“Кумтөрдүн” алтынын өзүбүз иштетсек, 30 миң жумуш орду түзүлмөк

“Кумтөрдүн” алтынын өзүбүз иштетсек, 30 миң жумуш орду түзүлмөк

Депутат Чыңгыз Макешов: “Бай Кыргызстанды негиздөө өз колубузда!”. “Кумтөрдөн” алынган алтынды зергерлер иштете  турган болсо бери жагы 30 миңдей жумуш орду түзүлмөк. Бирок, ошол алтындарга кол жеткис абалдын жаралганы, чындап эле жарыбастыктын көрүнүшү болуп жатпайбы?” , – деп айтты “Парламент” радиосуна интервью берген Жогорку Кеңеш депутаты Чыңгыз Макешов. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда жылына 20 тоннадай алтын алынат. Аны чийки зат түрүндө сатканда арзан баа болсо, ал эми аны…

Прочитайте больше

Японияда катуу жер титирөө болуп, 32 киши жабыркады (видео)

Японияда катуу жер титирөө болуп, 32 киши жабыркады (видео)

Токиого жакын жерде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, жабыркагандардын саны 32ге жетти. Бул тууралуу өрт өчүрүү кызматынын маалыматына таянуу менен Киодо агенттиги жазды. Маалыматка караганда, үч адамдын абалы оор деп бааланууда. Жер титирөөдөн кийин Токио линиясындагы поезд кыймылы азырынча калыбына келтириле элек. Бир катар метро линияларында жана шаардык темир жолдордо поезд каттамдары кечиктирилди. Цунами коркунучу жарыяланган жок. Силкинүүнүн очогу 80 чакырым тереңдикте болгон. Жердин силкиниши өлкөнүн 47 префектурасынын 26сында сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор…

Прочитайте больше

«Талибан» Тажикстан менен мамилени оңдоого аракет кылып жатканын билдирди

«Талибан» Тажикстан менен мамилени оңдоого аракет кылып жатканын билдирди

“Талибандын” жетекчилиги Душанбе менен болгон чыңалууну дипломатиялык жолдор менен басаңдатууга аракет кылууда. Ооганстанда бийликти басып алган радикалдуу “Талибан” кыймылы Тажикстандын жетекчилиги менен мамиледеги чыңалууну азайтуу үчүн дипломатиялык аракеттерди көрүүдө. Бул тууралуу “Tolo News” телеканалы Ооганстандын Маалымат жана маданият министрлигине таянуу менен билдирди. “Тышкы иштер министрлиги бардык өлкөлөр менен байланышта жана алар менен жакшы мамилелерди курууга аракет кылууда”, – деди “Талибандын” маданий иштер боюнча комиссиясынын мүчөсү Рохулла Омари. Мындан тышкары, ал Тажикстан Ооганстан үчүн жакшы коңшу…

Прочитайте больше

Ош шаарынын аймагын 10 миң гектарга чейин кеңейтүү аракети жүрүүдө

Ош шаарынын аймагын 10 миң гектарга чейин кеңейтүү аракети жүрүүдө

Ош шаарынын аймагын кеңейтүү иши чектеш турган райондордун жерлерин алуу менен ишке ашат. Бул боюнча жергиликтүү бийлик Президент менен Министрлер кабинетине атайын документтерди даярдап жөнөткөн. Анда шаардын аймагына кошсо болот деген 10 миң гектарга жакын жер көрсөтүлгөн. Учурда бул маселени мекемелер аралык комиссиясы реалдуу изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ош регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Алтынбек Токошев билдирди. «Ош шаарына киргизсе болот деген жерлер калаанын батыш тарабынан Араван районунан каралган. Түндүк-батыш тарабы Өзбекстандын чек…

Прочитайте больше

Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүүдө

Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүүдө

Кыргызстанда акыркы бир сутканын ичинде коронавирус 104 кишиден табылып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. Жаңы катталгандардын эң көбү Бишкек шаарына тиешелүү. Борбор калаада 69 учур, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 10, Жалал-Абад облусунда 5 жана Баткен облусунда 1 учур катталды. Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 179 036га жетти. Анын ичинен 173 796 бейтап айыгышты. Бир сутка ичинде илдеттен эки адам каза болду. Муну менен дарттан көз жумгандардын…

