Рахмон дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандардын катарына кирди

Рахмон дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандардын катарына кирди

Дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 500 мусулмандын жаңы рейтинги жарыяланды. Тизмеге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да кирди. Аммандагы (Иордания) Мусулман стратегиялык изилдөөлөрүнүн падышалык борбору кайрадан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 500 мусулмандын катарына киргизди. Ошондой эле рейтингге Тажикстандын аалымдар кеңешинин башчысы Сайидмукаррам Абдулкодирзода жана дүйнө исмаилиттеринин руханий лидери Шох Карим Аль-Хусайни дагы кирди. Эске салсак, тажик президенти Эмомали Рахмон 500 таасирдүү мусулмандардын тизмесине биринчи жолу 2012-жылы, ал эми Саидмукаррам Абдулкодирзода 2015-жылы кирген. Бул жылы тизменин сап башында Катардын эмири шейх…

Прочитайте больше

Тажикстанда ЖККУнун аскердик машыгуулары башталды

Тажикстанда ЖККУнун аскердик машыгуулары башталды

Тажик-ооган чек арасында Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) “Өз ара аракеттенүү”, “Издөө” жана “Эшелон” деп аталган аскердик машыгуулары башталды. Бул тууралуу машыгуунун басма сөз борборунан билдиришкенин Спутник-Тажикстан сайты жазды. Машыгууга төрт миң аскер, 500дөн ашык техника тартылган. Алардын арасында “Жолборс” деп аталган ок өтпөс автоунаалар, Су-25 чабуулчу учактар жана башка заманбап аскер техникалары бар. Машыгууга ылайык, Момирак жана Харб-Майдон полигондорунда аскерлер террористтердин басып кирүүсү жана согуштардын локалдашуусу боюнча аракеттерди жасашат. Аскер кызматкерлери Сирия жана Тоолуу…

Прочитайте больше

«Талибан» Путиндин КМШ өлкөлөрүнө эскертүүсүнө жооп берди

«Талибан» Путиндин КМШ өлкөлөрүнө эскертүүсүнө жооп берди

“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстандын түндүгүндө “Ислам мамлекети” террордук тобунун бар экенине тынчсыздануусун билдирген маалыматына комментарий беришти. Бул тууралуу ооган ЖМКлары жазды.15-октябрда Путин КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында Ооганстандын түндүгүндө “ИМ” террордук уюмунун 2000дей согушкери топтолгонун айткан.“Алардын лидерлери Борбор Азия мамлекеттерине жана Орусиянын аймагына өздөрүнүн таасирин жайылтууну пландап жатышат. Алар этникалык жана конфессиялык чыр-чатактарды  жана диний кастыкты козутууга үмүт артышууда. Террорчулар шериктеш өлкөлөрдүн аймагына качкындардын атын жамынып кирүүгө аракет кылып жатышат”, – деп билдирген…

Прочитайте больше

Түркияда орусиялык согуштук учактарды сатып алууга уруксат берилди

Түркияда орусиялык согуштук учактарды сатып алууга уруксат берилди

Түркия АКШ F-16 учактарын сатууну тоңдура турган болсо, Орусиядан Су-35 жана Су-57 согуштук учактарын сатып алууга уруксат берди. Бул тууралуу Түркиянын коргоо өнөр жай башкармалыгынын башчысы Исмаил Демир билдиргенин чет элдик басылмалар жазды. Анын айтымында, АКШ F-35тен кийин F-16 согуштук учактарын да сатууну токтотсо, Түркия Орусиянын Су-35 жана Су-57 учактарын сатып алышы толук мүмкүн. Буга чейин, Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын директору Дмитрий Шугаев РИА “Новости” агенттигине, Анкара сатып алуу боюнча  чечим кабыл алса эле Москва түрк тарап…

Прочитайте больше

Видео: Казакстанда бир күндө 400 килограмм ок-дары жок кылынды

Видео: Казакстанда бир күндө 400 килограмм ок-дары жок кылынды

Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда бир күндө 400 килограмм ок-дары жок кылынды. Бул тууралуу казак ЖМКлары жазды. Август айында жардыруулар болгон аскер бөлүгүнүн аймагында калып калган ок-дарылар  Жамбыл облусундагы Байзак районуна бөлүп-бөлүп жеткирилүүдө. Көзөмөлдөнгөн жардыруу иштери эл жашабаган ээн тоолуу аймакта жүргүзүлүп жатат. Адистер ар бир жардырууну көзөмөлдөп, учкучсуз учуучу аппаратты колдонуу менен процесске абадан байкоо жүргүзүшүүдө.Ок-дарылардын калдыктарын жок кылуу 13-ноябрга чейин созулат. Калдыктарды жок кылууга инженердик жана сапердук бөлүмдөрдүн 20дан ашуун адис катышууда. Биринчи…

