Медициналык изилдөөдө тастыкталган жана Куранда айтылган өтө пайдалуу жашылча-жемиштер

Медициналык изилдөөдө тастыкталган жана Куранда айтылган өтө пайдалуу жашылча-жемиштер

Медициналык изилдөөлөр Куранда айтылган бардык жашылчалардын адамдын ден соолугуна өтө пайдалу экенин көрсөттү. Бул жашылчаларды колдонуу көптөгөн оорулардын алдын алууга жана дарылоого өбөлгө түзөт. Окурмандардын назарына Куранда айтылган 5 жашылчаны сунуштайбыз: 1. Ашкабак2. Имбирь3. Бадыраң4. Сарымсак5. Пияз Ашкабак. Бул жашылчанын пайдалуу касиеттери ушунчалык көп жана аны адамдын ден соолугун чындоо үчүн дээрлик бардык тармакта колдонсо болот. Ашкабак ар кандай микроэлементтерден жана витаминдерден турат. Дарылык касиети боюнча башка көптөгөн жашылчалардан ашып түшөт. Курамында кант, каротин, С,…

Прочитайте больше

Японияда гипертонияга каршы помидор өстүрүлдү

Японияда гипертонияга каршы помидор өстүрүлдү

Японияда алгачкы жолу кан басымынын жогорулашынын алдын ала турган помидордун сортун өстүрө башташты. Ал үчүн окумуштуулар геномду өзгөртүү технологиясын колдонушкан. Бул тууралуу япон ЖМКлары жазды. Мындай помидорлорду Токиодогу “Sanatech Seed” компаниясы иштеп чыгып, өстүрүүдө. Окумуштуулар кан басымынын жогорулашына жол бербөө үчүн помидордогу гамма-аминомай  кислотасынын өлчөмүн 4-5 эсеге көбөйтүшкөн. Генетикалык-модификацияланган помидорлор күнөсканаларда өстүрүлүп, интернет аркылуу сатылууда. Мындай помидорлор Японияда дарычылык максатта гени өзгөртүлгөн биринчи продукт болуп калды. Учурда помидорлордун биринчи партиясы сатыкка чыгарылды. Анын 1 килограммы…

Прочитайте больше

Президент кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Президент кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.  Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: «Урматтуу мекендештер! Ардактуу кыргызстандыктар!  Сиздерди 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Эгемен Кыргыз Республикасынын башкы байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Ааламда теңдеши жок, океандай чалкыган „Манас“ дастанын жараткан тил. Кезинде улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: „Кыргыз тили мен үчүн Мекен, эне, киндик кан тамган жер сыяктуу эле ыйыктын ыйыгы. Мен бу турмушта кайсы бир бийиктикке чыга…

Прочитайте больше

Дүйнө элинин эпосторунун фестивалынын ачылышынан сүрөттөр

Дүйнө элинин эпосторунун фестивалынын ачылышынан сүрөттөр

Бүгүн  Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдында Дүйнө элдеринин эпосторунун VI Эл аралык фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Анын алкагында  “Кыргыз көчү” этношаарчасы ачылып, “Түндүк көтөрүү” салты көрсөтүлүп, улуттук “Көчмөндөр оюндары” ойнотулат. Фестивалда дүйнө элдеринин улуттук ашканалары көргөзмөгө коюлду. Фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Орусия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкортостан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Белоруссия, Лативия, Эстония, АКШ, Иран жана Франциянынын белгилүү окумуштуулары, эпос таануучулары жана өнөр адамдары келишкен. Маданий иш-чара Кыргызстандын…

Прочитайте больше

Түркия Имам Сарахси жөнүндө кино тартып баштады. “Имамдардын күнү” атка конгон улуу аалым тууралуу 9 факт

Түркия Имам Сарахси жөнүндө кино тартып баштады. “Имамдардын күнү” атка конгон улуу аалым тууралуу 9 факт

Түркия атактуу Ислам аалымы Имам Сарахси тууралуу кино тартып баштады. Бул тууралуу жазуучу, премьер-министрдин кеңешчиси Султан Раев Фейсбук баракчасына жарыялады. “Түрк киночулары атактуу аалым, Ислам дүйнөсүндөгү эң көрүнүктүү диний ишмер Имам Сарахси Өзгөни жөнүндө кино тартып жатат. Окуя байыркы Өзгөн шаарында өтөт. Бул Өзгөндө өтүүчү “Өзгөн – Мунара” этнофестивалынын алдындагы зор жаңылык. Фильмдин өзөгүн Караханиддер доору, караханийлердин борбору – Өзгөн түзөт. Буюруса, байыркы Өзгөн Түрк дүйнөсүнө, ааламга дүңк этет го! Байыркы Өзгөн шаарын картадан издеп,…

