Бишкекте бийиктиги 65 метр болгон мунара курулушу мүмкүн

Бишкекте бийиктиги 65 метр болгон мунара курулушу мүмкүн

Мунара ак түстө болуп, айрым бөлүктөрү алтын жана күмүш менен капталат. Борбор калаанын түштүк тарабында бийиктиги 65 метр болгон «Бишкек Тауэр» мунарасы пайда болушу мүмкүн. Долбоордун эскизин «Бишкекбашкыархитектура» муниципиалдык ишканасы жарыялады. Архитекторлордун ою боюнча, имарат жөнөкөй геометриялык фигуралардан жана сызыктардан турат. Анда кафе жана башка объекттер болот. Мунаранын бийиктиги 65 метрди түзөт. «Бишкек Тауэр» ак түстө болуп, айрым бөлүктөрү алтын жана күмүш менен капталат.

Прочитайте больше

АКШ Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга аскердик объектилерди курууну пландаштырууда

АКШ Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга аскердик объектилерди курууну пландаштырууда

АКШ Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга, анын ичинде Түркмөнстанга аскердик объектилерди курат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттар жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, АКШнын Коргоо министрлиги Жакынкы Чыгышка жана Борбор Азияга, анын ичинде Түркмөнстанга аскердик объектилерди курууга 240 миллион доллар бөлүүнү пландаштырууда. Орусиянын ММКнын маалыматына караганда, учурда АКШнын армиясынын инженерлер тобу потенциалдуу подрядчиктерди издеп жатат.Түркмөн өкмөтү АКШнын өлкөдө аскерий объектисин куруу пландары боюнча расмий түрдө комментарий бере элек. Акыркы апталарда АКШ аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Борбор…

Прочитайте больше

Аятолла Хаменеи Палестинанын лидерлеринин катына эмне деп жооп берди?

Аятолла Хаменеи Палестинанын лидерлеринин катына эмне деп жооп берди?

Ислам Ынкылабынын Руханий жол башчысы Палестинанын коргонуучу тобунун лидерлерине жооп берди. Белгилей кетсек, Палестинанын Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Хание жана Палестинанын Исламдык Жихад кыймылынын башкы катчысы Зиад Нахалах Иран Ислам республикасынын Руханий Лидерине мындай деп кат жазышкан: “Палестиналык баскынчыларга каршы күрөш “зулумдукка, ыймансыздыкка жана текебердикке” каршы туруу. Биздин жүрөгүбүз сиз менен; Сиз буюруса акыркы жеңишти көрө аласыз. Силердин күрөшүү сахнаңарда биздин да жүрөгүбүз бар жана силер жеңиштериңерди улантуу үчүн биз ар дайым дуба-тилек кылабыз.”…

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: «Биз палестиналыктардын жеңиши үчүн ар дайым дуба кылуубуз керек»

Турсунбай Бакир уулу: «Биз палестиналыктардын жеңиши үчүн ар дайым дуба кылуубуз керек»

КРнын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, экс-акыйкатчы жана белгилүү саясый ишмер Турсунбай Бакир уулу менен учурдагы Палестина маселеси боюнча кабарчыбыз маектешти. 10-майдан тарта Израилдин армиясы Газага чабуул баштады.Учурда 200дөн ашуун палестиналыктар курман болушту, жарымынан көбү балдар менен аялдар. Эл аралык коомчулук бул абалда эки тараптуу колдоо көрсөтүшүүдө; бир тарап кордолгон Палестина элин колдосо, экинчи тарап Израилдин укуктарын коргоодо. –  Турсунбай ажы, Сиздин оюңузча учурдагы абалдын натыйжасында 3-дүйнөлүк согуш, тагыраак айтканда мусулмандар менен сионисттер ортосундагы диний согуш…

Прочитайте больше

Кытай палестиналыктарга гуманитардык жардам жана вакцина жөнөтөт

Кытай палестиналыктарга гуманитардык жардам жана вакцина жөнөтөт

Кытай Палестинага 2 миллион долларлык гуманитардык жардам жана коронавируска каршы 200 000 доза вакцина жөнөтөт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Чжао Лицзянь билдиргенин чет элдик маалымат каржаттары маалымдашты.Анын айтымына караганда, Кытай Палестинага шашылыш гуманитардык жардам түрүндө 1 миллион доллар накталай акча жөнөтүүнү пландап жатат. Андан кийин, палестиналык качкындарга таркатылып берилиш үчүн дагы 1 миллион доллар жана 200 000 доза коронавирустун вакцинасы жөнөтүлүп, өлкөнүн Качкындарга жардам берүү жана жумушка орноштуруу агенттигине (UNRWA) тапшырылат. Буга…

Прочитайте больше

Кытайда чөкпөй турган «Титаник» кемесинин көчүрмөсү курулууда (фото)