Прочитайте больше

Рафаэль Физиев өз күйөрмандарынан кечирим сурады (видео)

Рафаэль Физиев өз күйөрмандарынан кечирим сурады (видео)

Кыргызстандан кетерин жар салган UFC мушкери Рафаэль Физиев аны буга чейин колдоп келген кыргыз күйөрмандарынан кечирим сурап, өзүнүн Инстаграммдагы баракчасынан видео кайрылуу жасады. “Эмоцияга алдырып айткандарды кайра кайтарууга болбойт. Бирок, ошентсе да, маалыматтык согуш эң жогорку деңгээлде жүргүзүлдү. Акча үчүн кетип жатканымды, башка көптөгөн нерселерди жазып, Америкадан башпаанек алгым келгенин жана башка көптөгөн нерселерди жазып, мени душман кылып коюшту. Диниме жана улутума карабай, Кыргызстандын желеги астында чыкканым маанилүү болгон ак ниет адамдардын үмүтүн актай албаганым…

Прочитайте больше

Таластагы үрөй учурган жол кырсыгы 8 адамдын өмүрүн алды (фото)

Таластагы үрөй учурган жол кырсыгы 8 адамдын өмүрүн алды (фото)

Кечээ, 15 октябрда Таластын Кара-Ой айылында “Хонда-Степвагон” менен “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп, андан улам 8 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка караганда, окуя 15 октябрь күнү саат 22:54 чамасында Талас району, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 61-чакырымында (Кара-Ой айылы) болгон. “Кырсыктын кесепетинен 8 киши (7 эркек, 1 аял) каза болду”, – деп айтылат маалыматта. Учурда каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда. Жерине Талас райондук №101 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып каза…

Прочитайте больше

COVID-19: 94 учур катталып, дагы 3 адам каза болду

COVID-19: 94 учур катталып, дагы 3 адам каза болду

Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган 94 учур аныкталып, 3 бейтап көз жумду. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб маалымдады. Илдетти жуктургандардын 44ү Бишкек шаарынан, 3 адам Ош шаарынан, 31и Чүй облусунан, 10у Ысык-Көл облусунан, 5 адам Жалал-Абад облусунан жана Талас облусунан 1 учур катталган. Акыркы 24 сааттын ичинде вирустан 3 бейтап каза тапты. Маалыматка караганда, үчөө тең эмдөөдөн өтүшкөн эмес. Ал эми 77 бейтап COVID-19дан айыгып ооруканалардан чыгышты. Учурда стационарларда 503 бейтап, амбулатордук түрдө 559…

Прочитайте больше

Акылбек Жапаров: Ишке жөндөмдүү Президенттин Администрациясын түзүү мезгили келип жетти

Акылбек Жапаров: Ишке жөндөмдүү Президенттин Администрациясын түзүү мезгили келип жетти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров  Президентинин Администрациясынын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп,  жакынкы келечекке карай ишинин негизги багыттарын белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Президенттин Администрациясына негизги милдет – мамлекет башчынын чечимдеринин аткарылышын так көзөмөлдөөнү камсыздоо коюлганын, мында чоң жоопкерчилик тармактык министрликтерге жүктөлгөнүн баса белгиледи. Жапаров мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөнүн жана буга чейин Президенттин жана Өкмөттүн Администрациясында иш кандай жүргүзүлгөндүгүн билерин айтып, “Иш процессин уюштуруу принциптерин ыкчам жана натыйжалуу чечимдердин…

Прочитайте больше

«Талибан» өлүм жазасына тартылган кылмышкерлердин сөөгүн көрсөтүүгө тыюу салды

«Талибан» өлүм жазасына тартылган кылмышкерлердин сөөгүн көрсөтүүгө тыюу салды

«Талибан»  соттун чечимисиз кылмышкерлерди көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу «Талибандын» өкүлү, Ооганстандын Маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Муджахид билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Тиешелүү токтомду «Талибан» кыймылы түзгөн өлкөнүн убактылуу өкмөтү чыгарды. Мужахид бул талап өлүм жазасына тартылгандардын сөөгүн көрсөтүүгө да  тиешелүү экенин баса белгиледи. Буга чейин Жаза аткаруу комиссиясынын башчысы Нуреддин Тораби талибдер башкаруунун биринчи мезгилинде колдонулган өлүм жазасы жана колу-бутун кесүү практикасын кайрадан колдонорун билдирген. Ал ошондой эле эл аралык коомчулуктун өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүн…