Прочитайте больше

Израиль Батыш Шериадагы 48 миң акр жерди басып алды

Израиль Батыш Шериадагы 48 миң акр жерди басып алды

Израилдин администрациясынын блокадага алынган Батыш Шериада 48 миң акр Палестина жерин «табигый корук аймагы» деген дооматы менен басып алганы кабарланды. Израилдин администрациясынын блокадага алынган Батыш Шериада 48 миң акр Палестина жерин «табигый корук аймагы» деген дооматы менен басып алганы кабарланды. Палестинанын расмий агенттиги WAFAдагы кабарда, конфискацияланган жердин Бейтуллахим шаарынын түштүгүндөгү Кисар кыштагынын жанында экени айтылган. WAFAга маалымат берген Палестинаны боштондукка чыгаруучу уюмга караштуу бөлүү дубалы менен күрөшүү делегациясынын өкүлү Хасан Бурейже, бул жердин «табигый корук аймагы» деген шылтоо менен…

Прочитайте больше

Эксперт: «Талибан» менен тажик президентинин мамилеси чыңалууда

Эксперт: «Талибан» менен тажик президентинин мамилеси чыңалууда

“Талибан” менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ортосундагы мамиле мындан ары да начарлай берсе, жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин эксперт Азамат Темиркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Саясат талдоочу Тажикстандын эгемендүүлүк алганынын 30 жылдыгына карата Рахмон легендарлуу Ахмад Шах Масудду өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыгы “1-даражадагы Исмоили Сомони” ордени менен сыйлаганы мындан 20 жыл мурун эле терс жакка бурулган Тажикстандын президенти менен “Талибан” кыймылынын ортосундагы начар мамилени ого бетер күчөттү деп эсептейт. “Рахмондун Ахмад Шах Масудга өлгөндөн кийин кадыр-барктуу сыйлык бергени…

Прочитайте больше

ШКУ өлкөлөрү Ирандын уюмга мүчө болуп киришинен кандай пайда көрөт?

ШКУ өлкөлөрү Ирандын уюмга мүчө болуп киришинен кандай пайда көрөт?

Өткөн аптада Душанбе шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын 20 жылдык юбилейлик саммити өтүп, анын жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды. Мүчө мамлекеттер маанилүү чечимди жактырышты: ШКУ Жакынкы Чыгышка жайылууда. Эми дагы бир аймактык держава – Иран уюмдун тогузунчу толук укуктуу мүчөсү болот. Иран Ислам Республикасы менен ШКУнун мүчөлөрү өз ара кызматташуудан кандай пайда ала алары жана бул кадамдын аймактык коопсуздук менен кандай байланышы бар экени жөнүндө Орусиянын Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл…

Прочитайте больше

Жер планетасын магниттик бороон каптап келатат

Жер планетасын магниттик бороон каптап келатат

Күн динамикасынын обсерваториясы (SDO) 20-сентябрда Күндүн түштүк жарым шарында Жерди караган короналдык тешикти сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Ал жерде бошоп калган плазма күн шамалынын бир бөлүгү болуп, Жерди көздөй келатканы байкалган. SpaceWeatherLive жарыялаган маалыматка караганда, эртең, 23-сентябрда шамал биздин планетага жетип, магниттик бороон-чапкындарды жаратышы мүмкүн. Адистер магниттик (геомагниттик) бороон деп магнит талаасы менен Күн шамалынын өз ара аракеттенүүсүнөн келип чыккан Жер планетасынын геомагниттик талаасынын бузулушун аташат.Мындай бороон бир нече…

Прочитайте больше

А. Жапаров: «Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу»

А. Жапаров: «Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу»

Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими жөнүндө учкай сөз. Өткөн жумада баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциясы же алтын, күмүш жана башка баалуу металдардын сатылышын көзөмөлдөгөн уюм Кыргызстандын алтынын сатып алууга чектөө киргизген болчу. Бул чечим өлкөбүздүн алтын өндүргөн ишканаларынын продукциясын сатып өткөрүүсүнө кандай таасир тийгизет? Бул тууралуу Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров социалдык тармактарга өз оюн төмөндөгүдөй билдирген: “Баары болжолдонгон сценарий боюнча болот, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу. Жокко чыгаруу убактылуу…