Прочитайте больше

Путин 69 жашта. Садыр Жапаровдун куттуктоосу

Путин 69 жашта. Садыр Жапаровдун куттуктоосу

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 7-октябрда 69 жашка толду. Ал 1952-жылы Санкт-Петербург шаарында туулган. Садыр Жапаров ага бекем ден соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Президент Садыр Жапаров орусиялык кесиптеши Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, аны менен телефон аркылуу сүйлөштү.Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирет. Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар кыл тармактагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Жапаров Путинди туулган…

Прочитайте больше

Сингапурдук окумуштуу жаңы коронавирус пайда болушу мүмкүн экенин эскертти

Сингапурдук окумуштуу жаңы коронавирус пайда болушу мүмкүн экенин эскертти

SARS-CoV-3 коронавирусу келечекте SARS-CoV-2нин адамдардан жарганаттарга жугуусунун натыйжасында пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Сингапурдун Улуттук Университетинин алдындагы жаңы пайда болгон жугуштуу оорулар программасынын жетекчиси, профессор Ван Линьфа 7-октябрда Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн Ассоциациясынын (АСЕАН) конференциясынын жүрүшүндө билдирди. Профессордун айтымында, Sars-CoV-2 коронавирусу адамдан жаныбарга жугуп, бир нече жолу мутацияланып, кайра жаңы Sars-CoV-3 коронавирусу пайда болуп, ал адамдарга жугуп, жаңы пандемияны чакырышы мүмкүн. Коронавирустун адамдан жаныбарга жуккан учурлары белгилүү. Пандемия учурунда үй жаныбарлары ээлеринен коронавирус жуктуруп алган учурлар…

Прочитайте больше

Канадалыктар Кумтөр кенинде экологияга олуттуу зыян келтиргендиги аныкталды

Канадалыктар Кумтөр кенинде экологияга олуттуу зыян келтиргендиги аныкталды

“Кумтөр Голд Компани” Кумтөр кенинде “канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузган фактылар аныкталганын” билдирди. 5-октябрда компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүлүп келгени, бул полигондор бир да отчетто көрсөтүлбөгөнү, аларды кызматкерлердин жардамы менен аныктоого мүмкүн болгону белгиленген. “Казуу иштерине катышкандардын баары таң калып жатышат… Экологдордун айтымында, мындай калдыктар көмүлгөн жерлер кендин дээрлик бардык аймагында бар. Аларда тиричилик таштандылары менен аралаш…

Прочитайте больше

Эми министр болгусу келгендер 10 жыл мамлекеттик кызматта иштеш керек

Эми министр болгусу келгендер 10 жыл мамлекеттик кызматта иштеш керек

“Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору талкууланды. Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган депутат Аалы Карашев жаңы мыйзам долбооруна ылайык Министрлер кабинетинин мүчөсү болууну каалаган талапкердик 10 жылдык мамлекеттик жана мунициалдык кызматтагы эмгек стажы болушу керектигин белгилеп: “Анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда иштеши зарыл. Ошондой эле мамлекеттик кызматкердин ишкерчилик менен алектенүүсү толук…

Прочитайте больше

Кыргыз көмүр: “Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт

Кыргыз көмүр: “Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт

М. Жакыповдун айтымында, күнүгө бир отун базасына 200 тоннадан көмүр түшүрүлүп жатат. Бирок ал келери менен сатылып кетүүдө. Учурда Бишкектеги отун базаларында Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы болжол менен 4 500 сомдон сатылууда. Бирок бул баа төмөндөй турганын “Кыргыз көмүр” ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Жакыпов аба ырайынан улам көмүр кеч казылганын айтып, бирок ага карабай жетиштүү көлөмдө алына баштаганын белгилеген. “Үч күндөн бери Бишкектеги көмүр базаларына Кара-Кеченин көмүрү келе…

Прочитайте больше

7 миллиард доллардай жоготкон. Цукерберг интернет колдонуучуларынан кечирим сурады

7 миллиард доллардай жоготкон. Цукерберг интернет колдонуучуларынан кечирим сурады

Кечээ, дүйшөмбү күнү Facebook, Instagram жана WhatsApp тармактары жапырт иштебей калганы маалым болду. Facebook компаниясы да иштин үзгүлтүккө учураганын ырастап, анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг интернет колдонуучулардан кечирим сурады. Маалыматка ылайык, Facebook тармагынын иштебей калышы магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын иштебей калышынан улам болгон. Келип түшкөн маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ортосундагы тармактык трафиктин ишинин жөнгө салынышына жооп берген магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын өзгөрүшү байланышты үзүп, көйгөй жараткан. Facebook инженерлери “Тармактык трафиктин өчүп калуусу биринен бирине өтүп, маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ишинин…

Прочитайте больше

Коронавирустан кийин иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбоо керек. Эмнеге?