Прочитайте больше

БУУ: Түндүк Кореядагы ачарчылык өлүм менен коштолушу мүмкүн

БУУ: Түндүк Кореядагы ачарчылык өлүм менен коштолушу мүмкүн

Түндүк Кореяда өлүмгө алып келүүчү массалык ачарчылык болушу мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Томас Охеа Кинтана билдиргенин чет элдик маалымат каржаттары жазышты. Ал БУУнун Коопсуздук Кеңешин Түндүк Кореяга каршы санкцияларды жумшартууга чакырды. Анын айтымында, Түндүк Кореяда эл аралык санкциялардын жана коронавируска карата киргизилген бөгөттөрдүн кесепетинен жаралган азык-түлүктүн тартыштыгы ачарчылыктын курч көйгөйүнө алып келе жатат жана аялуу жаш балдар менен улгайгандар ачарчылык коркунучунун алдында турат. Томас Охеа Кинтана БУУга кайрылып, кризистин алдын алуу үчүн…

Прочитайте больше

Путин КМШ өлкөлөрүн Ооганстандагы согушкерлерге сокку берүүгө даяр турууга чакырды

Путин КМШ өлкөлөрүн Ооганстандагы согушкерлерге сокку берүүгө даяр турууга чакырды

КМШ өлкөлөрү Ооганстандын чек арасындагы террорчуларга каршы турууга даяр болушу керек, деп билдирди Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен болгон жолугушууда. Путиндин бул иш-чарадагы сөзүнүн стенограммасы Кремлдин сайтына жарыяланды. Президент Ооганстанда учурда абал жөнөкөй эмес экенин айтып, “Америкалык аскерлер Ооганстандан биротоло чыгарылгандан кийин, бийлик талиптердин колуна өттү, алар өз тартиптерин жана эрежелерин орнотуп жатышат”, – деп билдирди. Ошол эле учурда ал Ооганстанда “ИМ” террордук уюмунун курамындагы бир катар эл аралык террордук топтордун ишмердүүлүгү…

Прочитайте больше

Видео: Филиппинде катуу тайфун болуп, каза болгондордун саны 19га жетти

Видео: Филиппинде катуу тайфун болуп, каза болгондордун саны 19га жетти

Филиппиндин Лусон аралынын түндүгүндө “Маринг” тайфуну катталып, 19 адам каза болду жана 13 киши дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Буга чейин, катуу жааган жамгырдан улам Бенгет провинциясында жер көчкү жүрүп, көп аймактар селден жабыркаганы маалымдалган. Маалыматка ылайык, учурда Филиппиндин аймагында тайфун токтоду, бирок синоптиктер жамгырдын улануу коркунучу бар экенин эскертишүүдө. Аймактардан 10 миңден ашуун адам эвакуацияланды. CNN  телеканалы “Маринг” тропикалык циклонунун кесепетинен 19 адам каза болуп, 13 адамдын дайыны билинбей жатканын билдирди.

Прочитайте больше

Рафаэль Физиев: «Мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтотом»

Рафаэль Физиев: «Мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтотом»

Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтоторун жар салды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыяланган видео кайрылуусунда билдирди. Мушкер анын мындай кадамга барышына Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун айтты. “Бүгүнкү күндө мен жана менин үй-бүлөм муфтият тараптан жана Кыргызстандагы кээ бир белгилүү адамдардын тукуруусуна туш болдук. Мен эч качан динди үгүттөгөн эмесмин. Мен миллиондогон адамдар сыяктуу эле Инстаграмдан өз жашоомду көрсөткөм. Светтик мамлекетте ар ким мыйзамдын чегинде каалаганын…

Прочитайте больше

Видео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты

Видео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты

Эйндховен Технологиялык университетинин студенттеринен турган команда толук күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты.  “Stella Vita” деп аталаган унаанын ичинде керебет, муздаткыч, ажаткана, диван жана кичинекей ашкана аянты бар. Унаа күн ачык мезгилде 730 чакырым жол жүрө алат.Унаанын чатырына күн панелдери орнотулган.Авторлордун айтымында, унаанын аккумулятору аба ырайына жараша эки-үч күндө толук кубатталат.Аба ырайы начар болгон учурларда аккумуляторду электромобилдерди кубаттоочу станциялардан  кубаттаса болот.Унаанын ичиндеги бардык тиричилик техникалары күндүн энергиясы менен иштейт.Команданын мүчөсү Тийна Тер Хорсттун айтымында, мындай…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 6