COVID-19: АКШда 1.5 миллиондон ашык адам жыт сезүүсүн биротоло жоготту

COVID-19: АКШда 1.5 миллиондон ашык адам жыт сезүүсүн биротоло жоготту

Америкада жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы COVID-19дан кийин 1,6 миллионго жакын адам аносмиядан жапа чеккенин көрсөттү. Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Пандемия башталгандан бери АКШда болжол менен 48,5 миллион адам коронавирус жуктурган. Изилдөөлөргө ылайык, илдетке чалдыккандардын 1,6 миллионго жакынында аносмия кеминде алты айга созулган. Адистер жыт сезүү алты айдын ичинде калыбына келбесе, анда адам бул сезимден биротоло айрылышы мүмкүн экенин, бир нече жыл бою жыт сезбей калгандардын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү азыраак…

Прочитайте больше

«Центерра» Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү таратты

«Центерра» Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү таратты

Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “Кумтөр” кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган. “Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, “Кумтөр” мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компаниясы болуп саналат жана биз “Кумтөр” кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди жасоону улантабыз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе…

Прочитайте больше

«Талибан» аялдар катышкан сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салды

«Талибан» аялдар катышкан сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салды

Ооганстанда бийликке келген “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү өлкөдө аялдар катышкан телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салышты. Бул тууралуу өлкөнүн Ислам багыты министрлиги билдирди. Эми бардык телекөрсөтүү ЖМКлары эфирге чыгарып жаткан программалары шарияттын мыйзамдарына жана моралдык нормаларга дал келип жатканын карап турушу керек. Көңүл ачуучу программалар динди мазактабашы керек, ал эми кадрда иштеген аялдар сөзсүз башына жоолук салынышы керек. “Аялдар катышкан телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салынат. Эркектер менен аялдар жарым жылаңач болуп тартылган тасма, клиптерди көрсөтүүгө да тыюу салынат”, –…

Прочитайте больше

Эмдөөнүн алдында жана кийин бир нече күн ичимдик ичүүгө болбойт

Эмдөөнүн алдында жана кийин бир нече күн ичимдик ичүүгө болбойт

Эмдөөнүн алдында жана эмдөөдөн кийин  3-5 күндүн ичинде тамеки чегүүнү, спирт ичимдиктерин ичүүнү токтотуп туруу керек. Бул тууралуу “Хеликс” лабораториялык кызматынын медициналык директору Дмитрий Денисов айтканын орусиялык маалымат каражаттары жазышты. Анын айтымында, алкоголдук ичимдиктин иммундук системага басуучу таасири бар жана интоксикация, аллергиялык реакциялардан улам башка терс таасирлерди жаратышы мүмкүн. “Натыйжада, бул эмдөөдөн кийинки абалдын начарлашына жана иммундук жооптун калыптанышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, – дейт эксперт. Ал эмдөөдөн өтөрдөн мурда антителолорду өндүрүү үчүн зарыл болгон белокко бай…

Прочитайте больше

Жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн – изилдөө

Жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн – изилдөө

Америкада Түндүк-Батыш университетинин окумуштуулары жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин божомолдошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Адистердин айтымында, жумуртканын сарысында холестерин көп болгондуктан, адам жумасына үч гана жумуртка жесе кээ бир олуттуу оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн. Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, анын жүрүшүндө Америкадагы 29 миңден ашык адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды изилдешкен. Катышуучулардын орточо жашы 51,6 жашты түзгөн, алардын абалы 17,5 жыл бою көзөмөлгө алынган. Адистер изилдөөнүн катышуучуларынын тамактануу адаттарын…

Прочитайте больше

Орусияда мигранттар баңгизатка көз каранды эмес экенин ырастаган маалымкаттарды берүүгө милдеттендирилет

Орусияда мигранттар баңгизатка көз каранды эмес экенин ырастаган маалымкаттарды берүүгө милдеттендирилет