Коронавирустан кийин иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбоо керек. Эмнеге?

Коронавирустан кийин иммунитетти көтөрүүгө аракет кылбоо керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы инфекционисти Айнура Кутманова маалымат жыйынында айтты. Себеби башка вирустар сыяктуу эле COVID-19 менен ооруганда адамдын иммундук системасы өзгөчө жабыркайт жана ага кошумча таасир берүү жаңы ооруларга алып келиши мүмкүн. Иммунологдун айтымында, иммунитетти көтөрүү үчүн атайын препараттарды ичүү иммундук системанын туруксуздугун күчөтөт. Ошондктан, иммунитетти көтөрүүчү дары иммуностимуляторлор, чөптөр жана БАД кошулмаларын колдонууга болбойт! Иммундук система өзү  калыбына келет. Ал үчүн өз убагында 8 саат…

Прочитайте больше

Россия Кыргызстанга пошлинасыз бензин менен дизелдин көлөмүн көбөйттү

Россия Кыргызстанга пошлинасыз бензин менен дизелдин көлөмүн көбөйттү

Кыргызстанда мындан ары бензин жана дизел майы кымбаттабайт. Россия Кыргызстандын ички керектөөсү үчүн зарыл болгон бензин жана дизел майын пошлинасыз сатып алуунун көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу КРнын нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан сентябрь айында мурда макулдашылган көлөмдү сатып алып бүткөндүктөн, жалпы негизде же жогорулатылган баада сатып ала баштамак. “Бактыга жараша Кыргызстан менен Россиянын экономика министрликтери пошлинасыз бензин жана дизел майын сатып алуунун көлөмүн көбөйтүүгө макулдашты. Азыр экономика министрликтери жетишилген макулдашууга кол…

Прочитайте больше

Telegram’га бир нече сааттын ичинде 50 миллиондон ашуун колдонуучу катталды

Telegram’га бир нече сааттын ичинде 50 миллиондон ашуун колдонуучу катталды

Facebook, Instagram жана WhatsApp кызматтарынын дүйнө жүзү боюнча иштебей калышынан улам Telegram мессенжерине бир нече сааттын ичинде 50 миллиондон ашуун колдонуучу катталган. Бул тууралуу TGStat аналитикалык кызматынын жетекчиси Юрий Кижикин билдиргенин орус ЖМКлары жазды. “Биздин эсептөөлөр боюнча, акыркы бир нече сааттын ичинде Telegram’га 50 миллиондон ашык жаңы колдонуучулар катталды”, – деди Кижикин. Кечээ, 4-октябрда Facebook, Instagram, WhatsApp жана башка бир катар тиркемелер дээрлик жети саат бою колдонуучулар үчүн жеткиликсиз болгон.  Социалдык тармактар жана мессенжерлердин иши …

Прочитайте больше

Журналисттер миллиарддаган долларлык офшордук схеманы ачыкка чыгарышты

Журналисттер миллиарддаган долларлык офшордук схеманы ачыкка чыгарышты

«Пандоранын документтер топтому (досье)» — деп аталган ал тизмеде Зеленский баш болгон дүйнөнүн 35 президенти жана миллиардерлер бар. Журналист-иликтөөчүлөр  «Пандоранын документтер топтомун» ачыкка чыгарышты. Бул офшорлор боюнча тарыхта алгачкы ирет коомчулукка жарыяланып кеткен ири маалыматтар базасы болуп саналат. Анда бир катар мамлекеттердин башчылары офшордук схема менен байланышта экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу журналист-иликтөөчүлөрдүн (ICIJ) эл аралык консорциуму маалымат таратты. Андыктан ал «Пандоранын документтер топтому» (Pandora papers) деген жаңы аталышка ээ болду. Атап айтканда, иликтөөчүлөр 100дөн ашык миллиардерлерди,…

Прочитайте больше
1 3 4 5 6