Кытайда чөкпөй турган «Титаник» кемесинин көчүрмөсү курулууда (фото)

Кытайдын Сычуань провинциясында чөкпөй турган “Титаник” кемесинин көчүрмөсү курулууда. Кеме “Чөкпөй турган Титаник” деп аталган.  Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. Кеме легендарлуу Титаник кемесинин так өзүндөй болуп курулууда. Анын узундугу 269,06 метр, туурасы 28,19 метрге жетет, ал эми ички жасалгасы чөгүп кеткен “Титаник” кемесинин жасалгасындай жасалат. Кемеде аянтчалар, бассейн жана банкет залдары болот. Кытайлыктар ошондой эле кемеде сахнасы бар театр да болорун убада кылышууда. Чыныгы Титаниктен айырмаланып, бул кеме Цицзян дарыясындагы суу сактагычта…

Прочитайте больше

Муфтийди эл шайлайбы?

Муфтийди эл шайлайбы?

Кыргызстанда 29-майда өтө турган муфтийди шайлоо даярдыгы жаңжал менен башталды. КМДБнын тегерегинде шайлоо ыкмасына каршы болгон ондогон адамдар боз үй тигишип, өз талаптарын коюшууда. Алардын айтымында, буга чейин Кыргызстандын муфтийи коррупция менен шайланып келген жана ким муфтий болоорун саналуу гана органдар чечишкен. Эми мындан ары талапкерлерди эл шайлоосу талап коюлду. Белгилей кетсек, учурда муфтийликке 6 талапкер коюлган.Алар: Султанали Гапуров, Убайдулла Сарыбаев, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Нурбек Токтогулов жана Шүкүр Исмаиловдор.

Прочитайте больше

Сионисттик режимге каршы 12 күндүк каршылык көрсөтүү согуштун жеңишине карата Палестина элине билдирүү

Сионисттик режимге каршы 12 күндүк каршылык көрсөтүү согуштун жеңишине карата Палестина элине билдирүү

Билдирүүдө Аятолла Хаменеи Палестинанын сионисттик режим менен болгон 12 күндүк согуштагы жеңиши менен куттуктады. Революция лидеринин кайрылуусунун тексти төмөнкүдөй: Кудайдын ысымы менен!  Эзилген жана кайраттуу Палестинага тынчтык болсун; Палестинанын эр жүрөк жана жалындуу жаштарына, баатыр жана туруктуу Газага салам, ХАМАС жана жихадга жана Палестинадагы бардык жихаддык жана саясий топторго салам жолдойм.  Палестина коргонуучуларына көрсөткөн жеңиши жана сыймыгы үчүн Кудуреттүү Кудайга ыраазычылык билдирем. Шейит бергендердин жараланган жүрөктөрүнө тынчтык жана бейпилдик, шейиттер үчүн кайрымдуулук жана жакшы кабар…

Прочитайте больше

Ош: балдар арасында кылмыштуулук көбөйдү

Ош: балдар арасында кылмыштуулук көбөйдү

Өткөн жылы Ош шаарында мектеп окуучулары арасында 13 кылмыш иши катталса, быйыл жыл башынан бери, тактап айтканда, 5 айга жетпеген аралыкта 46 учурга жетти. Анын 29у сотко өткөрүлгөн. Жаш өспүрүмдөр ортосундагы кылмыштуулуктун санын кыскартуу жана профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында шаардык милиция “Ачык эшиктер күнүн” өткөрдү. Ош шаардык ИИБ уюштурган “Ачык эшиктер күнүнө” чакырылган калаадагы он мектептин 300гө жакын окуучулары милициянын иши менен таанышты. Аларга тергөө кызматкерлеринин кызмат учуру да көргөзүлдү. Балдар бул нерседен таасирленгенин айтышты….

Прочитайте больше

Израиль менен ХАМАС ок атууну токтотууга макулдашышты

Израиль менен ХАМАС ок атууну токтотууга макулдашышты

Израилдин Министрлер кабинети Газа тилкесинде ок атууну токтотууну колдоду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттар маалымдашты. Бейшемби күнү бир катар араб ЖМКлары Израиль өкмөтү өлкөнүн Коопсуздук иштери боюнча министрлер кабинети Египеттин эки тараптын ок атышпоо демилгесин кабыл алгандыгын билдиргенин жарыялашты. Палестинанын ХАМАС кыймылы эгерде Израиль ок атууну токтотуунун шарттарын аткарса, анда алар дагы 21-майдан тартып Израилди аткылоону токтотууга даяр экенин билдирди. Ливан басылмалары ХАМАСтагы булактарына таянып, макулдашуу АКШнын президенти Жо Байден менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөндөн кийин…

