аралык космостук станциядан тартылган Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн жана видеолорун бир нече жолу жүктөгөн.

Прочитайте больше

АКШ өз президенттеринин рейтингин жарыялады

АКШ өз президенттеринин рейтингин жарыялады

Америкалык тарыхчылар Дональд Трампты, айрыкча анын адеп-ахлактык сапаттары жана административдик жөндөмдөрү үчүн өлкөнүн эң начар президенттеринин бири деп аташты. Белгилей кетсек, бул изилдөөнү АКШнын C-SPAN каналы жүргүзгөн. Бул боюнча 2000-жылдан бери төртүнчү жолу басылма түзгөн рейтингдин үстүнөн АКШнын  142 эксперт-тарыхчылары иштеди. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Трамп рейтингдеги 44 катышуучунун арасынан 41-орунду ээледи.Ал эми, АКШнын алдыңкы үч президенттин катарына Авраам Линкольн, Джордж Вашингтон жана Франклин Рузвельт кирди.Ошондой эле, Джон Кеннеди сегизинчи орунду ээледи, андан кийин республикачылардын президенти Рональд Рейган жана алдыңкы ондукка 44-президент Барак Обама кирди.Демократ Билл Клинтон 19-орунда, Буш улуусу 21-орунда, Президент Жордж Буш 29-орунда…

Прочитайте больше

Дагы 300 оогандык аскерлер Тажикстанга качып киришти

Дагы 300 оогандык аскерлер Тажикстанга качып киришти

Ооганстандын 300 аскери Кабулдан 70 км. түндүктө Талибанга каршы күрөшүүдө жеңилип, Тажикстанга качып кирди. Бул боюнча Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ооганстандын айрым чек ара аймактарындагы кырдаалды “курч”деп мүнөздөөдө.Эске салсак, 3-июлда саат 18:30 чамасында Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Хохон районундагы Овез айылы, Шахрибузург району жана Рогистон районундагы Зираки айылы толугу менен талиптердин көзөмөлүнө алынган. Алар ошондой эле Хохон округундагы Овез чек ара командачылыгын басып алышкан.Ал эми согуштан артка чегинүү учурунда 300гө жакын чек арачылар Тажикстан…

Прочитайте больше
1 88 89 90 91 92 133