Орусияга 90 күндөн ашык мөөнөткө барган эмгек мигранттары менен чет өлкөлүк жарандар 29-декабрдан тартып баңгизатка көз каранды эмес экенин жана ВИЧ-инфекциясы жоктугун ырастаган медициналык маалымкаттарды көрсөтүүгө милдеттүү болушат. Тиешелүү буйруктун долбоорун Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) даярдаган. Ал быйыл 29-декабрда күчүнө кирет. Буйрукка ылайык, медициналык документтер буга чейинки маалымкаттардын мөөнөтү аяктагандан кийинки 30 күндүн ичинде берилиши керек. Документтерди ИИМдин миграциялык бөлүмдөрүнө, ошондой эле ишкана же ыйгарым укуктуу уюмдарга кагаз түрүндө же электрондук түрдө берсе болот….

Прочитайте больше

Жапаров Мишустинге Кыргызстан “жакыр” өлкө синдромунан баш тартып жатканын айтты

Жапаров Мишустинге Кыргызстан “жакыр” өлкө синдромунан баш тартып жатканын айтты

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактагы, анын ичинде салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. “Биз “жакыр” өлкө синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулабыз. Биз үчүн Орусиянын салык жана бажы…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаров: «Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат»

Президент С. Жапаров: «Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат»

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров Баткен облусуна тийиштүү актуалдуу маселелер боюнча Баткен облустук медиа борборунун суроолоруна жооп берди. – Садыр Нургожоевич, саламатсызбы. – Президент С.Жапаров: Саламатчылык. – Уруксаат берсеңиз, Садыр Нургожоевич, алгачкы эле суроом Сиздин акыркы чет өлкөлүк сапарыңзыдын бирине байланыштуу. Тактап айтканда, Түркияга болгон сапарыңызда ал жактын бараандуу ишкерлерин Баткен облусуна келип, ишканаларды ачкыла деп чакырдыңыз. Эмне үчүн Баткенге? – Президент С.Жапаров: Биринчиден, Баткен облусу 30 жылдан бери унутта калган облус болчу. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, башка…

Прочитайте больше

Өзбекстанда 26 миңден ашуун адам вакцинадан баш тартканы үчүн жумуштан четтетилди

Өзбекстанда 26 миңден ашуун адам вакцинадан баш тартканы үчүн жумуштан четтетилди

Республикада мыйзамдарды аткаруудан баш тарткандарга катуу чаралар көрүлүүдө. Өзбекстанда коронавируска каршы милдеттүү эмдөөдөн баш тарткан жарандарга айып пул салынып, жумуштан четтетиле баштады. Бул туурасында Республиканын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын (СЭС) Telegram-каналындагы билдирүүдө айтылат. “Эмдөө талаптарын сактабаганы үчүн 26 миңден ашык адам жумушунан четтетилип, 2 миңден ашуун иш берүүчүгө айып салынып, 175 мекеме убактылуу жабылды”, — деп белгиледи уюм. Жалпысынан 50 миң адам милдеттүү эмдөө талабын аткарган эмес. Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана коомдук саламаттыкты…

Прочитайте больше

Гүлендин уулангандыгы тууралуу маалымат жалган экени айтылды (видео)

Гүлендин уулангандыгы тууралуу маалымат жалган экени айтылды (видео)

Оппозициячыл дин аалымы Фетхуллах Гүлендин уулангандыгы тууралуу маалымат жалган экенин ал жашаган Пенсильвания штатындагы эс алуу борборунун жетекчилиги РИА Новостиге билдирди. Түрк маалымат каражаттары жазгандай, Пенсильвания штатында жашаган Гүлен бул борбордо ууланган. “Бул жалган маалымат. Мен аны беш күн мурун көргөм, бүгүн дагы көрөм”, – деди “Алтын муун” сыйынуу жана обочо борборунун төрага орун басары Сезай Саблак. Буга чейин Гүлен ууланып, каза болгондугу тууралуу маалымат чыккан. Бирок, бир дагы ири басылма бул маалыматты тастыктай элек….