Прочитайте больше

Дамаск демократиянын туура багытында баратат

Дамаск демократиянын туура багытында баратат

Иран Ислам Консультативдик Ассамблеясынын Төрагасынын эл аралык иштер боюнча атайын жардамчысы: “Сирияда президенттик шайлоонун өз убагында өткөрүлүшү Дамаск демократиянын туура жолунда бараткандыгын көрсөтөт”,- деп жазган. Белгилей кетсек, Сирияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 20-майда башка өлкөлөрдөгү элчиликтеринде, консулдуктарында жана дипломатиялык миссияларында башталган. Шайлоолор  Австралия, Япония, Кытай, Малайзия, Индонезия, Пакистан, Индия, Оман, Иран, Армения, Кипр, Ирак, Иордания, Орусия, Беларусия, БАЭ жана Ливан сыяктуу өлкөлөрдө өттү. Эске салсак, чет өлкөлөрдө жашаган сириялык жарандарга добуш берүү Германиянын жана Стамбулдагы…

Прочитайте больше

Түркия менен Кыргызстан 1 млрд. доллардык соода жүгүртүшөт

Түркия менен Кыргызстан 1 млрд. доллардык соода жүгүртүшөт

Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев кыргыз-түрк достук мамилелери өнүктүрүлө тургандыгын белгиледи. “Кыргызстан менен Түркия өз ара соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда”,- деп билдирди Кубанычбек Өмүралиев Анадолу агенттигине. Элчи өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 507 млн. долларды түзгөнүн эске салып: “Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгы стратегиялык макамга ээ”,- деди. Анын айтымында, Кыргызстан Түркия менен айыл чарба, текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка өз ара пайдалуу тармактарда биргелешкен өнөр жай ишканаларын ачууга кызыкдар. Кубанычбек Өмүралиев мындай…

Прочитайте больше

Иран эли президенттикке кандай адамды шайлашат?

Иран эли президенттикке кандай адамды шайлашат?

Иранда 13-президенттик шайлоо жакындаган сайын, коомчулук кандай адам шайланат деп чыдамсыздык менен күтүүдө. Белгилей кетсек, бул ирет өз талапкерлигин экс-президент Махмуд Ахмадинежад, 12-президенттик шайлоодогу Хасан Руханинин күчтүү атаандашы Аятолла Реиси, реформатор Масуд Пезешкян, жана мунай экс-министри Рустам Касеми аттуу белгилүү саясатчылар коюшкан. Эске салсак, 27-майда талапкерлерди каттоо аягына чыгып, 18-июнда президенттик шайлоолор өткөрүлөт.Талапкерлерди кыскача тааныштыра кетсек, коомчулукка мурдагы президент катары белгилүү болгон Махмуд Ахмадинежад 1956-жылы туулган. Ал 2005-2013-жылдар аралыгында эки ирет төрт жыл катары менен Президент болуп иштеген. Ахмадинежад Ардебилдин…

Прочитайте больше

Христиан аялдын мусулман аялдарга жазган каты

Христиан аялдын мусулман аялдарга жазган каты

Силер бизге караганда бактылуу көрүнөсүңөр. Анткени, силер аял турмушун, аял бакытын табигый түрдө жашап жатасыңар. Аалам жаратылгандан бери аялдар жашап келген өмүр салтын батыш аялдары дагы 1960-жылдарга чейин карманып келишкен. Ошол жылдардан кийин биз (америкалык аялдар) Голливуд кинолорунун чабуулуна, тукурууларына кабылдык. Мен силердин дагы башыңарга ошондой күндөрдүн келүүсүн каалабаймын. Анткени, анын натыйжасында биз сыяктуу кордуктарга дуушар болосуңар. Эгер биз сыяктуу ушундай тукуруулардын натыйжасында көп нерсесин жоготуп алгандардын кайгысын уксаңар балким силер бул балээден аман каласыңар….

Прочитайте больше

Түн келбей турчу күн

Түн келбей турчу күн

Даанышман заттар айтышат: Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн эне-атасы андан ыраазы болмоюнча бир адам Аллаху тааланын сүйүктүү кулу боло албайт. Жакшылыкка жетүүсүнүн себеби – эне-атасынын дубасы. Дин улуктары: “Энесинин көңүлүн ооруткан адамга кылына турчу дуба кабыл болбойт. Эне-атанын дубасын албаган адам бизден дуба сурабасын”, – деп айтышкан. Өзүнө динин, ыйманын үйрөткөн, Ахли сүннөт ишеними менен өстүргөн эне-атасын таарынткан, ыраазылыгын, дубаларын ала албаган адам өлгөнгө чейин башын саждадан көтөрбөсө да Тозоктон кутулуусу өтө кыйын. Олуя заттан бири шакирттери менен…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 8