Прочитайте больше

Дүйнөдө балдар анча белгилүү эмес RSV вирусун массалык түрдө жуктуруп жатат

Дүйнөдө балдар анча белгилүү эмес RSV вирусун массалык түрдө жуктуруп жатат

АКШ, Улуу Британия, Швейцария жана Япониянын дарыгерлери дүйнө жүзү боюнча балдар анча белгилүү эмес респиратордук-синцитиалдык вирусту (RSV) массалык түрдө жуктуруп жатканын билдиришти. Нью-Йорктогу ооруканалардын бириндеги балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Рабия Ага ымыркайлар менен балдардын жаңы вирус жуктуруп алуу учурлары апрель айында катталганын, андан улам реанимация бөлүмдөрү толуп калганын билдирди.Окумуштуулардын айтымында, коронавирус пандемиясы RSV вирусунун таралышына таасир этип, карантиндик чаралардан улам балдарда вируска каршы иммунитет пайда болгон эмес. Оору коронавирустук чаралар женилдетилгенден кийин күчөгөн. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө…

Прочитайте больше

ДСУнун башчысы Ооганстанга барды: «Талибан» эмне талап коёт?

ДСУнун башчысы Ооганстанга барды: «Талибан» эмне талап коёт?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Ооганстанга барды. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo News телеканалы билдиргенин Спутник Тажикстан сайты жарыялады. Маалыматта айтылгандай, Гебрейесус Кабулда республиканын учурдагы бийлиги, радикалдуу “Талибандын” тарапкерлери менен жолугушмакчы. Ал согушкерлер менен Ооганстандагы саламаттыкты сактоо тармагындагы учурдагы абалды, Дүйнөлүк банктан өлкөгө жардамдын азайышын жана аны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоону көздөп жатат. Азыр өлкөдө бир нече миң клиника жабык, ошондуктан көптөгөн тургундар керектүү медициналык жардам ала албай жатышат. Буга чейин Пакистан Ооганстанда саламаттык…

Прочитайте больше

Японияда кары адамдардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Японияда кары адамдардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Бүгүн, 20-сентябрда Японияда карылар күнү белгиленип жатат. Өлкөдө 65 жаштан ашкан адамдардын саны алгачкы жолу 36,4 миллионго жетти. Бул көрөткч калктын 29,1 пайызын түзөрүн жана муну менен Япония кары-картаңдар көп жашаган өлкөлөр арасында дүйнөдө биринчи орунда турарын чет элдик басылмалар жазды. Аталган өлкөдө бир жыл ичинде улгайган адамдардын саны 220 миңге өскөн. Өлкөдө жалпы эркектердин 26 пайызын, ал эми аялдардын 32 пайызын жашы өткөндөр түзөт. Маалыматка ылайык, иш менен алек болгон пенсионерлердин да саны өсүп,…

Прочитайте больше

ШКУнун лидерлери Ирандын уюмга мүчө катары кирүүсүн жактырышты

ШКУнун лидерлери Ирандын уюмга мүчө катары кирүүсүн жактырышты

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Иранды уюмга кабыл алуу чечимин кабыл алышты. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Иранды кабыл алуу жол-жоболорунун башталышы жөнүндө документтерге кол коюшту. Ирандын тышкы иштер министри Хуссейн Амир Абдуллахиян ШКУга мүчө болуу Иран үчүн чоң стратегиялык мааниге ээ экенин билдирди. ШКУнун лидерлери уюмдун 20 жылдыгына карата Душанбе декларациясын кабыл алышты, ошондой эле кызматташуу боюнча дагы 30 документке кол коюшту. Мындан тышкары, Египет, Катар жана Сауд Аравиясына диалог боюнча макам берилет.  …

Прочитайте больше

Токаев Ооганстанга жардам берүү үчүн Алматыда ШКУнун хабын түзүүнү сунуш кылды

Токаев Ооганстанга жардам берүү үчүн Алматыда ШКУнун хабын түзүүнү сунуш кылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөсү ооган элине жардам көрөтүүгө даяр экенин билдирүү менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун башчыларынын Кеңешинин отурумунда Ооганстанга эл аралык жардам көрсөтүү үчүн Алматыда  ШКУнун хабын түзүүнү сунуш кылды. Казакстандын президенти “Талибан” бийликке келгенден кийин, Ооганстандагы кырдаал олуттуу туруксуздашууга кетип, жарандык согуш чыгуу коркунучу жогорулап жатканына токтолуп, Казакстандагы инфраструктураны эске алганда, эл аралык хаб согуштун курмандыктары үчүн бир катар гуманитардык-экономикалык маселелерди чече алат деп эсептейт. Ошондой эле, ал Казакстан келечектеги Ооганстанды өзү жана коңшулары менен…

Прочитайте больше
1 2 3 4 6