Прочитайте больше

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатуу боюнча чечим кабыл ала элек

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатуу боюнча чечим кабыл ала элек

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоо боюнча чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу Sputnik Тажикстанга “Барки Точик” энергетикалык холдингинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нозиржон Йодгори билдирди. «Эч кандай келишимге кол коюлган эмес, анткени Тажикстан азыр кышкысын электр энергиясын сата албайт, анын ордуна ички керектөөнү камсыздайт»,-деди ал. Аталган сайт жазгандай, 1-октябрдан тарта энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан Тажикстандан суткасына 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып ала баштаганын билдирген. Бирок Тажикстандын Энергетика министрлиги Бекмурзаевдин сөзүн четке каккан. “2-октябрда Кыргызстандын…

Прочитайте больше

Быйыл 6000дей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашык адам каза тапкан

Быйыл 6000дей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашык адам каза тапкан

Кыргызстанда жыл башынан бери 6 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов “Маралдын” эфиринде билдирди. Аны айтымында, жол кырсыктары боюнча көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга көп. Бул жылы жол кырсыктарынан 600дөн ашык адам каза тапкан жана 9000ден ашык адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Оторов миңден ашуун жол кырсыгында жаш балдар да болгонун айтып, “Дээрлик көп учурда өспүрүмдөр жүргүнчү катары келе жатып, жол кырсыктарына учурап жатат”,…

Прочитайте больше

Казакстанда катуу шамалдын кесепетинен 49 адам жабыркады (видео)

Казакстанда катуу шамалдын кесепетинен 49 адам жабыркады (видео)

Казакстандын Жамбыл облусунда катуу шамал жана бороон-чапкындан улам 49 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттигине облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришти. Министрликтин маалыматына караганда, Тараз шаардык ооруканасына 41 бейтап кайрылган. Алардын төртөө ооруканага жаткырылып, калгандары дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Облустук балдар ооруканасына төрт бала кайрылып, алардын үчөө дарыланууга калтырылып, бирөө амбулатордук дарыланууга үйүнө жөнөтүлгөн. Байзаков райондук ооруканага төрт адам медициналык жардам сурап кайрылып, бирөө ооруканага жаткырылып, үчөө  үйүнө жөнөтүлгөн. “Жардам сурап кайрылган…

Прочитайте больше

Орусия Ооганстандан жүздөгөн адамдарды, анын ичинде кыргызстандыктарды эвакуациялайт

Орусия Ооганстандан жүздөгөн адамдарды, анын ичинде кыргызстандыктарды эвакуациялайт

Орусиянын Коргоо министрлиги Ооганстандын борбору Кабулга үч Ил-76 үлгүсүндөгү аскердик транспорттук учагын жөнөттү. РИА Новостиге келип түшкөн аскердик ведомствонун билдирүүсүндө айтылгандай, бул авиациялык топ Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен түзүлгөн. Учактардын ар бири Ооганстандын жергиликтүү калк үчүн 36 тонна гуманитардык жардам алып барат. Учактар кайра кайтканда Орусия, Беларус, Кыргызстан, Армения, Украина жана Ооганстандын 380ден ашык жаранын алып келүүсү пландалууда. Бул адамдарга жардам берүү үчүн Кабулга керектүү медициналык жабдуулар жана дары-дармектер менен аскердик дарыгерлер жөнөтүлгөн….

Прочитайте больше

Көпчүлүгү жаш балдар. Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандар үч эсе көбөйдү

Көпчүлүгү жаш балдар. Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандар үч эсе көбөйдү

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруканага кайрылгандар үч эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазды. Министрликтин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында курч респиратордук инфекциялар менен катталгандардын саны өскөн. Август айында 11,9 миң учур болсо, октябрь айында 31,3 миң учурга көбөйгөн. Бул 100 миң калктын ичинен 476сы ооруду дегенди билдирет. Өткөн октябрь айында, курч респиратордук инфекциялары менен катталган оорулардын учурларынын эң көбү Бишкек шаарына (ооругандардын жалпы…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 7